Сүрөт: Кыргызстандын футбол федерациясы

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U23) Азия оюндарынын футболдук турниринин тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу матчында утулуп калды. Түштүк Кореяга каршы жолугушуу 0:1 эсебинде аяктады.

Кыргызстан Азиаданын плей-оффуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калды. Игорь Кудренконун шакирттери Түштүк Кореянын курамасынан 0:1 эсебинде жеңилип, Е тайпасында төртүнчү орунга чыкты.

Бул оюндагы жалгыз гол Сон Хын Минге таандык. Лондондун «Тоттенхэминин» жарым коргоочусу топту бурчтан берген пастан соң киргизип, Түштүк Кореянын курамасын тайпадагы биринчи орундан плей-оффко чыгара алды.

Тайпадагы экинчи орунду Малайзиянын курамасы, ал эми үчүнчү орунду Байхрейндин футболчулары ээлеп калышты. Кыргызстан менен Түштүк Кореянын матчын утурлай эле өткөн матчта Е тайпасындагы Бахрейндин курамасы малайзиялыктарды 3:2 эсебинде жеңип алган.

Азия оюндарындагы футбол

Азия оюндары — Азия өлкөлөрү үчүн Олимпиада оюндарынын аналогу. Бул футболдук турнирде өлкөлөрдүн олимпиадалык курама командалары катышышат. Командада жашы 23төн жогору болгон үч эле оюнчу катыша алат.

Жалпысынан тайпалык баскычта алты топко чачыратылган 25 курама катышат. Алардын мыкты 16 командасы ⅛ финалга өтөт.

Плей-офф баскычына өз тайпасындагы экиден мыкты команда жана үчүнчү орунду ээлеген дагы төрт команда өтөт.

Азия-2019 Кубогунда жолугушуу

Кийинки жылдын башында кыргызстандыктар кайрадан түштүк кореялык футболчулар менен жолугушат. Бирок Азия Кубогунун плей-офф жолдомосун олимпиадалык курамалар эмес, улуттук курама командалар ойнотушат.

Тайпалык баскычтын Кыргызстан — Түштүк Корея матчы Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өтөт. Александр Крестининдин шакирттери анда Кыргызстандын олимпиадалык курамасы менен ойногон Сон Хын Мин жана Чо Хён У, андан сырткары, футбол боюнча дүйнө чемпионатында Германиянын курамасын жеңип алган башка футболисттер менен жолугушат.

Азия биринчилигине даярдануунун алкагында Кыргызстандын курамасы Палестинага (6-сентябрь) жана Сирияга (10-сентябрь) каршы экиден расмий жолдоштук беттеш өткөрөт.