Бишкекте ирригация тармагынын абалы өтө деле жакшы эмес. Арыктар таштандыга толгон, ал эле эмес арыктар талаптарга жооп бербейт. Ал эми калаадагы бак-дарактардын бардыгын сугарууга суу жетишсиз.
Бишкектин борборунда XX кылымдын башында салынган бир канча жашыл аймактар бар. Аларды сугаруу ал убакта жакшы долбоорлонгондугуна байланыштуу, бул аймактар азыркыга чейин сакталып калган. Алардын бири Эркиндик бульвары, анын астынан 100 жыл мурун казылган «казыналык арык» өтөт. Бул арык бак-дарактардын жашоосун улантып, сергитип турат.
Бишкекте арыктар кантип курулган?
- Пишпек шаарга айланганга дейре XIX кылымда болочоктогу борбор калаанын аймагында арыктар бар болгон. Отурукташып калган жергиликтүү калк андан ичүүчү жана сугат суусун алып турган.
- 1878-жыл — шаардын курулушунун алгачкы планы пайда болгон. Анда өсүмдүктөрдү сугаруу системасы да эске алынган.
- 1933-жыл — ирригация системасын караган, сквер жана бакчаларды куруу ишин жүргүзгөн «Шаардык жашыл чарба курулуш» ишканасы түзүлгөн.
- 1958 -жыл — Чоң Чүй каналы казылган.
Изилдөөчү Владимир Миронов «Бишкектин жашыл аймактары» китебинде арыктар азыркы заманбап Бишкектин аймагында 19-кылымдын экинчи жарымында Орусия императорлугу басып алуу жүрүштөрүнө чейин эле болгондугун жазган. Арыктар жергиликтүү калкка ичүүчү жана суугаруучу булак болгон.
Толугу менен арык аркылуу сугаруу системасы 1878-жылы пайда боло баштаган. Ал убакта аскер губернатору «Пишпек шаарынын божомолдонгон жайгашуу долбоорунун планын» бекиткен.
Ошол күндөн баштап Пишпектин шаар катары курулушу башталган. Көчөлөрдү шахмат түрүндө бөлүшкөн. Мындай көрүнүш шаардын аймагындагы бак-дарактарды сугаарууга өбөлгө түзгөн.
Шаардын администрациясынын планы боюнча, анын ар бир тургуну өз үйүнүн жанына кеминде 25 дарак отургузушу керек болчу. Ал эми ар бир соодагер Пишпекти жашылдандырууга акча бөлүүгө милдеттүү болгон.
«Кыска убакыттын ичинде Пишпектин жашыл өсүмдүктөр өскөн аймагы көбөйүп, ошого ылайык сугарууну системалык түрдө уюштуруу муктаждыгы жаралган», — деп эскерет Миронов.
Эколог Эмил Шүкүров алгачкы борбордук сугат системасы Пишпекте 1917-жылы Октябрь революциясына чейин эле пайда болгонун, бирок бак-дарактар көбүнесе жер кыртышынын астындагы суулар менен азыктанганын айтууда. Ал шаар чакан кезинде арык системасы жакшы иштеп турганын кошумчалады.
Революциядан кийин шаардын ирригациялык системасы начарлай баштаган. Көйгөйдү 1933-жылы «Шаардык жашыл чарба курулуш» ишканасы түзүлгөндөн кийин гана чечүүгө мүмкүн болгон. Ошол жылдан баштап парк жана гүл бакчаларды көбүрөөк кура башташкан.
Ал учурда Фрунзе деп аталган Бишкекте 1940-жылдары кургак участокторду Чу дарыясынан суу менен камсыздоо үчүн Чоң Чүй каналы (ЧЧК) курула баштаган. 1960-жылдары шаар жогору өсө баштап, калаада көп кабаттуу үйлөр жигердүү курулуп, алар үчүн котлован казуу муктаждыгы жаралган. Бул арыктар менен бирге эле бак-дарактарды сугарган жер кыртышынын алдындагы суулардын азайышына алып келген.
