*ысымы өзгөртүлдү
Алтынай* 24 жашта. Ал эгер ата-энеси Орусиядан акча салып турбаса эмне кылып, кантип жан багыштын айласын таппай калат. Алтынай ай сайын жөнөтүлгөн 20 миң сом болбосо оңтойсуз абалда калат, анткени ага ата-энесинен башка эч ким жардам бербейт.
Ал үч жылдан бери чоң энеси менен жашайт. Бирок чоң энесинин пенсиясы эч нерсеге жетпейт.
Ал Баткендин Лейлек районунда жашайт. Алтынай өз айылдаштары дайыма чет өлкөгө иштегени кетишээрин айтат. Бул жерде жумуш ордулары жетишсиз, жаңы ишканалар ачылбайт, ал эми көпчүлүгү маморгандарда аз маянага иштешет.
Чынында эле акыркы 10 жылда Кыргызстандан чет өлкөгө иштегени адамдар көп кете баштаган. Ошол эле Орусияда 800 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Алардын көпчүлүк бөлүгү эмгек мигранттары. 2017-жылы алар Кыргызстанга 2,5 млрд доллар которушкан — бул бүткүл өлкөнүн бюджетинин чыгымдарынан ашат.
Кыргызстан мигранттардын ИДПга акча которууларынын үлүшү боюнча экинчи жыл катары менен дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлейт. Бул рейтингде ал Тажикистан жана полинезиялык Тонга падышачылыгынан ашып кеткен.
Алтынай чоң энеси менен жашаган Баткен облусу өлкөдөгү эң жакыр аймак. Ал эми анын калкынын 40% жакырчылыкта жашайт. Бул адамдардын ар биринде айына 2600 сомго жетпеген гана каражат бар. Мигранттар акча которбосо мындай адамдардын пайызы облуста коркунучтуу 60 пайызга жетиши мүмкүн.
«Клооп» Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып эң аялуу облустардын рейтингин түзүп көрдү. Аймак канчалык кедей болсо, ошончолук ал мигранттардын акча которууларынан көз каранды. Биринчи кезекте бул Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына тиешелүү.
Улуттук банктын айтымында, мигранттардын акчасы жумушсуздук менен жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү менен «мамлекетке социалдык чыңалууну чечүүгө жардам берет». Миграция боюнча эксперт Эмиль Насритдинов мамлекет мындай жол менен жоопкерчиликтен кутулууда деп эсептейт: «Миграция калкка ачкачылыктан өлбөй жашап кетүүгө жардам берет. Өкмөткө ушул гана нерсе керек. Ал өзүнөн бул жоопкерчиликти мойнунан алып, мигранттарга жүктөп салууда».
Мигранттардын акчасы ичип-желип кетет
Акча которуулар чындыгында кедей кыргызстандыктарды ачка калуудан сактап калат. Бирок бул акчалар көбүнесе ичип-желип кетет. Бул тууралуу Алтынай өзү да айтууда: «Азык-түлүк, кийим-кечек сатып алабыз. Менин студент эжем бар, ал Бишкекте окуйт, ага да акча жөнөтүшөт. Акча чогулта албайсың. 1000-2000 сом үнөмдөгөн учурлар болот, бирок көбүнчө акчанын бардыгы кетип калат».
Улуттук банк 2800 үй-бүлөгө жүргүзүлгөн сурамжылоонун маалыматтарын изилдеп, кыргызстандыктардын үчтөн төрт бөлүгү мигранттардын жөнөткөн акчаларын күнүмдү товарларга жумшашаарын аныктаган: тамак-аш, кийим-кече, тиричилик буюмдары. Билим алууга же ден соолукка караганда бул акчалар үйлөнүү-үлпөт тойлоруна көбүрөөк сарпталат.
Алтынайдын айтымында, Лейлектеги көпчүлүк үй-бүлөлөр мигранттардын акчасына эле жашабастан, насыя да алып, аны акча которуулардын эсебинен жабышат: «Ар бир үй-бүлөдө эки-үчтөн чакан насыя бар. Адатта насыя тойлорго алынат. Бизде той-аштар көп болот. Айрымдар үйлөрүн же машинасын оңдоо үчүн алышат. [...] Адамдар бул жактан кетип жатышса да билетти насыяга алып, кийин аны туугандары төлөшөт».
«Клооптун» эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстандагы ар бир онунчу той мигранттардын акчасына өткөрүлөт. Бул туурасында эксперт Насритдинов да айтууда: «Айрым эксперттердин оюнда той өткөрүү — бул акчаны жөнү жок коротуу, анткени мигранттар эбегейсиз эмгек менен акча табышат. Ал эми бул акчалар жөн гана бир күндө коротулуп кетет. Кээ бир эксперттер той-аштарды убакыттын өтүшү менен кандайдыр бир дивиденд алып келген социалдык капиталга кошулган салым деп эсептешет. Бирок мен көбүнесе биринчи пикирге кошулам».
Улуттук банк мигранттардын каражаттарын күнүмдүк товарларга коротуу «жаман эмес» деп эсептейт. Ал жакта күнүмдүк керектөө экономиканы стимулдаштырып, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө көбүрөөк продукция сатууга жардам берет деп айтышууда. Албетте, мигранттар тапкан каражатка Кыргызстандын гана эмес, импорттук товарларды да сатып алышат.
