Иллюстрация: Александра Титова атайын Kloop.kg үчүн

Телеграмда бир жылдан бери кыргызстандык балдар веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөтүн бөлүшкөн тайпа бар. Балдар ал кыздардын ким экендигин билүүгө аракеттенип, коркутуп, акча талап кылып, опузалашат. Бул тайпанын кандай иш алып бараарын төрт ай изилдеген «Клооптун» кабарчысы ал тууралуу өзүнүн пикирин бөлүшөт.

Дисклеймер: Бул материалда көптөгөн уят сөздөр бар. Эгер бул макаланы окуу сизге терс таасирин тийгизет деп эсептесеңиз, анда үй-бүлөлүү түгөйлөр кантип бирге төрөшөөрү жөнүндө макаланы окуңуз.

Вебкаминг жөнүндө сөз кылган Телеграм каналдагы колдонуучулардын саны бир жыл ичинде 6 миңге чейин өскөн. Кыргызстандагы Телеграм колдонуучулар үчүн бул сан абдан жогорку болуп эсептелет (белгилүү блогерлердин орточо эсеп менен миңден ашуун гана катталуучусу бар).

Телеграм каналда көбүнчө интернет сойкулук менен иштеген кыздардын сүрөттөрүн жүктөгөн, кээде акча үчүн ал кыздардын маалыматын же дарегин бөлүшкөн кыргызстандык балдар отурушат.

Вебкаминг — акча үчүн веб-камера аркылуу кызмат көрсөтүү бизнеси болуп эсептелет. Кызмат көрсөтүү интимдик же интимдик эмес мүнөздө болушу мүмкүн. Мисалы, кардарлар кыздарды же балдарды камера алдында оргазм алуу максатында жыныстык органдарын кармалашын же жөн эле алар менен ар кайсы темада сүйлөшүүнү өтүнүшү мүмкүн.

Ал чатта отурган балдар өздөрүн моралдык баалуулуктардын ээлери деп эсептеп, кыздарды «жалап», «сойку» сыяктуу жаман сөздөр менен сөгүп, кемсинтишет.

«Арзан баада ондой аял алып, көчөдөн аларды эч ким тааныбашы үчүн баарына хиджаб кийгизип койсо болот», — дейт тайпанын колдонуучуларынын бири.

«Сойкулар, улут шермендеси. Жыныстык органыңар соолуп калсын», — дейт башка бир колдонуучу.

Балдардын бир бөлүгү кыздарды таанып же алар менен жакын мамиледе болгондугу үчүн санааркап, алардын ким экендиги тууралуу маалыматты бөлүшүүнү же ал кыздардын сүрөтүн «Жарандык ал-абалдын актыларын каттоонун (ЗАГС) алдына барып илип коюуларын» сунушташкан.

Балдардын көпчүлүгү чатта өзүнүн ким экендигин билгизбей, анонимдүү отурушат. Кээ бирлери сүрөттөгү кыздардын байланыш телефондорун жана маалыматын бөлүүшүнү суранышканда, аны акчага сатышат, кээде бекер беришет.

Александра Титова атайын Kloop.kg үчүн

Колдонуучулардын кээ бирлери кыздарды кебетеси же туура эмес жүрүм-туруму үчүн кемсинтпөөлөрүн (слатшейминг) айтып чыкканда, аларды дароо өчүрүп ташташат.

«Кээ бир азаматтар кыздардын сүрөттөрүн ата-энесине жана байкелерине көрсөтүп салышкан. Эми бул жасаган кадамыңардын жыйынтыгын болжолдоп көргүлөчү? Мындай ишке баруу, кыздардын туугандарын издеп-табуу үчүн убакыт кетирүү кандай гана макоолук», — деп жазган тайпанын колдонуучуларынын бири.

Телеграм тайпанын администратору Kadyraliev «Клоопко» билдиргендей, алар кыздардын сүрөттөрүн интернет-сойкулукту токтотууу максатында бөлүшүшөт.