Бишкектин ирригация системасы азыркы абалында 1968-жылы өкмөт ЧЧКнын чыгыш тарабын куруп бүткөндөн кийин түзүлгөн деп жазат Миронов.
Эколог Дмитрий Ветошкин Бишкек чөл жана талаалар аймагында жайгашкан деп түшүндүрөт. Ошондуктан бак-дарактар соолуп калбашы үчүн аларды мезгил-мезгили менен сугарып туруш керектигин айтат.
Ветошкиндин айтымында, европалык шаарлардан айырмаланып, Бишкектин климаты шаардын сыртында эмес, ичинде жаралат.
«Бишкектин климаты — бул Ала Тоо же Жеңиш аянты: ысык, кургак, чаң. Эгер анын жанындагы Эмен бакчасына кирсең ал жер салкын, жайлуу жана абдан жакшы», — деп түшүндүрөт эколог.
Ал кошумчалагандай, Бишкекте арыктар өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн гана эмес, ошондой эле абаны нымдап, чаңдардарды кетирип, шаарды тазалап турат.
Шаар канчалык чоң болсо, сугаруу көйгөйлөрү да көп болот
Убакыттын өтүшү менен Бишкек курулуштун саны өсүп, жергиликтүү өкмөт ирригация тармагынын сапатын байкоого үлгүрбөй калган.
Ага байланыштуу бир нече көйгөй бар:
- Туура эмес долбоорлоо. Калаа курулушчулары жаңы имараттардын айланасындагы өсүмдүктөрдү сугарып туруу керектигин дайыма эле түшүнө беришпейт. Айрым жерлерде арыктарды дренаж тешиктери жок эле салып коюшу мүмкүн.
- Арыктардагы таштанды. Шаардыктар таштандыны дайыма арыктарга ыргытышат, ал эми шаардын тазалык кызматтары ирригация тармактарын көп деле тазалабайт. Бул арыктардын ичи таштандыга толуп, анын ичиндеги суу жолго чыгып кетишине алып келүүдө.
- Арыктар дээрлик оңдолбойт. Бардык арыктардын жарымына чукулу оңдоп-түзөөгө муктаж. Начар арыктар сугат мезгилинде суунун жоголушуна алып келип жатат.
Сапатсыз арыктар
Долбоорчулар жаңы имараттар менен жолдорду курууда дайыма эле арыктар түшө турган жерди эске алышпагандыктан, ирригациялык каналдардын тармагы үзүлүп кетет: айрым жерлерде суу тротуарга жайылат, дагы башка жерде тескери, арыкка чейин жетпей калат.
Дмитрий Ветошкиндин айтымында, Токтоналиев көчөсүн оңдоодо арыктар туура эмес коюлган. Аларда өсүмдүктөрдү сугаруучу тешиктер жок. Ал эми арыктар өтө эле бийик жайгашкандыгына байланыштуу суу көпчүлүк учурда арыкка кирбей калат.
Жергиликтүү жашоочулардын бири жолдорду оңдоодо бак-дарактар соолуп жаткандыгына арызданып, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары аларды суу түтүктөн сугарып жатышканын айтат.
Кыргызстандагы ирригация адистеринин бири Валентина Курлюктун айтымында, долбоорчулар жолдорду курууда жана жаан-чачын убагында суулар арыктарга ага тургандай эңкейиш жерлерди эске алышпайт.
«Долбоорду түзгөн адамдар, менин тажрыйбамда ирригация адистери же гидротехниктер эмес. Жолдорду түзгөн адамдар эңкейиш деген эмне экендигин билишет, бирок гидротехниктерге керектүү нерселерди сакташпайт», — деп түшүндүрөт ал.
Булганган арыктар
Жергиликтүү бийликтин арасында арыктарды тазалоо боюнча милдеттер так бөлүштүрүлбөйт. Бул ишти «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык», райондук администрациялар, муниципиалдык аймактык башкармалыктар жана имараттар менен жер участокторунун ээлери аткарышы керек. Бирок натыйжада арыктарды таштандыдан арылтуу маселесинде жооптуу эч ким жок.
