Бишкектин тарых музейинин шыбындагы кыргыздардын үйлөнүү үлпөт тоюн чагылдырып турган советтик панно. Коноктордун арасында СССРдин аймагында жашаган улуттардын өкүлдөрү.

Каармандардын ысымы өзгөртүлдү

«Менин досум тоюма 100 доллар алып келген. Ушундай эле өлчөмдөгү акчаны мен ага эки апта мурда алып баргам. Бул жада калса ошол эле купюра болуп чыкты. Каржы жагынан эч нерсе өзгөргөн жок, бирок ал мен тапшырган конвертти ачып, 100 долларды көргөндө кубанып кеткен, андан кийин мен ошол эле 100 баксты өзүмө кайтарып алдым!»

Бишкектик Бакыт

Кадимки кыргыз салтанаттарында акча конверттеринин системасы болжолдуу ушундай иштейт. Ал «кошумча» деп аталып, тойдун уюштуруучуларына каржы жагынан берилген жардам болуп эсептелет.

Август жана күз айлары кадыресе той сезону деп эсептелет. Бул убакытка чейин кыргызстандыктарда бышкан түшүмдү жана мал-жандыктарды сатуудан түшкөн акча пайда болуп, аларды той өткөрүүгө жумшоого жарап калат.

Кыргызстанда тойлор үйлөнүү үлпөт, юбилей, тушоо кесүү жана башка себептер менен уюштурулат. Көбүнесе бул тойлордун бардыгы август айынан тарта октябрь айына дейре ресторан же тойканаларда өткөрүлөт.

Тойлорго бүткүл туугандарды, досторду, мурдагы курсташтарды, классташтарды жана кесиптештерди чакыруу каадасы бар, ошондуктан коноктордун саны жүз адамдан ашып кетет. Чакырылган ар бир конок той ээсине өз кошумчасын бериши керек — бул орточо эсеп менен 2 миңден 10 миң сомго чейин.

Коноктор уюштуруучуга той өткөрүүгө кеткен чыгымды жарым-жартылай жабууга жардам бериш үчүн кошумча беришет — кээде ал миллион сомго чыгып кетет. Кошумча кайтарым принцибине негизделген. Эгерде сиз бүгүн бир тууганыңыздын тоюна беш миң сом көтөрүп барсаңыз, анда ал дагы сиз той өткөргөн учурда бери эле дегенде 5 миң сом алып келип берет.

Бул пайызсыз насыя сыяктуу. Маани-мааңызы боюнча, тойго катышкан кыргызстандыктар дайыма же акча «карыз», же болбосо башка адамдар аларга «карыз».

Башка бирөөнүн тоюна коротулган акчаны өзүңдүн тоюңду өткөрүү менен кайтарып алса болот. Август айынын биринчи жарымында «Клооптун» журналисттери сурамжылоого алган 27 жаштан өйдө бишкектиктер үч-төрт тойго барып, ал жактарда 20 миң сомго чукул акчасын кошумча катары калтырууга үлгүрүшкөн. Ошол эле маалда алар күз айларында дагы бир нече тойго катышууну пландап, азыртан эле конверт жөнүндө ойлоно башташкан.

«Чарчайсың, бирок баары бир барасың»

Махабат эже тойлордо кимге канча акча алып барганын жазган дептерди колдонот. Ал дептерди бул адамдар анын келечектеги тоюна канча акча алып келиши керектигин унутуп калбаш үчүн жүргүзөт.

«Айына беш-алты тойдо 100 доллардан берген учурлар болот. Акча көп кетет. Жолдошум экөөбүз сөзсүз барабыз. Чарчайбыз, бирок барыш керек. Мунун баары негизи уят болуп калбаш үчүн жасалат», — дейт ал «Аш койсоң аш коём, таш койсоң таш коём» деген макалды эстеп.

Махабаттын айтымында, конвертке салынган акчанын өлчөмү ал той ээси менен канчалык деңгээлде жакын мамиледе экенине байланыштуу болот. Аз дегенде эле бул 2000 сом, бирок көп учурда 100 доллар.

Ал башка адамдардын тоюна жумшаган акчалардын бардыгы мисалы, анын кызынын тоюнда сөзсүз түрдө кайтып келет деп ишенет.

«Бирок эгерде менин кызым же башка балдарым той өткөрүүнү каалашпаса, анда жок дегенде юбилей өткөрүп коёбуз», — деп ой жүгүрттү Махабат.