«Көпчүлүк Бишкектен, Казакстандан өздөрүнүн тааныштарын таап алышат. Кээ бир кыздар өздөрүнүн сүрөттөрүн өчүрүү үчүн акча сунушташат. Бирок биз баары бир сүрөттөрдү өчүрбөйбүз. Секс сунуштагандар да болгон», — дейт ал.

«Өчүрүлгөн аккаунт»  атындагы башка администратордун айтымында, бул тайпанын максаты — кыздардын байланыш маалыматтарын, дарегин издөө эмес. «Биздин максат веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү “чоң проблема” экендигин көрсөтүү», — дейт ал.

«Адамдар көп сандагы кыздар бул кесипти аркалаарын билишпейт. Алар өздөрүнүн эле эже-сиңдилери мындай жумушта иштеп жатканын көрүшкөдө гана, биз бул абалды оңдоого аракет жасай алабыз. Биздин кыздарды колдонгон бул студияларды, жаман сайттарды жаптырууга өкмөт жардам бериши керек», — деп жазат ал.

Сүрөт бизнеси

Бул Телеграм тайпанын мурунку администраторлорунун бири Адилдин (аты өзгөртүлгөн) айтымында, бул тайпага ээлик кылгандар түрдүү жолдор менен акча табышат. Мисалы, бир кыз сүрөтүн өчүрүүнү өтүнсө, анын өтүнүчүн администраторго айтып, ортомчу катары эки ай ичинде 25 000 сом акча тапканын айтат.

«Админдер ар бир веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн кыздын сүрөтүн Телеграм-каналынан өчүрүү үчүн 50 доллардан жогору акча алышат. Алар бул кылыктарын ачык-айкын айтышпайт да ортомчулар аркылуу иш жүргүзүшөт. Ар бир ортомчу өзүнө сумманын 10 пайызын алып калат. Сүрөттөрдү өчүрөбүз деп акча алып, калп айтып, жоголуп кеткендер да бар», — дейт ал.

Адил кээ бир администраторлор сүрөттөрдү бекер өчүрүп, кээде эч кандай акчага да өчүрүшпөгөнүн айтат.

«Окуя мындай болгон: “Сүрөттү өчүрүп койгулачы” деп жазган адамдар менен мен өзүм байланышка чыгып сүйлөшчүмүн. Анан ал сүрөттү жүктөгөн адамга байланышка чыкчымун. Эгер сүрөттү жүктөгөн адам ал сүрөттү өчүрсө кыздардын берген акчасы толугу менен өзүмдө калчу. Эгер ал адам өчүрүүгө макул болбой жатса мен тайпанын администраторуна жазчумун. Ал админ менин активдүү экенимди билип кээде өчүрүп, кээде өчүрчү эмес. Бул мен үчүн пассивдүү киреше эле»,  — дейт ал.

Адил өзү бул тайпанын колдонуучуларын «шантажисттер» жана «опузачылар» деп атап койгон.

«Ал жерде колдонуучулардын бир бөлүгү өзүн-өзү жыныстык органдарын кармалоо менен канааттандыргандар. Алар, тааныш кыздарды таап, шантаждап секс талап кылышат. Калгандары болсо, кыздар тууралуу маалыматты таап беребиз деп акча алып жоголуп кеткендер», — дейт ал.

Администраторлор өздөрү сүрөттөрдү өчүрүү же маалыматтарды бөлүшкөндүгү үчүн акча алганын төгүндөшөт.

Кыздарды кемсинтүү жана милиция кызматкерлеринин реакциясы

Кыздардын «бетин ачууда» Телеграм тайпадагы колдонуучулар интернет-сойку катары иштебеген кыздардын да сүрөттөрүн жүктөшөт.

Көбүнчө окуя мындай болот: балдар веб-камера аркылуу интим кызматын көрсөткөн кыздардын скриншотторун жаман сапатта жүктөшүп, тааныштарынын арасынан аларга окшош кыздарды таап, аларды жаман сөздөр менен сөгүп, тукура башташат.

Мына ошондой окуяга туш болгон каарманыбыздын күйөөсү аны баласы менен таштап кетип калган. Бул иш ага окшош бирок таптакыр башка эле кыздын сүрөтү Телеграм тайпага жүктөлгөндөн кийин болгон.

Александра Титова атайын Kloop.kg үчүн

«Клооп» менен болгон маегинде ал «актануудан тажаганын», бул темада көп сүйлөшкүсү келбегенин айтты.

«Кудайга шүгүр, менин таза жол менен акча табууга акылым да, тарбиям да, күчүм да жетет. Ал эми мындай жол менен акча тапкандарга айтаарым — бул өзүңөрдүн денеңер, өзүңөрдүн ишиңер. Аны кантип колдонуу силердин ишиңер. Бүгүн мага, эртең башка бир кызга жалаа жаап коюшу мүмкүн. Ушул нерсе гана мага коркунуч туудуруп жатат», — дейт ал.

Башка бир жабыр таркан кыздын айтуусуна караганда, дагы эле тааныштарынан интернет-сойкучулук менен иштээрин угуп жүргөнүн айтат. Бул окуя ал кыздын инстаграм барагына бирөө шилтеме жасап койгондон кийин башталган.

Кыз милицияга кайрылбагандыгынын себеби, ал жалаа жапкан, күнөөлүү адамды таап, жазаланаарына ишенбегендигинде. «Чындыгында өзүм тууралуу мындай сөздөрдү угуу жагымдуу эмес. Бирок мага эң башкысы жакын адамдарым чындыкты билгени жетиштүү», — дейт ал.

Бишкек шаардык ИИБдин басма сөз кызматчысы Адыл Оморовдун айтымында, милицияга бир нече кыздар шантаж кылган, интимдик сүрөттөрдү тараткан адамдардын үстүнөн арыз жазып кайрылышкан. Бул факттар тууралуу кылмыш иши козголуп, сүрөттөрдү тараткан адамдар кармалган.

«Расмий түрдө биз ушул жылдын башынан бери интимдик сүрөттөрдү таратып, шантаж кылган адамдарга арыз менен үч кайрылуу болгонун билдиргенбиз. Бул окуялардын экөөсүндө балдар акча талап кылып коркутса, бирөөсүндө эки кыз акча талап кылгандыгы белгилүү. Аларга карата кылмыш иш козголгон», — дейт ал.

«Клооптун» кабарчысы бул Телеграм тайпасында талкууга түшкөн инстаграм баракчаларына ээлик кылган кыздар менен байланышка чыгууну каалаганда, алар же суроолорго жооп бербей, же дароо эле веб-камера аркылуу кызмат көрсөтүү тууралуу сөз башталганда бөгөттөп салышкан.

Жакшы жашоодон иштешкен жок

Бишкек шаарынын тургуну Искен (аты өзгөртүлгөн) веб-камера аркылуу кызмат көрсөтүүчү студиялардын биринде иштегенин айтат. Башкача айтканда ал кардарлар менен модел кыздардын ортосундагы ортомчу. Ал англис тилиндеги маектешүүгө жооптуу.

«Процесс мындай эле: кардар бир кыздын атына жазат, ал эми ага башка адам жооп берет. Мисалы, мен. Ал каалоосун билдирет, мен болсо анын айткандарын кызга жөнөтөм, ал кыз тапшырманы веб-камерага жаздырып кайра мага жөнөтсө, мен аны кардарга жиберчүмүн. Сүрөттөр автоматтык түрдө сайттан жасалат», — деп түшүндүрдү Искен.

