Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg

Ош облусунун Алай районунда 25-июль күнү «Айыл оттору» фестивалы болуп өттү.

Ага райондогу 14 айыл өкмөтү катышты. Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов иш-чарага бир айдан ашык убакыт даярдык көрүшкөнүн айтат.

Фестивалды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган. Андан сырткары, министрлик Гүлчө маданият үйүнө оңдоп-түзөө үчүн 700 миң сом берген.

Маданият министри Султан Жумагулов «Айыл оттору» жыл сайын ар облуста өткөрүлүп тураарын билдирди.

«Клубдарды, маданият үйлөрүн оңдойбуз. Улам жаңыртып, адамдардын эс алуусуна, маданий өнүгүүсүнө, маданий азыктануусуна шарт түзүп беребиз. Маданият мындан да жакшы өркүндөп кетсе, балким мындан ары жылына эки ирет өткөрөбүз», — деди Жумагулов.

Сүрөт: Гүлнур Араббай кызы/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Гүлнур Араббай кызы/Kloop.kg
Сүрөт: Гүлнур Араббай кызы/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Гүлнур Араббай кызы/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Гүлнур Араббай кызы/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Гүлнур Араббай кызы/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg
Сүрөт: Маматказы Расул уулу/Kloop.kg

Сүрөттөрдүн автору: Гүлнур Араббай кызы, Маматказы Расул уулу
Редактору: Гүлжан Эшбаева