Америкалык жазуучу Рэй Брэдбери жана Жером Сэлинжердин чыгармалары ай сайын «Раритет», «Букингем», «Бук» жана башка дүкөндөрдө эң көп сатылган китептердин тизмесине кирет.
«Раритеттин» сатуучулары аталган жазуучулардын чыгармаларындагы темалар соңку 70 жылдан бери өз актуалдуулугун жоготпогондуктан дале популярдуу дешет. Алардын ою боюнча, бул жагдай модага да байланыштуу. Себеби, «Батышта бул китептер сөзсүз окулушу керек» жана «ар дайым интернетте, YouTube, Facebook тармактарында чагылдырылып турат».
«Бул чыгармаларды кайра-кайра кайталап окугуң келет. Ар бир окуганыңда аларды жаңыдан кабыл аласың. Чыгармалардагы каармандардан окурмандар өздөрүн таба алышат. Мисалы жаш балдар, үй кожойкелери, бизнесмендер, аскерлер», — дейт Бишкектеги китеп дүкөнүнүн сатуучусу.
«Клооптун» сурамжылоосунда катышкан Бишкектин тургундары, Брэдбери жана Сэлинжердин чыгармачылыгы менен түрдүү жагдайда таанышканын айтышып, бирок бардык окурмандар үчүн алар сүйүктүү жазуучуга айланганын билдиришкен.
Кээ бирлери алардын чыгармаларын элдин баары окугандыгы үчүн окушса, калгандары достору, мугалимдери же интернет колдонуучулары сунуштаган үчүн окушкан. Интернетте бул чыгармалар боюнча рецензиялар көп.
Студент Айгеримге досу Брэдберинин «Фаренгейт 451» китебин окууну сунуштаган. «Башкы каармандар эмне болот, чыгарма кантип бүтөөрү мага абдан кызыктуу болгон», — деп Айгерим кубануу менен эскерди.
Бишкек шаарынын тургуну Александра Брэдбери жана Сэлинжердин чыгармаларындагы цитаталарды «ВКонтакте» социалдык тармагында көп көргөндүгү үчүн окуп көрүүнү чечкен. «Бир убакта бул китептер эмне тууралуу экени кызык болду», — дейт ал.
Пенсионер Мухдинбектин айтымында, совет маалында үйдө өзүңдүн китепканаңды чогултуу «мода» болчу дейт. Анда сөссүз Брэдбери жана Сэлинжер да болушу керек эле.
«Өзүндүң балдарың чоңоюп, адабиятка кызыга баштаганда, ата-энелер аларга алгач үйдөгү текчедеги китептерди окуусун сунушташкан. Мына ушинтип совет доорунун балдары бул авторлор менен таанышышкан», — деп түшүндүрөт ал.
Жаңы адабият
Брэдберинин жана Сэлинжердин чыгармалары өткөн кылымдын ортосунда Советтер Союзунда популярдуулукка ээ болгон. Себеби, алар бийликтин сын пикирине жана китептердин жетишсиздигине карабастан, башка дүйнөнүн «көшөгөсүн ачышкан».
Советтер Союзунда дал ошол маалда «окурмандардын козголоңу» болгон. Окурмандар жаңы авторлорду издеп, Брэдбери жана Сэлинжерге туш болушкан. Чыгармалардагы каармандар козголоңчу, чөйрөсүндө болуп жаткан нерселерге макул болбогон адамдар.
Адабиятчылардын айтуусунда, советтик адамдарга алардын тилинде сүйлөгөн, көптөгөн ички коркуулары бар, жандуу каармандар менен толгон романдарды окуу жаңылык болгон.
«Жазуучулардын китептери расмий советтик адабияттан айырмаланып, өздөрүнүн ак ниеттүүлүгү менен таң калтырган. Анткени социалисттик реализм нервдери күчтүү, руханий азап чегүүлөрдөн алыс адамдарды, башкача айтканда “оң каармандарды” жаратууну болжолдогон», — дейт адабиятчы Элеонора Прояева.
