Эгерде эки өлкө анклавдарды башма-баш алмашуу жөнүндө акыркы чечим кабыл алышса, Өзбекстан Барак анклавын алып, анын ордуна Кыргызстанга көлөмү боюнча бирдей жерди өткөрүп берет.

Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак айылы өзбек бийлигине өткөрүлүп берилиши ыктымал. Бул боюнча тараптар 7-августта кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркацияло боюнча сүйлөшүүлөрдүн учурунда макулдашышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Барак айылы. Яндекс.Картадан скриншот

Эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды аныктоо Барак айылы сыяктуу эксклавдардын бар болушу менен оорлошуп турат. Өлкөлөр Совет бийлиги тарагандан бери өз чек аралары так кайсы жерден өтөөрүн макулдаша албай келишет.

Ош облусунун башчысынын орун басары Байыш Юсупов Өзбекстан Барактын ордуна Кыргызстанга аянты жана башка мүнөздөмөлөрү боюнча Барак айлына тең келген жер тилкесин бөлүп бериши керектигин «Интерфакс» басылмасына курган маегинде билдирген.

«Биз аны аныктап, курсив чийиндерди өткөрүп койдук. Комиссиянын мүчөлөрү макулдашышып, Барак эксклавын алмашуу боюнча протоколдорго кол коюшту. Азыр эки өлкөнүн президенттери кол коюп, ратификациялоо маселеси гана турат», — деп билдирген Юсупов.

Анын айтымында, жергиликтүүлөр бул идеяны колдоого алышкан, анткени алар чек арадан өтүүдө жылдар бою кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.

«Барактын тургундары чек ара жакын турса деле узак жол басып, Баткен облусундагы Көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу чек арадан өтүүгө аргасыз болушууда», — деп кошумчалаган Юсупов.

Облустун башчысынын орун басары маселенин чечилиши эки-үч айга созулушу мүмкүн экенин, анткени бул маселени өкмөт, парламент жана президент менен макулдашуу керектигин «Клоопко» айтты.

«Сүйлөшүүлөр жүрүп, ар кандай жолдор сунушталууда. Биз Барактын өткөрүлүшү боюнча маселеге эки-үч айдан кийин акыркы жоопту бере алабыз. Азырынча чек араларды делимитациялоо боюнча жумушчу комиссия гана кол койду, бирок өкмөттөр аралык комисссия, Жогорку Кеңеш жана президенттин макулдугу керек», — деп түшүндүрдү ал.

«Кеңири жайылган практика»

Чек аралар маселеси боюнча эксперт Саламат Аламанов жерлерди алмашуу практикасы дүйнөдө кеңири жайылганын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде кабарлады.

«Биз [Барактын] тургундарына жакшы шарт түзүп берүү үчүн жерлерди алмашуу процедурасын сунуштаганбыз. Азырынча бул мүмкүн болбой турганы менен талкуу абдан узакка созулуп жатат. Эгерде аларды аткарышса, анда бул чек арага жакын жерлер маселеси боюнча кадимки эле талкуулардын алкагында болот, бирок бул жерде андай деле өзгөчө нерсе жок», — деди Аламанов.

Ал Барактын тургундары Кыргызстандын негизги аймагына өтүүдө жаралып жаткан кыйынчылыктарга арызданышканын кошумчалады. Аламановдун айтымында, бул көйгөйдү Өзбекстандын Кыргызстанга коридор ачып берүүсү менен чечип койсо болмок.

«Бирок [Өзбекстандын бийлиги] мындай кадамга барган жок, ошондуктан коңшулар менен жер алмашуу идеясы жаралды […] Биз [өзбек] жерин алып, ал Кыргызстанга тиешелүү болуп калат, ал эми Өзбекстан Баракты алып, ал жерде өзбек юрисдикциясы жүрүп калат», — деди Аламанов.

Эксперт жер алмашуу болгондон кийин жергиликтүүлөр кайсы жерде жашап кала турганын тандашы керектигин түшүндүрдү. Анын айтымында, алар Өзбекстанга тиешелүү болуп калган Барак айлында калып же башка жерге көчүшү керек.

Барак айлынын башчысы Бурканбек Ашыров эгерде Өзбекстан Барактын ордуна Кыргызстанга Бирлешкен айылын өткөрүп берсе тургундар ошол өзбек айлына көчүп бара ала турганын «Азаттык» үналгысына курган маегинде айткан. Өзбекстандын Бирлешкен айылы Кыргызстандын чек арасына жакын Ак-Таш айылынан алыс эмес жерде жайгашкан.

«Ошол Бирлешкен айылынан гектарына гектар жер бере турган болду. Эл чогулуп уруксат бердик. Азыркы күндө бул маселе иштелип жатат. Мен ошол бизге бериле турган жерди көрүп, ченеп жатканда өзүм кошо жүрдүм», — деп билдирген Ашыров.

Чек ара маселеси

Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик алгандан бери бир нече жолу өз чек араларын тактоого аракет кылган, бирок сүйлөшүүлөр учурунда чек ара так кайсыл жерден өтүшү керектигинин айынан талаш-тартыштар чыккан. Себеби ар бир тарап картадагы өз вариантына таянган.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр 2016-жылдын күзүндө Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган. Өзбекстанда бийликке келген Шавкат Мирзиёев 2017-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев менен чек аранын 85 пайызын тактоо жөнүндө макулдашкан.

Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеев. Фотосүрөт: Султан Досалиев

«Эми 15 пайызы кана калды. Эң башкысы саясий эрк болсо келише ала тургандыгыбызга көзүбүз жетти», — деп билдирген Атамбаев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1370 чакырымдан ашуун. Бирок эки мамлекеттин президенттери кол койгон документтерге карабастан, тараптар дагы 200гө чукул километр жерди такташтыра албай келет.

Эки өлкөнүн жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат. Ошондон улам чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай ирет чыр-чатактар чыгып турган.

Авторлору: Рустам Халимов, Эльвира Акимова