![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/08/Albek-Ibraimov.jpg)
Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Албек Ибраимовду камакта калтырууну чечти. Ал камакта 29-августка чейин болот. УКМКнын кызматкерлери Ибраимовду 19-июлда коррупцияга шектеп кармап кетишкен.
Ибраимовдун 100дөй тарапкери Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушуп, аны бошотууну талап кылышты.