«Клооп» үчүн Александра Титованын иллюстрациясы

Оштогу Ноокат районунда милиционерлер суудан кыздын сөөгүн табышып, өлүмгө шектүү катары анын апасы менен бир тууган агасын кармады. Милициянын маалыматына ылайык, эне-бала кызды «никесиз төрөгөндүгү» үчүн жазалап, каналга ыргытып жиберишкен. «Клооптун» журналистери коомчулуктун үрөйүн учурган окуянын чоо-жайын билүү үчүн Ноокатка барып, бул үй-бүлөнү тааныган айылдаштарын сөзгө тартышты.

Ноокаттын Шекер айылындагы чоң жолдун боюнда көк дарбаза турат. Дарбазанын артында ээнсиреген үй. Бир ай мурун бул тамда кадыресе тиричилик кылган чакан үй-бүлө жашачу. Азыр болсо кырсык бул үй-бүлөнү туш тарапка чачыратты. Анда 22 жаштагы Зилола энеси Нафиса жана 24 жаштагы агасы Шохрух менен күн кечирчү, атасы Сабыр курулуш тармагында иштеп, үй-бүлөсүнө кээде келип кабар алып турчу экен (баарынын ысымдары өзгөртүлдү).

Зилоланын апасы Шекерден 3 километрдей алыстыктагы Гүлистан айыл аймагындагы мектепте география мугалими болуп иштечү. Агасы болсо үч жылга чукул Орусияда иштеп, эки ай мурун айылына кайтып келген эле.

Бул чакан үй-бүлөгө кошуна турган Райхон (аты өзгөртүлдү) кырсык болгон түнү карындашын сабаган Шохрухтун ызы-чуусу аларга чейин угулганын айтат.

«Ошол түнү 11 жарымдарда “аке, урбаңыз” деген кыйкырыктарды укканбыз. Сыртка чыксам, машина турган экен. Анын ичинде апасы болуп-болбогонун билбейм. Кызды кайын журтуна кетип жатса керек деп ойлоптурбуз. Апасы менен агасы кызды өлтүрүп коюшаарын биз кайдан билиптирбиз», — деп бушайман болду Райхон.

Анын айтымында, мектепте окуп жүргөн кезинде эле Зилоланы апасы көп сабачу экен: ал бала кезинен сыртка чыгарылбай, үйүндө тарбияланган жана башкалар менен ойнобой, балалыктын доорун сүргөн эмес.

«Клооп» үчүн Александра Титованын иллюстрациясы

Кошуналарынын маалыматы боюнча, мектепти аяктагандан кийин Зилола Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 2-курска чейин билим алган. Ошол кездерден тарта ал өз айлында көрүнбөй калыптыр.

Андан соң боюнда болуп калып, апасы Зилоланы ай-күнү жеткенче үйдө баккан. Кээде кызы үйүнөн качып кеткен күндөрү да болгон. Анын себебин кошуналары энесинин катаал мүнөзү менен байланыштырышат.

Нурпери Абдуллаева

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаеванын «Клоопко» маалымдашынча, Зилола турмушка чыга элек болгон.

Ошондуктан студент кыздын кандай жагдайда боюна бүтүп калганы белгисиз бойдон калууда. Бирок, айылдаштары Зилоланын мүнөзү жана жүрүм-туруму жакшы болгонун, азыркы күнгө чейин бул кырсыкка ишене албай жатышканын айтышты.

«Кыштакта кыздар турмушка чыкпай туруп көз жарса, ошол үй-бүлө сөзгө калаары чын. Эл бир-эки жыл сөз кылса кылып, андан кийин баары бир унутулуп калмак да», — деп кейиди Райхон.

Милициянын маалыматы боюнча, Зилола Ноокаттагы төрөтканада 2018-жылдын май айында көз жарган. Райхон бул маалыматты тастыктап, кыз төрөгөндөн кийин бир аял жана бир кишинин коштоосунда үйүнө келгенин айтты.

«Апасынын ачуусу келип “кабыл ала албайм, кайдан алып келсеңер ошол жакка алып барып койгула!” деген. Ал кишилер “биз ал жакка кайра бара албайбыз” деп кетип калышкан. Кызды ата-энеси турмушка той менен болбосо да нике менен узаткан деп ойлогонбуз. Кийинчерээк тактап да сураган эмесмин. Себеби апасы урушчаак киши болчу. Аны менен жакын кошуна болсок да, мамилебиз суз эле», — деп эскерди ал.

Ош облустук милициянын маалыматына ылайык, Зилоланын сөөгү сууда он күндөн ашуун жаткан. Шекер айылындагы каналга ыргытылган кыздын денеси 30 километрге чейин агып барып, коңшу Бел айылынан 2-июль күнү кечинде табылган.

