Иллюстративдик сүрөт/Sputnik

Эгер сиз жолдун кайчылаш жеринде бурулуу белгисин күйгүзбөй койсоңуз 1000 сом айып пул төлөйсүз (эгер бул өзгөртүүлөр мыйзамга киргизилсе).

25-июлда Юстиция министрлиги жол эрежелерине тиешелүү эки кодекс жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Өзгөртүүлөр «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу. Бул долбоордун максаты — жол эрежелерин сактабаган айдоочуларды камера менен аныктоо.

Система апрель айынан баштап сыноо режимде иштеп жатат. Азыркы тапта Бишкек шаарынын жолдорунда төрт камера бар. Алар июнь айынын ичинде эле 118 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактыларын аныктаган.

Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, кодексте жаңы айыптар жана жазалар пайда болуп, мурунку жазалар дагы да катаалдашат. Мисалы, автомектепте кайра окуу жана айдоочулук күбөлүгү барлар дагы бир жолу сынактан өтүү сыяктуу жазалар пайда болушу ыктымал.

Ошондой эле ар бир айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн упайларды топтоо системасы пайда болот. Эгер айдоочу бир жыл ичинде 100 упай топтосо, анда ал үч айга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.

Коопсуздук курун такпагандыгы үчүн — 5 упай, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок болсо — 20 упай берилет. Упайлар бир жыл сайын жаңыртылып турат.

Сунушталып жаткан жазалардын бири —  жолдо кайрылууда же жолду алмаштырууда бурулуу белгисин күйгүзбөй коюу үчүн (1000 сом) жана жөө жүрүүчүлөрдү же велосипедчендерди өткөрбөгөнү үчүн (1500 сом) айып пул төлөнөт.

Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Жеңиш» паркынын жанындагы вело жол. Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Дагы киргизиле турчу жазалардын бири — айдоочулар велосип жолунда айдап бараткан болсо, 2000 сом айып пул төлөйт.

Документтерге таянсак, кээ бир жазалар автоматташтырылат. Башкача айтканда, аларды камера жаздырып турат.

Өзгөртүүлөр азыркы тапта идея түрүндө гана талкуланууда. Алар кабыл алынышы үчүн коомдук уктуруулар, парламентте үч жолку окуу жана президенттин кол коюусу сыяктуу бир нече этаптарды өтүүсү керек.

Бардык болжолдуу өзгөртүүлөрдү бул жерден окуй аласыз (юридикалык жана канцелярдык терминдер абдан көп).

«Коопсуз шаар»

2011-жылдан бери бийлик өкүлдөрү Бишкек шаарына камераларды орнотобуз деп убада берип келишет. Бирок, тендердин биринчисинде катачылыктар болуп, ал эми экинчисинин жыйынтыгы тууралуу соттук иштер али бүтө элек. Акырында эки тендердин тең жыйынтыктарын жокко чыгарышкан.

«Акылдуу шаар» —  мамлекеттик «Таза коом» программасынын бир бөлүгү. Аны ишке ашыруунун үстүндө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана анын командасы жигердүү иштеген.

Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул долбоордон аткаминерлер коррупциянын төмөндөшүн жана мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүнүн жогорулашын күтүүдө.

2018-жылы январь айында кыргыз өкмөтү Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен шаарыбыздын көчөлөрүнө камераларды орнотуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, белгиленген убакытка карабастан камераларды орнотуу жана ишке киргизүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Жыйынтыгында бийликтегилер «Хуавэй» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу түрдө бузгандыгын айтып чыккан. Бул маалыматтан кийин өкмөттөгүлөр «Коопсуз шаар» долбоорун өз күчү менен ишке киргизээрин билдиришкен.

2018-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети — Бишкекте, ошондой эле Бишкек — Ош, Бишкек — «Манас» аэропорту, Бишкек — Кордай жолдоруна камераларды орнотуу үчүн 2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган.

Авторлошу: Эмил Султаналиев