Сиз эгер Бишкектин тургуну болсоңуз (же болбосо шаарга көп каттасаңыз), сөзсүз түрдө бул эстеликти билсеңиз керек.

Балким, сиз да Бишкек шаарынын көпчүлүк тургундары сыяктуу аны Кыргызстандын аймагында Октябрь революциясынан кийин коммунисттердин бийлигин орнотууга катышкан, 18 жашында сельсоветтин төрайымы болуп дайындалган Уркуя Салиеванын эстелиги деп айтышыңыз мүмкүн.

Уркуя Салиеваны 1934-жылы совет бийлигинин душмандары 24 жашында өлтүрүп коюшкан. Ошол күндөн баштап Уркуя Салиева мамлекеттик пропаганданын маанилүү каарманы болуп калган.

Чындыгында Бишкектин борборунда жайгашкан эстелик ага арналган эмес.

Бул аялдын эстелиги жанындагы айкелдер менен чогуу, 1917-жылы Октябрь революциясынын күрөшүүчүлөрүнө арналган мемориалдык комплекс болуп саналат.

Бул айкел 1978-жылы орнотулгандан тарта, Фрунзенин тургундары, кийинчерээк Бишкектин жашоочулары аны Уркуя Салиева менен айкалыштыра башташкан.

«СИ Лабораториясы» кыймылынын изилдөөчүлөрү бул көрүнүштү 70-жылдары Уркуя Салиеванын жашоо-турмушуна болгон коомчулуктун жогорку деңгээлдеги кызыгуусу менен байланыштырышат.

1972-жылы кыргыз режиссёру Төлөмүш Океевдин Уркуя Салиеванын өмүр-баяны тууралуу «Уркуя»Оо аттуу тасмасы жарыкка чыккан. Ал эми бир нече жылдан соң анын атын көчөлөргө, колхоздорго, мектептерге жана башка объекттерге бере башташкан.

Айкелчи Тургунбай Садыков бул эстеликтин белгилүү бир адамга таандык болбогонун, «жер эненин» образын чагылдыраарын «СИ Лабораториясына» айткан.

Бирок, 1980-жылы Садыков берген маектердин биринде эргүүнү Уркуя Салиеванын жана башка революционерлердин элесинен алганын билдирген.

Бул мемориал расмий түрдө Уркуя Салиевага таандык болбосо дагы, мемориалды анын аты менен атоо чоң катачылык болбойт. Азыркы тапта эстелик Уркуя Салиеванын образы аркылуу, аялдардын укугун коргоо катары кабыл алынат.

Уркуя Салиева аялдардын билим алуу укугун коргоочу катары белгилүү болуп, 2010-жылдан баштап бул мемориалдын алдында өткөрүлүп жаткан акциялардын жана аял укуктарын коргоочу заманбап демилгелердин символу болуп калган.

Аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш. 2017-жыл 8-март. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Дал ушул эстеликтин алдында жыл сайын аялдардын тең укуктуулукка жана тилектештикке чакырган маршы өткөрүлүп келет. Ошондой эле мында аялдардын өлүмүнө, жабыр тартышына байланыштуу акциялар өткөрүлүп келет. Мисалы, Бурулайды эскерүү митинги жана Москвада каза болгон кыргыз мигрант кыздарына арналган эскерүү иш-чарасын айтса болот.

«СИ Лабораториясынын» изилдөөчүлөрү алгач бул эстеликтин кандай максатта жасалганы анчалык маанилүү эмес деп эсептешет. Алардын оюнча, убакыттын өтүшү менен айкелдин жаңы мааниге ээ болуп, тең укуктуулукка чакыруунун, зордук-зомбулукка жана дискриминацияга каршы чыгуунун символу болгондугу алда канча маанилүүрөөк.