Кыргызстанда сатык салыгы накталай акчага сатып алуудан гана алынат. Негизи салык алардын баасына кошулат. Сүрөт: Kloop

Кыргызстандын экономика министрлиги сатык салыгын накталай төлөм үчүн 2 пайыздан 5 пайызга чейин көбөйтүүнү каалоодо. Бул салык кимдерге тийиштүү болушу мүмкүн, эмне үчүн жогорулатуу болгону жатканын жана бизнесмендер бул тууралуу кандай ойдо экендигин айтып беребиз.

Кыскача

  • Кыргызстандын экономика министрлиги сатык салыгын накталай төлөм үчүн 2 пайыздан 5 пайызга чейин көбөйтүүнү каалоодо. Анын пикири боюнча, бул бизнести көмүскөдөн чыгарып, салыктардан качууга мүмкүнчүлүк калтырбоо үчүн керек.
  • Кыргызстандагы накталай эмес төлөмдөрдөн сатык салыгы алынбайт.
  • Эгер салыкты жогорулата турган болсо, анда бул көбүнесе накталай акча менен төлөп көнүп калган керектөөчүлөргө тийиштүү болуп калат. Мындай сатып алууларда салык көбүнчө товардын баасына кошулуп калат.
  • Сатык салыгынын жогорулашы экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, патент менен иштеген же бирдиктүү салык төлөгөн кичи жана орто бизнестерге тийиштүү болбойт. Мындай бизнес таптакыр сатык салыгын төлөбөйт.
  • Экономика министрлигинин идеясы боюнча эксперттердин пикири эки анжы болуп калган. Бир тарабы бул ой-пикирди колдошсо, башкалары тескерисинче бул идея бизнестин көмүскөдө калуусун тездетет деп эсептешет.

Маанилүү эскертүү: Накталай төлөм үчүн сатык салыгын эки пайыздан беш пайызга чейин көбөйтүү болгону талкууга гана коюлган мыйзам долбоору. Бул акыркы чечим эмес. Мыйзам күчүнө кириши үчүн аны депутаттар жактырып, президент кол коюшу керек. Бизнес коомчулук бул ойду пайдасыз экенин далилдеп берсе, экономика министрлиги өзүнүн сунушун чакыртып алууга даяр.

Кененирээк

Сатык салыгын жогорулатуунун эмне кереги бар?

Экономика министрлиги бизнести накталай эмес төлөмдөргө өтүүгө кызыктыруу жана ошондой эле, аны көмүскөдөн чыгаруу үчүн сатык салыгын накталай төлөмдөр үчүн жогорулатууну каалоодо.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, азыркы сатык салыгынын эки пайыздык коюму көмүскөдөгү бизнести мыйзамдаштырууга түрткү бербей жатат, ошондуктан министрлик коюмду 5 пайызга чейин жогорулатууну каалоодо.

Эгер бизнес сатык салыгын төлөөнү каалабаса, анда ал накталай эмес төлөмгө өтүүсү керек. Ошондо ишканалар бул салыктан бошотулат.

Панкратовдун түшүндүрүүсү боюнча, сатык салыгын алуу системасын реформалоо үч жылдан бери жүрүүдө. Алгач бийлик бул салыктан экспорттоочуларды, андан соң бизнесин накталай эмес акча каражаттар менен жүргүзгөндөрдү да бошоткон. Мындай чаралар министрдин айтымында, накталай эмес төлөмдөрдү 2015-жылы 35,4 пайыздан 2016-жылы 44,2 пайызга чейин жогорулаткан.

«Бул сунуш бюджетти толтуруу максатына байланыштуу эмес. Бул соода айлануусун жашыруу үчүн накталай төлөмдөрдү колдонгон экономиканын көмүскө секторун кыскартуу максатында сунушталган», — дейт министр.

Бул сунуш кимдерге тийиштүү болуп калат?

Панкратовдун айтымында, сатык салыгынын жогорулашынан улам (эгер мыйзам кабыл алынса) патент менен иштеген же бирдиктүү салык төлөгөн кичи жана орто бизнес эч кабатыр болбой эле койсо болот. Мындай бизнес таптакыр эле сатык салыгын төлөбөйт.