«Клооп» үчүн Александра Титованын иллюстрациясы

«Баламды таап бергиле»

Шекер айылынын тургуну Абдукахор Маматкаримов элетте Зилоланын «никесиз төрөгөнү эмес, ымыркай жарыкка келгенден кийин анын сатылышы себеп болгон» деген пикир тараганын «Клооптун» кабарчылары менен бөлүштү.

«Эл арасында кыз көз жаргандан кийин жакындары анын ымыркайын сатышканы айтылууда. Ал үйүндө чыр чыгарып, “баламды таап бергиле” дегенде өлтүрүлгөн болушу мүмкүн», — деди Маматкаримов.

Ош облустук милициясындагылар ымыркайдын сатылышы ыктымалдыгы боюнча божомолду четке кагышты. Мекеменин басма сөз катчысы билдиргендей, ымыркай төрөтканада мыйзамдуу түрдө асыроого өткөрүлүп берилгени тергөөдө аныкталган.

«Атасына жакын болчу»

Кырсык тооруган үй-бүлөнүн кошуналарынын бири Шерзод (аты өзгөртүлдү) Зилоланын атасы Сабыр түнт, жоош, аз сүйлөгөн киши экенин айтат. Шерзоддун белгилешинче, кошунасы тууган-туушкандары, айылдагылар менен карым-катнашка барчу эмес.

«Сабыр аке элге аралашпайт да, учурашпайт да болчу. Он жылдан ашуун бир айылда жашасак да эки жолу гана саламдашканбыз. Убагында Самарканддагы политехникалык институтту кызыл диплом менен аяктаган. Үйлөнгөндөн кийин ден соолугу начарлап кеткенин угуп жүрдүк», — деди Шерзод.

Мухаммедали Хамранкулов

«Клооптун» журналистери Сабыр акеге жолугуп, андан интервью алуу аракетинен майнап чыккан жок. Аны менен беш жылдан бери чогуу иштешкен Мухаммедали Хамранкулов болсо буларды айтып берүү менен чектелди.

«Сабыр аке 2013-жылдан бери кыш заводдо иштеп жашап келет. Үйүнө барса да бир саатка жетпей кайра жумушка шашат. Себеби жубайынан тажаса керек. Аялы айлыгын алып кетет болчу. Өзү бир сом да коротпойт эле. Кызынын тажиясы күнү 30 мүнөттөн кийин эле кайра ишке келе берген», — деди ал.

Хамранкулов атасынан кабар алуу үчүн Зилола мурун жумасына жок эле дегенде бир жолу келип турганын кошумчалап, «атасына жакын болчу» деп үшкүрүндү.

«Клооп» үчүн Александра Титованын иллюстрациясы

«Кыздар эркин жашоого укуктуу»

Тең укуктуу жана адилеттүү коом түзүү үчүн негизделген Ош шаарындагы «Жаңы толкун» коомдук бирикмесинин өкүлү Гулиза Абдыжапарова мындай окуялар кыздар өз укуктарын билбей же коргой албай жаткандыгы үчүн болуп жатат деп эсептейт.

Гулиза Абдыжапарова

«Негизи кыздын жакындары анын жеке жашоосуна кийгилишүүсү туура эмес. Кыздар эркин жашоого укуктуу. Бизде кыздар ата-энесинен моралдык жана каржылык жактан да көз каранды болушат. Ошонун айынан да алардын айткандарынан чыга албай өз ичинде эле буулугуп, кыйналып жүрө беришет. Үй-бүлөдө зомбулукка кабылган кыздар кайда кайрылууну, кимден жардам суроону билишпейт», — дейт Абдыжапарова.

Ош облустук казыятынын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жамиля Жапашова шариятка туура келбеген иштер жасалса дагы светтик мамлекеттин мыйзамдарынын негизинде күнөөлүүлөр жазаларын тартышы керек дейт.

Жамиля Жапашова

«Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан ошол мыйзамдар боюнча жашайбыз. Кызды “никесиз төрөдүң” деп өлтүрүшкөнү туура эмес. Ошол эне кызы балакатка жеткенде анын жүрүм-турумун байкап, каалоосуна карап, эмнеге жөндөмдүү ошону эске алып, аны ушундай кырсыкка жеткирбей куткарууга аракет кылышы керек болчу», — деп билдирди Жапашова.

Милиция Зилоланын өлүмүнө шектелип кармалган энеси менен агасына каршы «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, эне-бала убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Укук коргоо органынан маалымдашкандай, тергөө иштери эки айда жыйынтыкталат.

Тексттин авторлору: Гүлбурак Мидин кызы, Күнсулу Ибраим кызы
Видео: Нуртаза Абдиев, Дастан Үмөтбай уулу
Редакторлору: Элмурат Асан, Элвира Акимова