Жай аяктай элек жатып Ысык-Көлдө жыйырмадан ашуун киши сууга чөгүп, каза тапты. Негизги себептеринин бири — сууга чөккөндөрдү куткара турган эч ким жок. «Клооптун» журналисттери көлдүн түндүк жээгин бойлой жайгашкан пансионаттарга барып, бардык эле пансионаттарда куткаруучулар бар-жок экенин жана эмне себептен эс алуучуларды куткаруучулардын жок экенин тынчсыздандырбай турганын билип келди.
Кыскача
- Жайдын үч айы аягына чыга элек жатып, Ысык-Көлдө жыйырмадан ашуун эс алуучу мерт болду. «Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаев каза тапкандан кийин бул туурасында көпчүлүк сөз кыла баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигигинин (ӨКМ) талабына ылайык, ар бир кум жээкте керектүү жабдуулар менен камсыз болгон жок эле дегенде экиден куткаруучу иштеши кажет.
- «Клооптун» журналисттери Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги тогуз пансионат менен бир шаардык кум жээкке барып аныкташкандай, суткасына бир номер жок дегенде 3000 сом турган пансионаттарда гана куткаруучулар керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
- Арзаныраак пансионаттардагы куткаруучуларда болсо же керектүү шаймандар жок болгон, же болбосо куткаруучулар өз жумуш ордунда болгон эмес. Бирок кум жээкте куткаруучулардын болушу журналисттердин сурамжылоосуна катышкан эс алуучуларды көп деле тынчсыздандырбайт.
Кененирээк
2018-жылдын жай мезгили аяктай элек жатып Ысык-Көлдө 20дан ашуун киши каза болду. Эс алуучулардын өлүмүнүн негизги себеби — же алар мас абалда сууга түшүшкөн, же болбосо куткара турган эч ким болгон эмес.
ӨКМдин алдындагы суучулдарды даярдоо борбору — бул дасыккан куткаруучуларды даярдап чыгарган жана жабыр тарткандарга дарыгерлерге чейин жардам көрсөтүү боюнча окуткан Кыргызстандагы жалгыз мекеме.
Суучулдар мектебинин начальниги Айдар Каптагаевдин айтымында, борбор 2011-жылдан бери иштеп жатат жана Ысык-Көл облусу үчүн жылына 120 куткаруучуну окутуп чыгарат.
«Талап боюнча, куткаруучунун белгилүү бир формасы болушу керек: кызгылт сары футболкада “куткаруучу” деп жазылып, кызгылт сары же кызыл кепка кийиши керек жана ал эс алуучулардан айырмаланып турушу зарыл, колунда болсо адамдарды маалымдап туруш үчүн рупор болууга тийиш», — деди Каптагаев.
Анын айтымында, куткаруучуларды окутуу жети күнгө созулат жана 3400 сом турат. Курсту аяктаган соң бул борбор билим алгандарга сууда куткаруучу деген сертификатты берет. Куткаруучулар болсо жыл сайын өзүнүн квалификациясын көрсөтүш үчүн сынак тапшырып турууга милдеттүү.
Каптагаев билдиргендей, сууга чөгүп бараткандарды куткаруу үчүн бир эле жакшы сүзүү жетишсиз.
«Бир адамдын чөгүп-чөкпөгөнүн байкоо аябай кыйын. Бир адам сууга чөккөндө, ал аба жутуп алайын деп жан үрөйт да кыйкыра албай калат. Ал кол булгалап, кыймылдайт. Көпчүлүгү ал жөн эле ойноп атат деп ойлошу ыктымал», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтуусунда, жыл сайын май айында аталган борбор пансионаттарга кайрылып, ал жердеги куткаруучуларды окуудан өткөрүүгө жөнөтүүсүн сунушташат. Бирок, Каптагаев айткандай, пансионаттар алардын сунушуна июндун ортосунда, жайкы сезон башталганда, гана жооп бере башташат.
«Бул пансионаттардын директорлорунун жана биринчи кезекте мекемелердин администрацияларынын жоопкерчиликсиздиги. Чын ыкластан иштеген адамдар да бар. Биз аларга сунуш кат менен кайрылганда, заматта жооп беришип иштешет, бирок андайлар өтө аз», — деп нааразы болду суучулдар мектебинин директору.
Анын айтымында, Ысык-Көлдө куткаруучулар жетишсиз. Биринчи кезекте бул алар өз өмүрүн тобокелге салган менен айына 5-8 миң сом алышкандыктан болууда. Каптагаев пансионаттар куткаруучуларга көп акы төлөбөй, кайра үнөмдөп калгысы келишет деп эсептейт.
«Билбейм, бул алардын чөнтөгүнө канчалык зыян келтирет. Ушул жылдан тарта ар бир пансионатта жок эле дегенде экиден куткаруучу болушу керек деп көшөрүп жатабыз», — деди ал.
Куткаруучулар формадан тышкары жабдуулар менен шаймандар топтомуна ээ болушу зарыл. Алар: кайык, куткаруучу аркан жана тегерек, аптечка, дүрбү, рупор, ышкыргыч, бутка кийген сүзгүч жана дегээ. Бул шаймандардын топтому 10 миңден 20 миң сомго чейин турат.
Көп төлөсөң сууга чөгүп кетүү коркунучу аз
Башынан бери кум жээктеги коопсуздукка жергиликтүү бийлик жооп берип келет, бирок алар жеке адамдарга ижарага берип салышат. Ижарага алган убакта коопсуздук үчүн жоопкерчилик ижарачыларга жүктөлөт. Алар өз алдынча куткаруучуларды издеп таап, окутуп, керектүү жабдуулар менен камсыздашы жана кум жээктеги куткаруу мунараларын салышы керек.
