«Өң келбеттүү, сулуу кыздарды жумушка алабыз», «программист бала», «офиске 35 жашка чейинки кызматкер керек» сыяктуу чектөөлөрдү Кыргызстандагы жумуш сунуштаган сайттардан көрүүгө болот.
«Клооптун» кабарчыларынын да буга чеийн жумуш берүүчүлөрдүн талаптарында көрсөтүлгөн жынысы, өң-келбети же жаш курагы дал келбей, ишке кабыл алынбаган учурлары болгон.
«Кичинекейлер бул жерде иштей алышпайт»
Эксперимент үчүн биз Бишкектеги ресторандардын бирине жумушка орношмокчу болдук. Алардын талабы боюнча, кардар тейлөөчү кыздардын бою 175 сантиметрден жогору болушу керек. Биз белгиленген талапка дал келбесек да, тейлөө кызматында тажрыйбабыздын көп экенин жана Орусияда иштеп келгенибиз тууралуу уламышты айттык.
Алгач жумуш берүүчү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, андан соң аңгемелешүүгө келдик. Жумушка ала турган ресторан өзүнүн ашкере байлыгы менен таң калдырды: бүлбүлдөгөн хрусталдан жасалган асма шамдар, жайкы аянтчадагы көп кабаттуу фонтан, тазалыктан жалтылдаган пол, бийик китеп текчелер...
Бизди бою узун, костюмчан, чачын тыкан жасалгалаган администратор кыз тосуп алды. Биз жумушка орношууга келдик деп айтканыбызда бизди артынан ээрчибүүздү суранды.
Биз башка бир костюмчан аялга алып келди. Ал бизди карап, ресторанга керектүү сандагы кызматкерлерди кабыл алганын, кардар тейлөөчү кыздар керек эместигин айтты. Эгерде кызматкерлер эбак эле алынган болсо, эмнеге бизди сүйлөшүүгө чакырышканын кызыгып сурадык.
Аял алгач бизди көрүп, анан чечим чыгаруусу керектигин айтып, телефондон бой жана келбет тууралуу биле албагандыгын кошумчалады. «Кичинекей балдар бул жерде иштей албайт. Коюлган талаптарга төп келиш керек. Биздин компаниянын талаптары күчтүү», — деп түшүндүрдү.
Ошондой эле администрация ишкананын статусун жогору кармап туруу үчүн кыздардын жумушка боёнуп келүүсүн талап кылышаарын айтты.
Башкаруучу бизди жооткотуп, башка компанияларга да кайрылып көрүүбүздү, башка жакта биздин бой-келбетибиз менен жумушка алынууга мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк болоорун айтты.
«“Мамина дача” деген кафе бар. Силер келбетиңер менен ошол жерге жарашасыңар. Ошо... Ал жер дача сыяктуу. Менимче тажрыйбаңар бар экен. Ошол жерге кайрылууңарды сунуштайм», — деген кеңешин берди ал.
«Көзгө да жагымдуу болсун»
Көбүнчө жумуш издөө сайттарындагы жарнамаларда жумушка ала турган кишинини жыныстык айырмачылыгын гана белгилеген компаниялар кездешет. Мисалы, кайсы бир курулуш компаниясы юристтин жардамчысы катары кыздарды гана жумушка ала турганын жарыя кылган.
Буга байланыштуу кайрылганыбызда, «Бизге офис-менеджер жана юристтин жардамчысы керек болчу. Менимче, балдар бизге чай ташып бере албагандыгы үчүн бул жумушка иштей алышпайт деп ойлом», — деп кадрлар бөлүмүнүнөн түшүндүрүштү.
Редакция программалоо курсунан сабак берген жана кыздарды Кыргызстандагы биринчи спутник курулушуна даярдаган «Клооптун» кызматкери Алина Анисимованы командасына эркек программист издеген ишканага жумушка орношууга аракет кылуусун суранган.
Кадрлар бөлүмүндө Алинага программист позициясына кыздарды алууну каалашпаганын, мунун себеби катары, кыздардын биринчи кезекке жеке жашоосун өйдө коёрун айтышкан.
«Кыздар күйөөгө тийип, кетип калышат. Биз узун мөөнөт иштей турган адамдарды издеп жатабыз. Биз аны [кызматкерди] окутуп, күчүбүздү жумшайбыз. Кийин бизге иштей турган адам керек», — деп жооп беришти.
Кээ бир иш берүүчүлөр талапкерлерди дискриминациялык критерийлер менен тандоону «жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу» деп түшүндүрүшөт. Мисалы, эркек логист-диспетчер издеген соода-сатык компаниялары кызматкер аялдарды бул жумушта көрө албагандыгын айтышты.
