«Клооптун» журналисттери эксперимент өткөрүп, майып коляскасындагы адамдар менен бирге Бишкектин борбордук Абдрахманов/Байтик Баатыр көчөлөрүнүн эки тарабынан өтүп көрүштү. Бүтүм: шаар ичинде коляскада жүрүү өмүргө коркунучтуу.

Экспериментке журналисттер менен бирге майып коляскасын колдонгон эки Бишкектин тургуну катышкан. Алар: интернет-маркетолог Аскар Турдугулов жана мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын укугун коргогон Азиза Иминова.

Турдугулов бир тарапта, Иминова болсо экинчи тарапта жолго чыгышкан.

Ар бири троллейбустагы жол жүрүү менен бирге 4,5 км аралыктагы жолду басып өтүшкөн. Бул аралыкта эксперимент үчүн троллейбуска отуруу да керек болгон.

Эксперимент Бишкек шаарынын борборунан орун алгандыктан, Турдугулов менен Иминованын басып өткөн жолу Жибек Жолу проспектинен Медеров көчөсүнө чейинки аралыкты камтыган.

Алардын жолун анализ жасап, биз көңүл жубатаарлык жыйынтыкка келген жокпуз. 4,5 км аралыктын батыш тараптан 500 метри, чыгыш жактан 700 метри гана майып коляскасындагылар үчүн жүрүүгө ыңгайлуу экенин көрдүк.