Ош шаарында жайгашкан Керме-Тоодогу аскадан жарака кетип, тургундардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндегилер кыш мезгилине чейин таштар кулатылып түшүрүлбөсө, жок эле дегенде 20га чукул турак-жайды басып калышы мүмкүн дешет.

Керме-Тоо калаадан төрт чакырым алыстыкта жана батыш жагында орун алган. Тургундар тоонун айланасына 2008-жылдан тарта отурукташа баштаганын айтат. Ош шаарынын карамагына кирген бул конушта учурда 400гө жакын үй-бүлө жашоодо. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) «Клоопко» билдиришкендей, азыркы күндө тоого жакын тургузулган 17 үйдү таш басып калуу коркунучунда турат. Мэриядагылар болсо тоонун боорунда жайгашкан жер тилкелери тургундарга мыйзамдуу берилгенин билдирди.

ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаиловдун айтымында, жергиликтүү калк асканын табигый кыртышын козгоп салгандыктан мындай коркунуч пайда болгон.

«Бул ташты элдер жардыруу менен бөлүшкөн. Аны курулушта пайдаланып келишкен. Эгерде ал табигый абалда турганда эч кандай коркунуч болбойт эле. Кар жааганда тоңгон таштардын ажырап кетүү коркунучу бар, жер титирегенде деле таштар кулашы мүмкүн», — деди Исмаилов.

Шайыргүл Мамырзакова алты баласы жана жолдошу менен жарака кеткен асканын дээрлик түбүндө салынган үйдө турат. Алардын тамы менен кооптуу абалдагы таштын ортосундагы аралык болгону 10 метрди түзөт. Бул үй-бүлө Керме-Тоого 2016-жылы көчүп келген. Мамырзакова аскадагы жарака айылга эл отурукташа электе эле болгонун айтат.

«2008-жылга чейин тиричиликтин айынан коңшу айылдагылар түндөсү аскадагы таштын астына дөңгөлөк жагышчу деп уктук. Ошондо таштар быдырап бошоп калган экен. Чынын айтканда биз дагы ушул эле таштардын бир машинесин 4000 сомго сатып алып, үй курулушуна колдонгонбуз. Сайдагы ташты сатып алууга чамабыз келген эмес. Эми мынтип таштар бир-бирден айылга түшүп, коркунуч жаратууда», — деди ал.

Эмчектеги баласын колунда кармаган Мамырзакова ӨКМден Керме-Тоого 2017-жылдын күз айларынан бери келип жатышканын айтат. Бирок бир жылга чукулдаса да андагы жараканы коопсуздандырууга байланыштуу иш-аракеттер көрүлбөй атыптыр.

«ӨКМдин министри өзү да келген. Ошондо тез арада түшүрүп беребиз деген. Эгерде бул таштардын бирөөсү эле кулап түшсө, анда артынан баары тоголонгон бойдон айылды аралап кетет. Улам-улам эле келип бизди чочута бербей, коркунучтуу болсо маселени чечип беришсин», — деди алты баланын энеси.

Жети жылдан бери Керме-Тоодо жашаган Айнура Карабаева шаар бийлиги каражатты оптималдуу эмес пайдаланып жатканын айтып, жайкы сахнанын ордуна ташты кулатып түшүрүшсө болмок деп кейиди.

«Катуу жамгыр жааганда коркобуз. Таш аралаш суу айыл аралап агат. Балдарыбыз ташка чыгып ойноп кетет, алар түшүнбөйт экен да. Жакшы кошунабыз асканы маал-маалы менен кайтарып турат. Айылда суу жок, бир литрин 30 сомго сатып алабыз, жол салынган эмес, жок дегенде таш маселесин чечишип беришсе болмок да?» — деп үшкүрүндү ал.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген география илимдеринин доктору Байсал Сатыбалдиев Керме-Тоодогу аска жаракалары табигый шартта деле пайда болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Ал жер аки-таш тектеринен турат, андагы талкалануу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Азыр ал тоодо физикалык талкалануу жүрүп жатат. Температуранын өзгөрүшүнө байланыштуу тоо тектери көчүп түшүшү мүмкүн. Кыш мезгилинде жаракаларга суу кирет. Кирген суу түндө температуранын төмөндөшүнө байланыштуу жаракаларды тебет дагы, таштар талкаланат. Бизде өсүмдүктөрдүн тамырларын жулуп алган учурда да тоо тектеринде жарака пайда болот», — деген доктор кулоо алдында турган таштарды химиялык заттарды пайдалануу менен түшүрсө болоорун белгиледи.

ӨКМдин маалымат кызматынан тоо бөлүкчөсүнүн кулап кетүү коркунучунда турган таштарды түшүрүү долбоорун түзүү боюнча шаар мэриясына 18-июнда кат жолдонгонун «Клоопко» билдиришти.

Ош мэриясынын коргоо, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Алтын Пирматов долбоорду жазуу боюнча иштер башталганын айтып, бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөнүн кабарлады. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн дагы 2-3 млн сом каражат керектелет.

«Бишкекте “Витраж” деген фирма бар экен. Ошолор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын негизинде долбоорун жазып жатабыз. 2018-жылкы бюджетке бул маселе кирбей калгандыктан мэриянын финансы бөлүмү калган каражатты издеп жатат. Акча табылаары менен ӨКМ Керме Тоодогу кооптуу аскадагы таштарды түшүрүү иштерин баштайт», — деди Пирматов.

Сүрөттөрдүн автору: Гүлбурак Мидин кызы
Редактору: Элвира Акимова