«Бардык нерсени өзү бүтөт деп таштап коюшат. Көчө шыпыргандар таштандыларды тротуарлардан арыктарга кадыресе көрүнүштөй таштап салышат, ал эми аларды эч ким тазалабайт. Таштандылардан пайда болгон тыгындарды “Бишкек жашыл чарба” кызматкерлери тазалашат. Алар бул нерсени өздөрү каалагандыктан жасап жатышкан жок. Кызматкерлерге суу керек, ал эми суу болсо тротуарларга, жолго чыгып кетет. Тазалоого мажбур болушат», — деп түшүндүрөт Валентина Курлюк.
Көпүрө жана тротуар өтмөктөрүнүн алдындагы арыктардын оозунда таштандыны өткөрбөй тосуп турган торчолор жок, ошондуктан алар толуп калат. Мунун айынан суу арыктан чыгып, көчөлөрдү каптайт.
Андан тышкары, суу тургундардын айынан сугат маалында жоголууга дуушар болот. Алар өз аймагын жашылдандыруу үчүн арыктагы сууну өз жер тилкесине буруп алышат. Натыйжада өсүмдүктөр сугатсыз калып, башка участокторго жетпей калат.
Арыктарды оңдошпойт
Курлюк өз сунушунда Бишкектин өкмөтүнө шаардагы ирригациялык каналдардын жарымынан көбүн оңдоо керектигин жазат. Алардын канааттандыраарлык эмес абалы чоңдогон жоготууларга алып келгендигин айтат.
Курлюктун айтымында, ирригацияга жооптуу болгон «Бишкек жашыл чарбага» каржылоо жетишпейт. Ал эми эскирген техника жараксыз абалга келүүдө.
Ишкананын өзү ирригациялык системалардын 40 пайызы «канааттандыраарлык эмес абалда» болгондугун мойнуна алат. Бирок, «Жашыл чарбада» ирригациялык тармакты жаңылап жатышканын айтып, 2018-жылы оңдоо иштерине 25 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалашты.
«Алгач 12-кичи райондо узундугу 3 километр ирригация тармагын орнотуу жана оңдоо пландаштырылууда. Ошондой эле 7-кичи райондогу ирригация тармагын оңдоо жана жаңыртуу да планда бар», — деп билдиришти ишкандагылар.
Суунун жетишсиздиги
Валентина Курлюктун айтуусу боюнча, Бишкекте өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн керектүү суунун жарымы гана бар.
«Шаар ичинде жана шаар четинде скважиналарды жаңыдан тешип чыгуу керек. Суу ресурстарынын жетишсиздигинен паркттарды, гүл бакчаларды сугаруу үчүн жаан-чачын чогултуу жана тамчылап сугаруу системаларына өтүү сунушталат. Бул система аркылуу суу ресурстарын 25%га чейин үнөмдөөгө болот», — дейт Валентина Курлюк.
Ал өсүмдүктөрдү сугаруу чыгымдуу болсо да, жер кыртышынын алдындагы сууларды пайдаланууну сунуштоодо. Бул үчүн жаңы суу булактарын таап, ал жерлердерде жаңы скважина куруу керек.
Курлюк СССР доорунда эле ирригация үчүн шаарда 28 скважина курулганын эстеди. Азыр анын ичинен болгону 13ү гана иштейт.
«Калган 15 скважина... электроэнергия, соргучтар, кыймылдаткычтар жок же болбосо скважина тазалоочу шаймандар жок — техника жок», — дейт ал.
Бишкектин башкы планына ылайык жергиликтүү өкмөт арыктардын узундугун 2025-жылга чейин 2300 чакырымдан (2010-жылдын маалыматы) 5800 чакырымга дейре узартууну пландоодо.
Авторлор: Камилла Халилова, Улан Асеков, Марина Зинченко жана Бермет Турман