«Клооптун» журналисти Бишкектин Жогорку окуу жайларынын студенттери менен жайкы практиканы кантип өтөшкөнү жөнүндө сүйлөшүп келди. Кээ бири пол жууп, жетекчиге кофе ташыганга аргасыз болушса, ал эми айрымдарыныкы мындан да жакшы болгон. Алар шаардын райондорун долбоорлоп, төрөт кабыл алышкан.
Практиканын биринчи күнүндө төрөткө катыштым
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти (КММА) Даянанын айтымында, жайкы практикада аны төрөт бөлүмүнө жиберишкен. Даяна ал жактан биринчи күнү эле төрөт кабыл алганын айтат.
«Төрөт бөлүмүндөгү практика төрөткө катышууну билдирет. Бирок мен бул биринчи күнү дароо эле болот деп күткөн эмесмин», — дейт ал.
Алгач аны кабыл алуу бөлүмүнө жөнөтүшкөн, бирок Даяна көбүрөөк тажрыйба алуу үчүн ага оор жумуш берүүсүн өтүнгөн. «Мени ошондуктан ал жакка жиберишкен», — деп эскерет ал.
Түшкү маал болуп калган кезде толгоосу башталып калган аялды алып келишип, Даянаны бейтапты төрөткө даярдоо үчүн жөнөтүп жиберишкен.
«Мен кош бойлуулук жөнүндө жана төрөт процесси тууралуу көп окугам. Бирок китептен окуган башка. Ал эми муну өз көзүң менен көрүү таптакыр башка», — деп айтат ал.
Анын айтымында, төрөт жети саатка чукул уланган. «Башында өзүмдү кармап, даяр эле болдум. Мен түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун угуп жаткам — бул сөз менен айтып жеткиргис сезим», — дейт Даяна.
«Процесстин кульминациясына жакындаганда эмне болуп жатканын түшүндүм. Бир убакытка чейин нес болуп калдым. Бирок өзүмдү колго алып, акушерге төрөттү кабыл алууга жардам бердим. Төрөт залынан чыгып, досума эч качан төрөбөйм деп жазганым эсимде», — деп күлүп эскерет Даяна.
Практиканы өзүңөр тапкыла
Кыргыз-Орус Славян университетиндеги (КОСУ) табигый-техникалык факультеттин сурамжылоого алынган студенттеринин айтымында, окуу жайга тапшырууда аларга КОСУ кызматташкан компанияларда практика өтөө мүмкүнчүлүгүн убада кылган.
Бирок жайында жогорку окуу жайдын администрациясы практиканы университетте өтөөнү же практика өтөөчү жайды өздөрү издеши керектигин сунуштаган. Студенттердин кээ бири практика өтөөчү мекемени таба албагандыгына байланыштуу, «университеттин келечеги үчүн» иштөөгө мажбур болушкан. Айбек (аты өзгөртүлгөн) ошондой студенттердин катарына кирет.
«Биз жыйноо иштерин жасап, эмеректер менен столдорду ташыдык. Мен, мисалы, терезе парда жуудум», — деп эстеди ал.
Башка адистиктин студенттери да өзгөчө биринчи жана экинчи курстан кийин практика өтчү жерди таба албай калышат.
КОСУнун Эл аралык мамилелер кафедрасында окуган студент кыздын айтымында, аларды группалаштары менен жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясына жиберишкен. Аларга абитуриенттердин документтерин кабыл алууга туура келген.
«Эки самса жана кола сатып кел»
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) студенти Иван (ысымы өзгөртүлдү) практика өтөө учурунда дээрлик пайдалуу тажрыйба ала албагынан айтууда. «Биз биринчи курстан тарта эле пол жууп, оорулардын тарыхын толтуруп келебиз. Анда-санда эле ийне саябыз», — дейт ал.
Стаж өтөп жаткан студенттер поликлиникада жана ооруканаларда көбүнчө эч нерсе кылбастан, жөн эле убакыт коротушат деп кошумчалайт Иван.
«Терезеге жөлөнүп алып китеп окуп тура бересиң, анткени отурганга жер табылбайт. Жаныңдан өтүп бара жаткан врач "Сен, китеп кармаган очкичен — демек сен акылдуу жана жоопкерчиликтүү экенсиң да. Мына сага акча, эки самса жана бир кола сатып келе кал" деп тапшырма берет. А мага эмне? Жок дегенде уктап калган бутуңду ойготуу үчүн барып келгенге аргасызсың», — деди Иван. Ал мындай нерселерди адаттагыдай эле иш деп эсептейт.
