Сүрөт: Tut.by

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, беларус бийлиги өз аймагында Даниил Урицкий деген ысым менен жашап жаткан Данияр Үсөновду «саясий куугунтуктан» улам өткөрүп берүүдөн баш тартышкан.

Кыргызстандын башкы прокуратурасы Данияр Үсөнов ысымын Даниил Урицкийге өзгөртүп алган деп ишенет — бул туурасында башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы жазган.

Алардын маалыматы боюнча, кыргыз тарап 2017-жылдын декабрында эле Беларус бийлигин Үсөновду-Урицкийди издеп, кармап берүүнү суранган. Бирок алар башкы прокуратурага 2018-жылы мартта баш тартып коюшкан.

Биринчи баш тартуудан кийин Кыргызстандын башкы прокуратурасы Беларус прокуратурасына дагы бир жолу Үсөновду өткөрүп берүү боюнча өтүнүч жөнөткөн.

Беларустун Naviny.by басылмасынын маалыматына ылайык, баш тартуу Үсөнов кыргыз бийлигине өткөрүлгөндөн кийин «саясий куугунтукка» кабылышы ыктымалдыгына байланыштуу болгон.

«Беларустун Башкы прокуратурасы тарабынан Данияр Үсөновду өткөрүп берүүгө баш тартуу чечими кабыл алынганына карабастан, Кыргызстандын башкы прокуратурасы тарабынан аны экстрадициялоо боюнча иш улантылууда», — деп билдирет Кыргызстандын башкы прокуратурасы.

Данияр Үсөнов деген ким?

Данияр Үсөнов — 2010-жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин өлкөдөн кеткен Кыргызстандын качкын премьер-министри.

Данияр Усенов. Сүрөт: Алексей Никольский/Sputnik

Ал 80 адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды массалык атуу үчүн Кыргызстанда сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Андан сырткары, Үсөнов Бишкек мэри болуп турган кезде ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы боюнча айыпталууда — бул үчүн ал 15 жыл абакка кесилип, мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан.

ЖМК «Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясын» (БУБК) башкарган Үсөновдун Урицкийге окшоштугу жөнүндө 2017-жылы декабрда эле жазып чыккан.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.

Бул компанияны бир гана Үсөнов менен эле эмес, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Беларуска качкан Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен да байланыштырышууда.

ТЕМА БОЮНЧА: