Сапар Исаков УКМКнын опузасына кабылганын айтып чыкты

Кыргызстандын экс-премьер министри Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан опузалоого алынганын изилдөө үчүн Башкы прокуратурага кайрылган. Исаковдун айтымында, эгер ал адвокаты Нурбек Токтакунов менен иштешүүнү токтотпосо, экс-премьерге карата кылмыш ишин ачабыз деп коркутушкан.

Исаковдун кайрылуусу анын адвокаты Нурбек Токтакуновдун фейсбукта жарыялаган посттон белгилүү болгон.

Текстте жазылгандай, 13-июль күнү Исаковдун ишин алып барган тергөөчү Кубаныч Сабыров аны тергөө изоляторунан (ТИЗО) өзүнүн кабинетине чакырган. Жолдо экс-премьерди УКМКнын Илим аттуу кызматкери коштоп барган. Алар Сабыровдун кабинетине келгенден кийин, Исаков менен Илимди жалгыз калтырып Сабыров бөлмөдөн чыгып кеткен.

«Илим мага адвокатым Токтакунов Нурбектин кызматынан баш тартуумду сунуштап, эгер андай болбосо, “Викиликстин” сайтында эски маалыматтарга таянып мага карата дагы бир кылмыш иши ачаарын айткан», — деп Исаков өзүнүн арызында жазган.

Ал УКМКнын кызматкеринин сунушунан баш тартып, Токтакуновдон бул тууралуу коомчулукка кабар беришин тапшырган.

УКМКнын басма сөз кызматы экс-премьердин арызы «жалаа» жана «арзан пиар» деп билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Исаковдун арызын «кароого алгандыгын» «Клооптун» журналисттерине айтышты.

УКМК Исаковду 5-июнда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу ишине байланыштуу коррупция боюнча айыптап, камакка алган.

Бул окуяга бир ай мурун депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБин жаңыртууда 386 млн доллар ашыра көтөрүп жиберген, ал эми бул ишти жүргүзгөн кытай компаниясы коротулган акча тууралуу деталдуу отчет берген эмес деген жыйынтык чыгарган.