Министрдин айтымында, бул мыйзам долбоору орто дүң ишканаларга тийиштүү болот. Панкратов орто дүң ишканаларга накталай эмес төлөмгө өтүү кыйынчылык деле жаратпайт деп эсептейт.

«Алар каалосу жоктугунан улам [накталай эмес төлөмгө] өтпөй жатышат. Анткени накталай акча менен иштеп жатканда дайыма өзүңдүн жүгүртүүдөгү каражатыңды толугу менен көрсөтпөй коюу азгырыгы жаралат», — дейт Панкратов.

Ошол эле маалда Экономика министрлиги эгерде бизнес коомчулугу бул идеянын максатсыздыгын далилдесе сатык салыгын көбөйтүү боюнча сунушту чакыртып алууга даяр.

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдөн сатык салыгы алынбайт. Сүрөт: Улан Асаналиев/RFE/RL

Эксперттер эмне деп жатышат?

Экономист жана салык консультанты Андрей Красников Экономика министрлигинин идеясы туура жана ал мыйзамсыз накталай акча жүгүрүшү менен күрөшүүгө жардам берет деп айтууда.

Бирок ал накталай эмес төлөм маданиятын натыйжалуу киргизүү үчүн мамлекеттин ишкерлерди колдоо программасы болушу керек деп эсептейт. Мисалы: бийлик накталай эмес төлөм терминалдары үчүн короткон акчаларды салык жеңилдетүүлөрү аркылуу ишкерлерге кайтарып бере алмак.

Андан тышкары, ал мамлекет өзүнүн акча жүгүртүүсүндө накталай акча колдонгон ишканаларды дыкат көзөмөлдөшү керек деп эсептейт.

«Менин көз карашым боюнча, накталай эмес төлөмгө өтүп жаткан салык төлөөчүлөр салык органдары тарабынан азыраак административдик түйшүк тартышы керек. Анткени салык текшерүүлөр биринчи кезекте операцияларды накталай валютада жүргүзгөндөрдүн үстүнөн болушу керек. Ал эми накталай эмес акча колдонгондор үчүн тескерисинче. Эгерде сен ачык-айкын болсоң, анда биз сени текшербейбиз», — дейт Красников.

Ал сатык салыгын 2 пайыздан 5 пайызга чейин көбөйтүү сатып алуу жөндөмүнө сокку кылбайт жана керектөөчүлөрдү нес кылат деп эсептебейт.

Салык консультанттарынын Башкаруу палатасынын төрагасы Татьяна Ким сатык салыгынын көбөйүшү жеке ишкерлерди көмүскөдөн чыгарат дегенге кошулбайт. Анын айтымында, бул бийлик тарабынан 2006-жылы эле жарыяланган салык жүгүн азайтуу саясатына каршы келет.

Кимдин айтуусуна караганда, сатык салыгынын көбөйүшү дүң жана майда дүң сатуучуларга оорчулук туудурат. Себеби алар көбүнчө 1-2 пайыз үстөк пул менен иштешет. Сатык салыгынын эки жарым эсе көбөйүшү товарлардын баасынын көбөйүшүнө жана банкротчулукка алып келет.

«Экономика министрлигинин өкүлдөрү сатык салыгынын эки пайыздык коюму анчейин көп эмес деп айтышууда. Бирок бул андай эмес. Бул абдан жогору коюм. Менимче [мынтип] жеке бизнес жүргүзбөгөндөр эле айта алса керек», — дейт ал.

Татьяна Ким сатык салыгынын көбөйтүлүшүнөн мамлекет да жапа чегип калышы ыктымал деп эсептейт, анткени бизнес көмүскөгө кетүүгө аргасыз болуп калат. Ал мунун айынан жада калса салык чегерүүлөрү да кыскарып кетиши мүмкүндүгүн айтууда. Ким, бул идеядан улам Орусия «оозун сүткө күйгүзгөнүн» эстеди:

«[Ал 2011-жылы] социалдык салыкты 34 пайызга чейин көбөйткөн. Натыйжада алар [пенсиондук түшүүлөрдү] салык 26 пайыз болуп турган кездегиден да аз алышкан».