Официант кыргыз тоюнда бир табак устукан менен. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

«Кошумчаны кайра чогултуш керек»

Чолпон 28 жашта, ал ушундай бейрасмий карыз милдеттерден улам ата-энелер өз балдарын той өткөрүүгө мажбурлашаарын айтууда. Чолпон той өткөрбөй эле жакын достору менен өзү үчүн чакан кече уюштурууну каалаган. Бирок мындай кечеден кийин ал баары бир эле туугандар үчүн той өткөрүүгө аргасыз болгон.

«Апам туугандар той күтүп жатканын жана апам дайыма “кошумча” берип, эми аларды кайра чогултуш керектигин айткан. [...] Үйлөнүү үлпөткө кеткен чыгымды биз жаптык. Бирок маани-маңызы жагынан кошумча деген нерсе — бул башкалардын тоюнда берүүгө туура келген карыз», — дейт Чолпон.

Бишкектик Айпери күйөөсү экөө ай сайын тойлорго 300 долардан коротушаарын айтып берди.

«Бир жыл мурда биз 200 кишиге үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Биз тааныгандардын бардыгы келди. Ошондо тойго кеткен чыгымды кошумчанын эсебинен жаба алдык», — дейт ал.

«Тойдон көп деле акча ашып калбайт»

Аскар азырынча бойдок жана шаан-шөкөттүү тойлорго таптакыр каршы, бирок ал үйлөнө турган учур келгенде ата-энеси өз оюндагысын бербей коёт деп кооптонот. Анын эсеби боюнча, анын келечектеги тоюна достору эле 60 миңге чукул акча алып келишет. Аскар алардын тоюна болжолдуу ушундай өлчөмдө акча сарптаган.

«60 миң — бул жаман эмес, бирок медалдын башка жагы да бар: ресторандын ижарасы, азык-түлүк, эт жана башка керектүү нерселерди сатып алыш керек. Ал жакта башка чыгымдар да көп, тойдон кийин акча көп деле ашып калбайт».

Анын айтымында, 300 адамга мерчемделген орточо тойго миллион сом кетет.

48 жаштагы Жыпара эже көпчүлүк учурда тойлор чыгымга учуроого гана түрткү болот деген ойго кошулат. Бирок бул аны өз балдарынын үйлөнүү үлпөттөрү учурунда той өткөрүү каалосунан токтотпойт.

«Биздин учурда эч ким мындай үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрчү эмес. Ал эми азыр мен бул чыгымдуу болсо да өз балдарымдын бактылуу салтанатына күбө болгум келет. Анын үстүнө мен тойлордо ушунча көп акча бергем. Аларды кайтарыш керек», — деп жыйынтыктады ал.

Анын айтымында, той ээлери конверттерден дайыма эле акча таба беришпейт, кээде коноктор конвертке «карыз» деген сөз менен кагаз салып коюшат. Жыпара түшүндүргөндөй, башка коноктордун алдында «уят болуп калбаш үчүн» акча жок болсо деле той ээсине конверт берип коюш керек.

«Натыйжада турмушка чыгуудан баш тарттым»

Бишкектик Мээрим бир нече ай мурда турмушка чыгууну чечип, ата-энесине «той болбосун» билдирип, бул өз кезегинде апасы менен араздашып кетүүгө чейин алып барган.

«Албетте, апам өзү барып жүргөн тойлордогу адамдар да биздин жакшылыкка күбө болушун каалаган. Анын үстүнө апам үйлөнүү үлпөт, майрам, салтанаттарга калтырбай барып, а бул жерде өз кызын жакшыраак турмушка узата албай калаарына ыза болгон», — дейт Мээрим.

Мээримдин айтымында, анын апасы той өткөрүү керек деп көшөрүү менен ал башка тойлордо тараткан акчалар жөнүндө айткысы келген. Бирок көбүнесе ал кызы туугандардын батасын албай калат деп кабатырланган.

«Апам башкалардын батасын алыш керек деп айткан. Анын айтымында, тууган-уругу, үй-жайы жок жаш түгөйлөр жана маңкурттар гана түз эле баш кошо алышкан», — деп эстеди Мээрим.

Натыйжада ал жеке себептерден улам үйлөнүү үлпөттөн баш тарткан — бул тойго эч кандай байланыштуу эмес. Бирок Мээрим тойлор жөнүндө пикирин ошо бойдон өзгөртө албаганын айтат:

«Муз ордунан жылды, кийинки жолу апам менин каалоомду эске алып, той-топурдан баш тартат деп үмүттөнөм».

Авторлошу: Айгерим Казыбаева