«Аялдар таптакыр бул жумушка жарашпайт. Себеби, ал жерде кол алдында жалаң эркектер иштейт. Ошондуктан эркектин үнү керек. Биздин жумуштун өзгөчөлүгү ушундай», — деп түшүндүрүштү.
Сайттарда бир нече дискриминациялык жарыяларды көрүүгө болот. Мисал келтире турган болсок, чет өлкөлүк компания долбоордун ассистенти позициясына турмушка чыга элек жана баласы жок, бойдок кыз-келиндерди издеп жаткандыгы тууралуу жарыя чыгарган.
«Мен өзүмө катчы издеп жатам. Мага адам иш сапарларында мени коштоп жүрүүсү керек, эгер аялдын үй-бүлөөсү, балдары болсо, ага бул ишти аткаруу оорчулук туудурат. Сөссүз түрдө аял киши керек, себеби катчылык ишти эркектер аткарбайт», — дейт иш берүүчү.
Бирок кийинки маегибизде ушул эле иш берүүчү өзүнүн кыздарга болгон мамилесин түшүндүрүп, тескерисинче аялдарга көбүрөөк жумуш ордун түзүп берүүнү каалаганын жана өзүнүн компаниясын «социалдык жактан жоопкерчиликтүү» деп атаганын белгилей кетели.
«Бизге маалым болгондой, аялдарга эркектерге салыштырмалуу жумуш табуу кыйын. Ошондуктан жарыяда бизге аял киши керектигин белгилегенбиз», — дейт компаниянын директору.
Кээде жумуш берүүчүлөр кызматкерлер кандай өң-түскө ээ болуу керектигин да такташат. Бишкектеги мейманканалардын биринин мүдүрү кабыл алуучу кызматына «европалык түспөлдөгү» кыздарды издегенин айтты. Себеби, «ошондойлор» ага жагат.
«Эгер мага азиаткалар жакса, бул жерде жалаң азиаткалар иштемек, бирок мага европалыктарга окшош кыздар жагат. Мен алар менен 24 саат иштейм, алар менен жашайм. [...] Башкысы аны көргөндө көзгө да жагымдуу болсун, башы да иштесин», — деп ушундай талап менен жумушка алаарын айтты.
Этиканын жана мыйзамдын бузулушу
«Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Фатима Якупбаева «Клоопко» билдиргендей, жумушка орношуу жарыяларында талапкердин жынысынын көрсөтүлүшү «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды бузат жана бул жагдай гендердик дискриминациянын бирден-бир белгиси.
Якупбаева ошондой эле иш берүүчү талапкерлерден балалуу болуу пландары тууралуу да суроого укугу жок. Бирок, анын айтымында кээ бир учурларда сөз, эгер аял-кишинин эмгегин колдонууга тыюу салган өндүрүш иштери жөнүндө болсо, ал учурда ишке орношуу жарыяларында жынысты көрсөтүүгө укуктуу.
WIND кадрлар бөлүмүнүн мүдүрү Илгиз Эдил улуунун айтымында, жарыяларда жынысты, жашты, расаны, динди чагылдыруу — профессионалдык этиканын бузулушу.
Анын ою боюнча, эгер жумуш моделдик бизнес сыяктуу түзмө-түз тышкы келбет менен байланышпаса, резюме менен кошо талапкердин сүрөтүн талап кылуу туура эмес.
«Эч кимди жынысына, динине, жашына, расасына карата кемсинтпеш керек. Бирок, тилекке каршы Кыргызстанда биз ушундай деңгээлдебиз. Биз азырынча өнүгүү жолундабыз», — деди ал.
Анын айтымында, эл аралык мекемелерде басмырлоо көйгөлөрү этика боюнча атайын комитет менен жөнгө салынат. Ошондуктан мындай жарыяларды жергиликтүү ишканалардан көрүүгө болот.
«Прецеденттин» юристтери кемсинтүүлөр болсо прокуратурага арызданууну сунушташат. Бирок, бул нерсени тастыктай турган, жумуш учурунда, күбөлөрдүн жанында тартылган аудио же видео жана ишкана тарабынан талапкерлер эмне үчүн жумушка кабыл алынбаганы тууралуу расмий кат берилүүсү шарт.
Бардык далилдерди чогулткандан кийин прокуратура текшерүү жүргүзүп, жумуш берүүчүлөргө мыйзам бузуу тууралуу эскертет. Бирок, аларды басмырлоо үчүн жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Себеби, эки тарап эмгек келишимине кол койбогондон кийин алардын мамилеси эмгек кодекси тарабынан жөнгө салынбайт.
Авторлору: Полина Беккер, Руслан Темирханов, Татьяна Трик
Редакторлору: Регина Им, Элдияр Арыкбаев