«Ит үрө берет, кербен жүрө берет» — Балыкчынын мэри бактардын кыйылышына коомдук желеде жооп берди

Балыкчынын мэри Алмаз Мамбетов/Turmush

Ысык-Көлдөгү Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов укук коргоочу Динара Ошурахунованын фейсбук барагында «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген пикир жазды. Мынтип жазуу менен Мамбетов Балыкчыдагы бак-дарактардын кыйылышына кыжырдангандарга реакция билдирген.

«Алмаз Мамбетов араң таштак шаарда өсүп аткан Балыкчынын бетинен бардык бактарды кыюуну чечкенби? “Кыргызстандын 40 жылдыгы” көчөсү бактардын эсебинен кеңейтилип жатат, өсүмдүктөрдү өз учурунда окуучулар ишембиликке чыгышып карашкан эле», — деп жазган Ошурахунова.

Мамбетовдун реакциясынан кийин укук коргоочу «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген ой-пикир мэрдин расмий жообу болуп-болбогонун сураганда Балыкчынын башчысы «ооба деп эсептей бериңиз» деп жооп жазган.

Мамбетовдун жазган пикиринин скриншоту. Азыр ал укук коргоочунун постунан өчүп кеткен.

Бир нече саат өткөндөн кийин Мамбетовдун ой-пикири Ошурахунованын постунан өчүп кеткен. Көп өтпөй Балыкчы мэриясы билдиргендей, шаар башчысынын фейсбуктагы барагын «үчүнчү жактар бузуп киришкен».

«Бак-дарактардын кыйылышы боюнча жазылган бардык билдирүүлөр менен ой-пикирлер фейк болуп саналат! Кызыкдар үчүнчү тараптын чагымына алдырбооңуздарды өтүнөбүз!» — деп жазган мэрия.

Мэриянын басма сөз катчысы Миргүл Жансеркеева фейсбуктагы мэрдин барагынан жазылган ой-пикирлерди көрөөр замат шаар башчысына билдиргенин «Клооптун» журналистине маалымдады.

«Мэр мага антип жазбаганын айтты. Анын айтуусу боюнча, барагын бузуп киришкен. […] Азыр ал эмгек өргүүсүндө. Ал жумушка кайтаары менен кечирим суроо туурасында сүйлөшүп көрөбүз», — деди басма сөз катчы.

Ал Ошурахунованын постундагы Мамбетовдун пикирлерин ким өчүргөнүн жана мэр өз барагын өзү кайра колго алып-албаганын билбесин кошумчалады.

Динара Ошурахунова өзү Мамбетов менен соттошпой турганын билдирди. «Эгерде Мамбетовдун барагын бузуп киришкен эмес болсо, анда бул менен аны кызматка койгондор иштешсин», — деди ал.

Бул Мамбетовдун тиешеси болгон алгачкы жаңжал эмес. Былтыр коомдук желеде ал жана Балыкчынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов менен болгон сүйлөшүү тарап кеткен.

Шамшудинов мэр шаардык кеңештин алдында отчет беришин талап кылганы үчүн Мамбетов сүйлөшүү маалында аны бир нече жолу коркуткан. Анда окуя Мамбетовго 2000 сом штраф салуу менен аяктаган.

Авторлошу: Айсымбат Токоева

Тема боюнча: Балыкчынын мурдагы жана учурдагы мэри телефондон сөгүшүп кетишти