Оңдоп-түзөө иштеринен кийин «Жаштык» паркындагы жасалма аска. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Июлдун аягында Бишкектеги «Жаштык» паркын оңдоп-түзөө иштеринин биринчи баскычы бүткөн. Паркта балдар үчүн жаңы аянтчалар, отургучтар пайда болуп, плитка жана асфальттар жаңыланган.

Жаңы паркта 8 метрлик жасалма аска да бар. Ал асканы жаш балдардын физикалык жактан өнүгүүсү үчүн спорттук максатта орнотушкан.

Бул жердеги көйгөй жасалма аскага чыгуу кооптуу болгондугунда. Сиз же балдарыңыз бийиктиктен кулап кетип жабыркап калышыңар мүмкүн. Себеби бул курулушта атайын кармагычтар жана коопсуздук үчүн жооп берүүчү инструкторлор жок.

Бул жасалма асканын коопсуздугу тууралуу суроону бишкектик активисттер көтөргөн. Алардын бири Владимир Цай 24-июлда бул жөнүндө фейсбукта жазган.

«Силердин оюңарча, мисалы балдардын тобу паркка келди дейли, алар жасалма асканы көрүп эмне кылгысы келет? Туура, кичинекей баскычтар аркылуу дароо үстүнө чыгып кетүүнү каалашат! Көрөсүңөр го, бул паркта канчалаган колдор, буттар, моюндар сынат. Мындай жасалма аскалар атайын альпинисттик жабдыктары, кармагычтары жана инструкторлору бар жайларда орнотулушу керек», — деп жазган Владимир.

Жергиликтүү жашоочу Марат жасалма асканын жарымына чейин чыгып, бирок «коркунучтуу» болгону үчүн жогору көтөрүлгөн эмес.

«Инструктор жок, атайын кармагычтар жок. [...] Бирок мен аскага чыгып көрүүнү каалагандарды, кайра кулап кетпестен ылдый түшүп жаткандарды көргөм. Кичинекей балдар жарымына чейин чыгып жатканын да байкадым, менин кеңешим атайын кармагычсыз жасалма аскага чыкпаш керек», — дейт ал.

Туура эмес орнотулган жасалма аска

Альпинизм, аскага чыгуу жана муз үстүндө басуу федерациясынын төрайымы Марина Гальцова «Клоопко» айткандай, бул орнотулган жасалма аска коопсуздук талаптарына жооп бербейт.

Гальцованын пикири боюнча, бул башынан туура эмес салынган. Алгач кармагычтар үчүн тешикчелер жасалышы керек, анан аркы бетине гайкалар бекитилгенден кийин гана түзүлүштөр илинип, боёлушу керек. Ал эми куруучулар баарын тескери жасашкан.

Сүрөт: Метин Жумагулов/Kloop.kg

«Коопсуздукту сактаган кармагычтардын борбору, жасалма аскага кирүү жери, үстүнөн коргоочу атайын жапкыч болушу кажет. Атпесе бул түзүлүштөр эки жылга гана чыдайт. Ал жерде суу менен кар топтолуп, фанеранын баары жаман болуп кетет», — дейт Гальцова.

Эксперт ошондой эле жасалма аска туура эмес жерде коюлганын айткан. Жасалма аска бет жагы менен түштүк тарапты карап турат. Мындан улам кармагычтар жана дубал жайкысын өтө ысып кетиши мүмкүн.

Гальцова билдиргендей, атайын кармагычтарды тосмого жана жасалма асканын башына орнотууга болбойт. Себеби, ал көтөрө албай калышы мүмкүн.

«Бул тосмо бир же эки айдан кийин эскирет, ал орнотулган жерге ылайыктуу эмес. Ошондой эле бул тосмо эмнеге карматылганы белгисиз, анткени аны кармап турган темирлер абдан ичке. Үзүлүп кетүү коркунучунда динамикалык секирик пайда болот да, ага жүктөлүп турган күч дагы да артат жана тосмонун үзүлүп кетпөө кепилдиги жок», — дейт Гальцова.

Азыр, анын айтымында, жасалма асканы колдонууга болбойт, себеби аны колдонуу адамдардын жашоосуна коркунуч туудурушу мүмкүн. «Азыркы тапта ал жерде иштөө мүмкүн эмес, себеби үстүңкү коопсуздук кармагычтарын орнотууга орун жок болсо, аны кантип орнотушат. Түшүнүксүз», — деп билдирди Гальцова.

Жасалма асканы салып бүтүрүшөт

Бишкек шаарындагы Биринчи май районун акиминин орун басары Руслан Шарапов «Клоопко» берген маалыматында, жасалма асканы орнотуу иштери али бүтө элек, журналисттер маалыматты «апыртып» жатат деп күнөөлөдү. Мэрия баары бир орнотуу иштери бүткүчө жасалма аскага чыкчу кармагычтарды алып салышмак деп айткан.

«Кийин биз орнотуу иштери жүрүп жатканда үч метрге чейинки жердеги бул таштарды (кармагычтарды — редация) алып салганбыз. Азыр эч ким чыга албайт, жөргөмүш адам гана чыга албаса, эч ким чыга албайт», — деп билдирет Шарапов.

Сүрөт: Метин Жумагулов/Kloop.kg

Парктын башчысы Жаныбек Шайымбетов «Клооптун» журналистине билдиргендей, алар адистердин сын-пикиринен соң жаш балдар жасалма аскага чыгып кетпөөсү үчүн алдында орнотулган кармагычтарды алып салган жана ал эми түзүлүштүн өзү коопсуздук үчүн өзгөртүлөт.

«Жасалма асканын тегерегине атайын тосмолорду орнотобуз. [...] Негизи бул объектти “Зеленстрой” текшерип кабыл алышы керек, биз өзүбүз бул объектти кабыл ала элекпиз. Дагы бул аянтчада жумшак, резинадан жасалган жапкыч болуш керек. Жасалма аскада эшик да жасала элек», — дейт ал.

Шайымбетовдун айтымында, жасалма аска карап, текшерип туруусу үчүн альпинизм федерациясына өткөрүлүп берилет. Азыр бул түзүлүштө объект бүтө элек деген жазуу турат.

«31-августка чейин бардык иштерди бүтүрөбүз деген ойдомун. Тосмону кулпулайбыз. Инструкторлор да болот. Бул коммерциялык объект эмес, бул спорттук объект», — дейт парктын башчысы.

Авторлошу: Рустам Халимов