Иллюстративдик сүрөт. Табылды Кадырбеков / «Спутник»

Бишкектин четинде кызмат өтөгөн аскерлердин ата-энелери балдарын тынымсыз иштөөгө мажбурлап жатканын билдиришкен. Эгер макул болбосо ур-токмокко алып, шылдыңдашканын айтышкан. Башкы штабдагылар сабоо фактысы болгонун тастыкташты.

Кыскача:

• Бишкекке жакын Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүмүнүн алты аскери командирлери шылдыңдаганын, арык каздырып, мончо салып, машиналарды оңдоттургандары үчүн арызданышкан.

• Укук коргоочулар кээ бир аскер кызматкерлери басым астында зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өздөрү жазган арыздарын кайтарып алышканын айтып чыгышты.

• Аскер бөлүгүнүн командири жана үч офицер өздөрүнүн кызматынан алынды.

«Арык казып, мончо салууга мажбурлашты»

Жапа чеккен аскерлер кызматка 2018-жылы жазында чакырылган. Аларды Бишкекке жакын жайгашкан «Ала-Тоо» полигонуна жөнөтүшкөн.

Жабыркагандардын бири «Азаттыкка» билдиргендей, аны жана башка беш аскер кызматын өтөгөн баланы май айында металлолом чогулттуруп, арык каздырып жана мончо салдырышкан.

«Көпчүлүк балдарды сабашчу, мага тийишкен эмес. Мен аларды сабаганын көргөм, чынын айтсам,м мен бул нерседен тажадым. Ар дайым кемсинтишчү», — деген ал.

Анын айтымында, кичинесинен бери талма менен ооруйт. Командирлер аскерлердин физикалык даярдыгын текшерүү үчүн алардын бутунун астына ок атып, чуркатканда анын талма оорусу кармап калган. Бул окуядан кийин ал дарылануу үчүн Республикалык психикалык ден соолук борборуна түшкөн.

Калган аскерлердин туугандары Аскер прокуратурасына кайралгандарын, бирок тергөө иштерине эки ай өтсө дагы эч кандай жыйынтык болбогонун, офицерлер өз кызматында иштеп жатышканын айтышкан.

Укук коргоочулар тынчсызданууда

Жыйынтыксыз аракеттерден соң жабыркагандардын туугандары укук коргоочуларга кайрылышкан. Алар аскер бөлүмүнө барып, аскерлерди көрүп келишкен.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, аскерлердин арасында юридикалык билимге ээ, өздөрүн кандай алып жүрүүнү билген балдар бар.

«Алар командирлерге “биз силердин машинаңарды оңдоого, бул нерселерди жасоого мажбур эмеспиз” деп жана башка дооматтарын билидиришкенде, дагы да күчтүү басым көрсөтө башташкан», — дейт укук коргоочу.

Укук коргоочу ооруканада жаткан бир аскер балага зыяратка келип, анын стресс абалында болгонун байкаган.

«7-июнда эле туугандарыбыз аскердик прокуратурага кайрылышкан. Азыр биз соттун чечимин күтүп жатабыз. Эки айдын ичинде тергөө иштери бүтүп, айыптоо кылынышы керек эле», — деди Азиза Абдирасулова.

Аскерлердин укугун коргогон адвокат Динара Медетованын айтымында, 6 аскердин үчөө өздөрүнүн арыздарын көрсөтүлгөн басымдан улам кайрып алышкан. Алар өздөрүнүн арыздарында кемсинтип, шылдыңдаган командирлердин ысымдарын ачык эле жазышкан.

«Бул аскер бөлүгүн жетекчилерине бул бардарды басмырлоо үчүн бардык шарттарды түзүп беришкен. Мындай кемсинтүүлөр эки айдан бери уланып келет. Мен бул жагдайды укук коргоо органдардын жана аскердик прокуратуранын шалакылыгы жана кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу деп эсептейм», — деди Медетова.

«Командирлерге каршы кылмыш иштери ачылган»

Укуктук камсыздоо башкармалыгынын жана Коррупция менен күрөшүү башкы штабынын башчысы Темирбек Козуев аскерлерди сабап, уставдан тышкаркы жумуштарды жасаттырганы далилденгенин тастыктады.

Бирок, ал аскерлердин бутуна чуркоо маалында ок атылганын төгүндөдү.

Башкы штабдын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчыларына билдиргендей, ошол аскер бөлүктүн командири Болот Көчкөновду жумуштан кетиришкен.

«Прапощик Жапаров, старшина Орозбаев жана старшина-лейтенант Казыбек уулуна кылмыш иши козголуп, азыркы тапта алар тергөө алдында», — деп билидиришти башкы штабдан.

Авторлоштору: Нурайым Өмүрбекова, Сабрина Алиева