Иван медициналык практика пайдалуу болушун каалайт. «Россияда окуган көпчүлүк тааныштарым практика тууралуу көп кызыктарды айтып беришет. Алар операцияларда да жардам беришет, дарылашат дагы. Мен кээде уялып кетем. Ушунча жыл окуп, жарытаарлык эч нерсе көрбөдүм», — деп даттанат ал.
КММАнын экинчи курстагы студенти Айжан (ысымы өзгөртүлдү) эки жолу практикага чыккан. Бул жайда аны Бишкектеги төртүнчү шаардык ооруканага жөнөтүшкөн.
«Жайкы практикада биз бейтаптарды ташып, жаракаттарды тазалап, кээде иш жерибизди жыйначубуз. Бирок көбүнчө биз медайымдардын жана дарыгерлердин иштегенин байкап, үйрөнчүбүз. Кээ бир медайымдар бизге тамак-аш да беришчү», — дейт Айжан.
Ал жеке клиникада өтөгөн кышкы практикасын эстеп, «ординаторскийде жөн эле отурганын» айтып берди. Айжан ошол практиканы «бекерчилик» деп атап, ал учурда ага ийгилик жылмайбай калган деп эсептейт.
Жайында жаңы Бишкекти сүрөткө тартам
КОСУнун архитектура жана дизайн факультетинин студенти Дмитрий практиканы Мамлекеттик долбоорлоо институтунда (МДИ) өткөргөн.
Бир айлык тажрыйба топтоодо ал жана башка студенттер шаардык райондордун бирин өзгөртүү боюнча план иштеп чыгуусу керек эле. Анын сырткы келбетин өзгөртүп, келечекте Бишкек шаарын кандай элестетээри тууралуу өздөрүнүн идеяларын сунушташы керек болгон.
«Алгач бардыгыбызды МДИге чогултуп, уюм тууралуу айтып беришти. Андан соң жетекчи келип, бардыгыбызга тапшырма таратып кетти. Ким кайсы участокто иштей турганын картадан көрсөттү. Бизди бир нече топторго бөлүштү, ошентип ар ким өз жумушун жасап жүрдү», — деп эскерди ал.
Ага ботаникалык бак жана Түштүк-2 микрорайону түшкөн.
«Негизи МДИ болгону пландар менен чиймелерди иштеп чыгат, бирок биз аны түшүнүктүүрөөк көрсөтүш үчүн пландын көлөмдүү көрүнүшүн жасап чыгышыбыз керек эле», — деп айтып берди Дмитрий.
Анын айтымында, студенттердин иши мэрияга жана өкмөткө көргөзүлөт деп убада беришкен.
«Эми азыр студенттердин иши камтылган альбомдор чыгып жатат. Ал МДИ эмне жумуш аткараарын көрсөтөт, — дейт ал. — Студенттер иштеп чыккан долбоорлордун 15 пайыздайын келечекте ишке ашырууга аракет кылышууда».
Эрингендигим үчүн акча берип бүтүрдүм
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) студенти Мараттын (аты өзгөртүлгөн) айтымында, ал практикага баргандан эринип, акчага документтерди толтуруп берген тааныштарды тапкан.
«Практикада кылган жумушубуз бул кагаз жана кофе ташымай. Ошондуктан мен практикамды акча берип бүтүрдүм. Белгилүү бир акчага мөөр басып, мүнөздөмө жазып беришкен тааныштарды таптым. Андан соң документтин бардыгын академияга жөнөтүп койдум», — дейт Марат.
КММАнын студенти Айгерим (аты өзгөртүлгөн) практика учурунда ботаникалык бакта өскөн, дарылык касиети бар чөптөрдү изилдөө менен бирге ал жерди тазалоосу да керек эле. Ага жогорку курстардын студенттери бакчада иштегендер менен сүйлөшүп акчага практика өтөдү деген мөөр бастыртып ал деп кеңеш айтышкан.
«Күн кайнап жаткан кезде ботаникалык бакчага барып, тикенек тазалагым келбеди», — деди ал.
Сурамжылоого катышкан студенттер практиканын натыйжалуулугу бир нече факторлордон көз каранды деп айтышууда: ЖОЖ, адистик, практика өткөн жер.
Ошондой эле, студенттердин кураторлору менен практика жетекчилери чоң роль ойнойт. Практиканын пайдалуу же майнапсыз болоору көбүнесе адамдын өзүнө гана байланыштуу болот.