Шаардын борбордук бөлүгүндө жөө жүргүнчүлөр зебрадан жай өтүп барып тротуарга чыга албай калган жерлер көп кездешет. «Клооптун» кабарчылары Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө 50дөй өткөөлдү санап чыгып, алардын 16сы жөө кишилер үчүн ыңгайсыз жана кооптуу экенин сүрөткө тартып келишти.

Курманжан Датка көчөсү Ош шаарынын негизги жолдорунун бири. Анда облустук китепкана, жогорку окуу жайлар, мектептер, маданий жайлар жана ошондой эле мэрия менен Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараттары орун алган.

«Клооптун» кабарчылары Курманжан Датка көчөсүнүн 3 километрдей тилкесин — Мухаммед Али Жиннах көчөсүнөн баштап Алишер Навои атындагы көчөгө чейин — көрүп келди. Алардын эсеби боюнча, бул тилкеде 52 зебра же жөө кыя бар. Кабарчылар анын 16сы жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу экенине күбө болушкан.

Шаар тургуну Акбермет Закирдин кызы ар күнү бала бакчага балдарын алып барат. Коляска менен жөө кыядан өтүү ага ыңгайсыз эле эмес, өмүрүнө коркунуч да жаратат.

«Бала бакчага барганда Курманжан Датка жана Сулайманов көчөсүнөн үч балам, коляска менен кыйналып айланып жетебиз. Колясканы көтөрсөм эки балам көйнөгүмүн эки этегинен кармап, эптеп өтүп кетебиз. Сызыктын дал тушуна эмес, тээ нары жакка көпүрө коюп коюшат», — дейт ал.

Арыктардын үстүн өз алдынча тосуп жаап, жөө кыяны тротуарга улап алган шаардыктар да бар. Кожобек Насыров кошуналары менен акча чогултуп чакан көпүрө жасап алышкан экен.

«Мурда адам өтө албай, такыр эле болбой калган эле. Цементтерди кошуналар менен өзүбүз орноттук. Шагыл, цементке 500 сомдой кетти. Дагы да жакшыртып, цемент куюп, чоңураак кылып койсокпу деп сүйлөшүп жатабыз. Ошондо анан карылар да, жаш балдар да беймарал өтүп кете бермек», — дейт Насыров.

Ал кооптуу жайды оңдоо өтүнүчү менен эч кайсы мекеменин тынчын алгысы келген эмес. «Кайрылган да, айткан да жокпуз. Эми кичинекей нерсени айтсаң, алар майда нерсе деп коюшу мүмкүн», — деп кошумчалады ал.

Кабарчылар калаа көчөлөрүндөгү өткөөлдөрдү тротуарга улап жасоого Ош шаардык Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты жооптуу экенин аныкташкан. Бирок бул мекеме жоопкерчиликти калаадагы Жол курулуш башкармалыгына шылтап койду.

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Исраилов чындыгында жөө кыя белгиси, арык, бак-дарактар жана арыктын үстүндөгү жөө кыялар ар башка мекемеге бөлүнүп калганын «Клооптун» кабарчыларына ырастады.

«Шаардагы арыктарды, суугаруу системасын Көрктөндүрүү чарба комбинатына, ал эми жол белгилерин Шаардык жол башкармалыгына берип коюшкан. Жол башкармалыгы жолго белгини сызып туруп, ары жактагы арыктын үстүнө каражат каралган эмес деп койгон. Себеби жылдын башында Шаардык жол башкармалыгы жол белгилерине деп өз бюджетин жазып, коргойт. Акча каражаты бөлүнгөндө термопласт жана зебраларга гана бөлүнүп калат. Анан алар зебрага эле акча бөлгөнсүңөр, лотокко өтмөк кой деп акча бөлүнгөн эмес деп айтышат. Жоопкерчиликти толук бойдон Жол башкармалыгына берип, алар тротуарга чейинки каражатты жазып чыгышы керек деп эсептейм», — деп түшүндүрдү Исраилов.

Автору: Саадат Төлөгөнова
Сүрөттөрдү тарткан: Маматказы Расул уулу
Редактору: Гүлжан Эшбаева