Александра Титова атайын Kloop.kg үчүн

Анын айтымында, Телеграмдагы талкуу, сөгүүлөрдөн кийин, азыркы тапта көптөгөн кыздар бул ишти улантуудан коркушат. Себеби аларга «коркутуп-үркүтүүчү чалуулар» жана опузалоолор болгонун айтышкан.

Искендин ою боюнча, интернет-сойкулук менен иштеген моделдер таптакыр корголгон эмес. IP-даректерди алмаштыруу эч кандай жыйынтык бербейт, себеби VPN аркылуу өзүңдүн жайгашкан жериңди алмаштырып, Кыргызстанда иштеген модел кыздардын сайтына кирсең болот.

Анын айтымында кыздар жакшы жашоодон веб-модел болушкан жок. Алар үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн айынан мындай ишке барып жатышат дейт.

«Ооба, кээде акылы жоктугунан бул ишке барган кыздар да болот. Бирок, алар мындай жумуштан бат эле кетип калышат. Негизи бул жумушта ДЦП менен ооруган балдардын апалары, жалгыз бой энелер же болбосо атасы каза болуп калган, ал эми апасы иштебей үйдө отурган, көптөгөн кичинекей сиңди-инилери бар кыздар иштешет. Албетте, кыздардын сүрөттөрүн жүктөп, мазактоо аларды кемсинтпей койбойт. Себеби, аларга мындай популярдуулуктун кереги жок», — дейт ал.

Искендин айтымында, көптөгөн адамдар бул Телеграм каналды жаптырууну каалашат, бирок Телеграмдын коопсуздугу абдан күчтүү. Милицияга кайрылып жаптыруу да натыйжа бербейт. Себеби, Кыргызстанда веб-камера аркылуу интим кызматтарын көрсөтүп же көрсөтпөө тууралуу мыйзам жок.

«Мындай студияга эч кандай тиешеси болбогон адам бир кызга шантаж кылып, андан акча талап кылган учур да болгон. Кыз милицияга кайрылганда, ал баланы отургузушкан. Бирок бул  учурда, анын шантаж кылганын далилдөө да керек эле», — дейт ал.

Төрт жылдан бери вебкамингде

Алия (аты өзгөртүлгөн) 18 жаштан бери интернет-сойкулук менен иштеп келет. Төрт жыл ичинде ал өзүнө машине, квартира алып, жеке бизнесин ачкан.

Ал бул кесипте иштей баштаганында ата-энесинен каржылык жактан көз карандысыз болууну каалаган. Кийинчерээк бул иш ага жагып, туруктуу иштеп калган.

Александра Титова атайын Kloop.kg үчүн

«Менин башкалардан айырмачылыгым — бул менин айыбымды бир да жолу ачпагандык. Интернет-сойку катары 18 жаштан бери иштеп келем. Ар дайым көз карандысыз болууну самачумун. Окуу менен айкалыша турган жумуш издегем», — дейт ал.

Алиянын айтымында, ал коопсуздук чараларын сактап, студияда иштебейт.

«Азыр студияларда иштеген кыздардын саны азайган. Бул тууралуу баары эле айтып жатышат. Өзүм так билбейм. Студияларда иштеген эмесмин, себеби андай жерлерди тинтүүгө алганда операторлор жаза тартуудан качып кетишет. Ал эми милициялар кыздар тапкан акчасынан аларга белгилүү бир пайызын берүүсүн талап кылышат. Бул тууралуу модел кыздардан уккам. Ата-энелерди, улуттук өзгөчөлүктөрүнө карата, шантаждоо деген да бар. Кыздар албетте коркушат. Эмне кылабыз, ушундай өлкөдө жашайбыз», — дейт ал.

Кыргызстанда веб-камера аркылуу интим кызматтарын көрсөтүү 2017-жылдан бери такууланып келет. Бул талкуулардан соң милиция кызматкерлери Бишкектеги мындай студиялардын ээлерин кармап, «порнографиялык материалдарды даярдоо» боюнча айып коюшкан.