Анын айтуусу боюнча, Брэдбери жана Сэлинжердин чыгармаларындагы дал ушул айырмачылыктар «оппозициялык маанайда ой жүгүрткөн муунду түптөгөн».
«Бул эки авторго болгон чыныгы мамиле совет доорундагы жаштарда башкача түптөлгөн. Алар социалисттик реализм каармандары үчүн мүмкүн болбогон, жазуучулардын чыныгы жашоого болгон идеологиялык басымдан эркин ой-жүгүртүүсүн, психологизм тереңдигин, мүнөздөрдүн оордугун сезе алышкан», — деп эскерет Прояева.
Айланадагы дүйнөнү төгүндөгөн каарман
1960-жылы ССРС Сэлинжердин «Кара буудайдагы тосуучу» (The Catcher in the Rye) жалгыз романын жарыялаган. Ал эми, бул китепти америкалык мектептерде орой жазылгандыгы жана секс тууралуу эскерүүлөр үчүн тыюу салып жатышкан.
Бирок орус тилинде бул китептеги «орой тилди» жумшартып, сапаттуу котормодо басып чыгарышкан. Мисалы, «fuck you» сөзүн «башка жагымсыз сөзгө» алмаштырышкан.
«Баш каарман өспүрүм бала, аны курчап турган дүйнөнү кабыл албаган жаш бала. Бул сезимдер ошол убактагы саясий режимдин жумшарышындагы адамдарга абдан жакын эле», — деп эскерет жазуучу, сценарист Эдвард Радзинский.
Адабиятчы Андрей Аствацатуровдун айтымында, 60-жылдары советтик адамдар хрущев режиминин жумшарышын эстеп, либералдуу болушкан. Ошондуктан, алар өздөрүн башкы каарман менен окшоштурушкан деп эскерет ал.
«Алар Сэлинжердин каармандарынан айланасында болуп жаткан жагдайларга макул болбогон адамды көрүшкөн. Тарбиялоо, билим берүү системасына, ачык-айкын нерселерге, жазылган чындыктарга каршы чыккан адамды көрүшкөн. Алар Холден Колфилдде өздөрүн көрүшкөн», — дейт Аставацтуров.
Миңдеген нуска менен
Авторлордун окурмандарга болгон таасири ошол убактагы бийликке жаккан эмес. Брэдберинин биринчи советтик редактору Белла Клюеванын айтымында, мамлекеттик цензура «бардык чет өлкөлүк адамдарды муунтууга» даяр болгон.
«[Брэдберини] албетте, колдоп турууга туура келчү. [...] Эң чоң кыйынчылык бул авторлордун жакшы экенин башкы редакторго же мүдүргө көндүрүү эле», — деп «Московский комсомолец» гезитине айткан.
ССКП БКнын«Коммунист» журналы Брэдберинин «Фаренгейт 451» романы тууралуу терс пикирлерди жазганына карабастан, китепке тыюу сала алган эмес.
1965-жылы Советтер Союзунда Брэдберинин миңдеген китептерин басып чыгарышкан. 1990-жылга чейин аларды 43 жолу чыгарган, ал эми тираждын саны 7 миллионго жеткен.
«Коммунисттик өкмөттүн идеологиялык сын пикири дагы бул эркиндиктин чоң агымын токтото албаганы таң калаарлык», — дейт адабиятчы Элеонора Прояева.
Анын эскерүүсүндө, Брэдбери жана Сэлинжердин романдарын талкуулаган топтор болгон. Адамдар сынчыларга көңүл бурбастан, бул жазуучулардын китептерин алуу үчүн, жараксыз кагаздарды тапшырышкан.
Материалды даярдагандар: Алексей Журавлев, Касиет Тыналиева, Ратибор Горяйнов, Айдай Эркебаева