«Клооптун» журналисттери Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги тогуз пансионатка барып, анда дасыккан куткаруучулар бар-жок экенин жана керектүү шаймандар менен камсыздалып-камсыздалбаганын текшерип келишти. Пансионаттардын баары кум жээктен 100-200 метр алыстыкта жайгашкан.
Журналисттер аныкташкандай, бул эс алуунун баасынан түздөн-түз көз каранды экен, башкача айтканда, кымбат пансионаттарда коопсуздук боюнча талаптар аткарылат. Кабарчылар барган тогуз пансионаттын үчүндө бир номердин ижара акысы суткасына 3000 сомдон ашат. Алар: KARVEN four seasons, «Радуга», «Три короны». Алардын ар биринде үчтөн бешке чейин куткаруучу иштейт, ал эми кум жээк болсо мунара менен жабдылган.
«Жумушка келгенде кум жээкти текшерип, жээктеги чектерди, кайыкты даярдап, бөлөк эч нерсе жокпу карап чыгабыз. Балдар үчүн тосулган аймак бар», — деди KARVEN эс алуу жайынын куткаруучусу Тарас Кацубо.
«Ала-Тоо», «Толкун» жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионаттары эс алуучулардын чөнтөгүн ашыкча чапчыбаган жайларга кирет. Ал жактарга жолдомо менен барууга болот. Эң арзан номердин баасы 1000-3000 сомдон айланат. Анда куткаруучулар бар болгону менен алар атайын форманы кийишкен эмес. Андан тышкары, аларда ӨКМ талап кылган шаймандардын топтому жок.
«Форма — туура, моюнга алыш керек, бизде чындыгында жок. Бирок жыл сайын талап кылынган шаймандардын катарын толуктаганга аракет кылабыз, администрацияга кайрылып, эмне жетишпей аткан болсо, ошолорду жазабыз. Быйыл бизге кайык сатып беришти», — деди «Ала-Тоо» пансионатынын куткаруучусу Тынчтыкбек Дүйшөналиев.
Анын кесиптеши Жумакмат Айтманбетов «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде куткаруучу болуп иштейт. Журналисттер менен маектешип жатып ал штатта эки куткаруучу жана бир медайым иштээрин айтты. Ал эми кайык, катер жана катамаран ижарага берген тургундар куткаруучуларга «эс алуучуларга көз салуу» жагынан жардам берип турушат экен.
«Көгүлтүр Ысык-Көлдүн» жанында Чолпон-Ата шаардык кум жээги бар. Ал жерде иштеген үч куткаруучу кошумча катамаран менен кайыктарды ижарага беришет. Алардын керектүү шаймандары да жок, атайын форма да кийишкен эмес.
Куткаруучуларды таппай калганда
«Бостери» (мурдагы «Алтын кум») пансионатынын жетекчилиги аларда эки куткаруучу иштээрин айткан менен «Клооптун» журналисттери кум жээктен кызматкерлерди кезиктире алган жок. Кабарчылар эки күн бою, күндүн ар кайсы убактарында барып көз салып турушкан.
Куткаруучуларды кайык жана катамаран ижарага берип иштеген тургундар аркылуу да тапканга мүмкүн болгон жок. Кабарчылар менен сүйлөшүп жатып, алар «Бостери» пансионатында бир да жолу куткаруучуларды көрбөгөнүн айтышты. Пансионаттын директору менен орун басары куткаруучулары кайда экенин көрсөтүүдөн баш тартышты.
«Бостери» 910 кишиге ылайыкташкан, бирок күн сайын андагы кум жээкке келгендердин саны алда канча көп. Анткени ал жерде көңүл ачуучу аттракциондор жайгашкан. Жээкке кирүү баасы 20 сомду түзөт.
Бул пансионаттын жанында «Бор-бор» эс алуу жай жайгкашан, анда дагы куткаруучулар менен мунара жок.
«Бор-бордун» жетекчиси Алмаз Асанов «Клооптун» журналистине телефон аркылуу билдиргендей, администрация кум жээкке жакын жайгашкан башка жайларга жоопкерчилик албайт, анткени ал башка адамдарга ижарага берилип кеткен. Бул боюнча ал Бостери айыл өкмөтүнө кайрылуу керек экенин айтты. Ал эми Бостеринин жетекчилери болсо Асанов менен сүйлөшүүнү кеңеш беришти. Бул жолкусунда Асанов колу бош эмес экенине шылтап журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.
«Бостери» пансионаты сыяктуу эле «Бор-бор» дагы эң популярдуу эс алуу жайы болуп эсептелет. Анын аймагында Бостеридеги бийик айлампа жана буралма поезд бар. Эки пансионатта тең эң арзан номердин баасы суткасына 1500 сомду түзөт.
«Клооптун» журналисттеринин сурамжылоосуна катышкан адамдар эс алуу үчүн жер тандоодо куткаруучунун бар-жок экени башкы мааниге ээ эмес экенин айтышты — негизгиси баасы, жашоо шарттары, көңүл ачуу, пансионат менен жээктин таза болуусун аташты.
«Мен куткаруучулардын бар экенине карабайм, өз балдарым үчүн өзүм жооп берем, — дейт эс алып жүргөн Марлен Асанов. — Өзүм да алыс сүзүп кетпегенге аракет кылам, себеби куткаруучулар дайыма эле жаныңда боло бербейт».
Авторлору: Айгерим Казыбаева, Айкан Суранаева, Жанна Сүйүнбекова, Эмил Султаналиев, Эржан Бейшеналиев