Ош шаарынын борбордук аянтында 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, оюн-зоок менен коштолгон иш-чарага 10 миңден ашуун тургун күбө болду.

Үч саатка созулган концерт жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоо сөзү менен башталды.

Шаардык маданият башкармалыгы көрүүчүлөргө театралдаштырылган оюн-зоок уюштуруп, иш-чара эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы чыгармалар менен коштолду.

Ош шаарынын тургуну Керимбек Карыпов майрамды белгилөө үчүн үй-бүлөсү менен аянтка келген.

«Эгемендүлүк майрамынын мааниси Кыргызстан үчүн терең. Ушул өлкөдө жашап, турмуш кечиргениме эл катары шүгүр кылам. Кыргызстан түбөлүктүү, түптүү мамлекет. Азыр эми анча-мынча кемчилигибиз бар аны жоюшка аракет кылабыз», — деди ал.

Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүнкү майрамга карата даярдык бир жума мурда башталган. Көрүүчүлөрдүн коопсуздугун укук коргоо органдарынын 100дөн ашуун кызматкери, эки унаа тез жардам кызматы жана бир өрт өчүргүч күзөтүп турду.

Программанын алкагында, ИИМдин кызматкерлери даярдыгын сахналаштырып көрсөтүү учурунда жасалма жардыруу орун алды. Буга күбө болгон бийчи кыздардын бири өзүн жоготуп койгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал сахналаштыруу коюлуп жатканда катуу чыккан үндөн коркуп кеткен.

Беш мүнөттөн кийин тез жардам кызматы келип, кызга алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Кыз өзүнө келгенден кийин дарыгерлер аны үйүнө коё берген. Алардын айтымында жабырлануучуга тынчтык керек.

Өзүн жоготкон кыз «Клооптун» журналистине курган маегинде аты-жөнүн айтууну каалаган жок. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык коллеждин 1-курсунда окуган кыз, учурда өзүн жакшы сезип калганын билдирди.

«Азыр жакшы элемин. Аянттагы жардыруудан улам катуу коркуп кеттим. Иш-чара башталаарда жардыруу болбосо экен деп ойлонуп жаттым. Капыстан эле катуу үн чыкты. Бүгүнкү концертте мындай иш-чара болоору туурасында бизге алдын-ала эскертишкен эмес», — деди ал.

Ош шаардык мэриясынан «Клоопко» билдиришкендей, сахналаштырууну ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы отрядынын кызматкерлери өткөргөн.

«Үндү күчөтүүчү заттар колдонулган. Бирок ал башталаарга чейин алып баруучу баарына алдыда эмне болоору туурасында тааныштырган. Кызга медициналык жардам көрсөтүлүп, анын өмүрүнө коркунуч жок», — деди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Ошондой эле, эс алуучулар үчүн аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, теннис боюнча мелдеш уюштурулду.

Аянттагы концерттик программа жыйынтыкталган соң, бул ирет «Алымбек Датка» этно-комплексинде Жапалак аймактык башкармалыгы тарабынан боорсок фестивалы жана сармерден уюштурулду.

Фестивалга боорсоктун 10го жакын түрү коюлуп, айыл-чарба продукциялары дагы көрсөтүлдү. Кыз-жигит айтышы болгон сармерденге Жапалак аймактык башкармалыгынан 30га чукул өнөрпоз катышты.

Саат 19:00 чамасында борбордук аянтта эстрада жылдыздары катышкан концерт болмокчу.

Башка жылдардан айырмаланып бул жылы Эгемендүүлүк майрамы Ош шаарында бир ай мурун белгиленип баштаган. Ар аптанын ишемби күнү калаа тургундары сейил бакта уюштурулган концерттик, оюн-зоок программаларга күбө болушкан.

Тексттин автору: Динара Абдыжапарова
Редактору: Элвира Акимова