«Гастарбайтер»
Өлкөнүн экономикасы жакшы өсүшү үчүн инвестициялар керек. Акча которууларды бизнеске, банк секторуна же баалуу кагаздарга салууга болот эле. Бирок Улуттук банктын иликтөөсүнө ылайык, кыргызстандыктардын 0,3% гана мындай кадамга барат.
Мындай демилгелүү инсандардын бири Медер Баткен облусунан болот. Ал беш жылдан бери Исфанада өнөктөштөрү менен чогуу курулуш материалдарын сатып келет. Азыр ал Орусияда иштеп жүргөн кезине салыштырмалуу көп акча табат. Медер Орусияда үч жыл жүк ташыгыч жана курулуш кызматкери болуп иштеп, кээде суткалап, кээде дем алышсыз эмгектенген күндөрдү өткөргөн.
«Москвага аргасыздан кеткем, бул жакта жумуш жок болчу. [...] Ал убакта менде кредит бар эле, апам да катуу ооруп жүргөн. Ал эми иним болсо биринчи топтогу майып. Ошентип кетүүгө туура келди», — деп эскерет Медер.
Орусияда ал («гастарбайтер болуп калбаш үчүн») жеке иш тууралуу кыялданчу, ошонтуктан анын ата-энеси баласы жөнөткөн акчаларды чогултуп баштаган. Андан соң Медер жыйналган акчага жеке бизнес ачууга үлгүргөн.
Мамлекет эмгек мигранттарын колдоо жана алардын акча которууларын бизнеске тартуу боюнча программаларды түзбөйт. Бул жагдайды Эмиль Насритдинов да тастыктады: «Коррупциянын деңгээли өтө жогору. Азыр мен мигранттардын чакан жана орто бизнестин өнүгүүсү үчүн кошкон салымын байкай элекмин».
Улуттук банкта коммерциялык банктар мигранттардын акчасын каржы секторуна тарта алышмак деп эсептешет: өзгөчө шарты бар депозиттерди ачуу, каржы сабаттуулугу боюнча кеп-кеңештерди же мекенине кайтып келген мигранттар үчүн бизнес өнүктүрүүгө насыя берүү.
Ал эми банктар өзү бул нерсени жасоого белсенишкен жок. Алар ири бизнес насыяларынан, которулган акчалардын комиссияларынан жана өздөрүнүн кардарларын тейлөөдөн акча табууну көздөшөт.
Улуттук банк өзүнүн ролун «баалардын туруктуулугу» менен «макроэкономикалык көрсөткүчтү» камсыздоодо деп эсептейт. Ал өкмөт менен бирге кыргызстандыктарды акчалаларды натыйжалуурак пайдаланууга үйрөтүү аракетин көрүүдө.
Медер өз бизнесин өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатып, көптөгөн жердештери акча табуу үчүн чет өлкөгө кетип жатканын көрүүдө. «Биздин өлкөдөгү абал оңолбогону үчүн көпчүлүк чет өлкөдө калып жатат», — деп кошумчалады ал.
Көз каранды Кыргызстан
Дүйнөдө бир да өлкө Кыргызстан сыяктуу мигранттардын акчасынан көз каранды эмес. Эгер 10 жыл мурда акча которуулар өлкөнүн ИДПсынын 20 пайызын гана түзсө, азыр ал дээрлик 40 пайызга чейин жетет.
Акча которууларга болгон көз карандылык кыргыз экономикасы үчүн коркунучтуу. Бул нерсени 2014-2015-жылы Орусияда болгон каатчылык көрсөтүп койду. Ошол учурда акча которуулар төмөндөп, жакырчылык 1,5 пайызга жогорулаган.
«Баткен жакшылык деле көрбөйт. Кокустан Орусияда дагы бир жолу каатчылык болсо, анда абал ого бетер начарлап кетет. [...] Бул туруксуз жана ишеничтүү эмес. Күтүүсүз жерден эле каатчылык болуп кетиши ыктымал», — дейт эксперт Насритдинов.
Анын пикири боюнча, акыркы жолу Орусияга каршы колдонулган санкциялар жана мигранттар үчүн Орусияда каттоо эрежелерин татаалдаштыруу алардын акча которууларына да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ал эми Кыргызстандын өкмөтү бул көйгөйлөрдү өзү каалагандай чечүүгө камынууда. Алар 2040-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында тышкы миграциянын географиясын мындан көбүрөөк кеңейтүүнү пландашкан. Бул үчүн өлкө өз жарандарына чет өлкөгө акча табууга кетүү үчүн жардам берип, алардын чет өлкөдө атаандаштыкка туруштук берүүсүн жогорулатмакчы. Өлкөнүн мигранттардын кыйынчылык менен тапкан акчасына дагы да болсо көпкө чейин жашай турганы байкалып турат.
Материалдын үстүнөн иштегендер: Савия Хасанова, Анна Капушенко
Редакторлор: Анастасия Валеева, Дмитрий Мотинов, Эльдияр Арыкбаев
Иллюстрация: Дарья Удалова
Бул изилдөөнүн үстүндө иш алып баруу Internews «Медиа-К» долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду. Долбоорду Кыргызстанда каржы жагынан USAID Дүйнөлүк банк менен IDEMдин өнөктөштүгүндө колдойт.
Авторлордун тыянактары донорлордун пикири менен дал келбеши мүмкүн.