Кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) тапшырууда милдеттүү предмет болуп калышы ыктымал — бул көбүнесе орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө тийиштүү болуп калат. Анткени кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү ансыз да кыргыз тилинде тест тапшырышат.
Билим берүү министрлигинен «Клоопко» билдиришкендей, 2020-жылы ЖРТнын негизги тестине кыргыз тили менен адабияты кирип калат.
Кыргыз тилин ЖРТга милдеттүү тест катары киргизүү — бул мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программанын бир бөлүгү. Анда кыргыз, өзбек жана тажик мектептеринин бүтүрүүчүлөрү керектүү деңгээлде орус тилин, ал эми орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилин билишпейт деп жазылган.
Бирок орус тилдүү мектепте ЖРТ тапшырыш үчүн кыргыз тилин жетишээрлик деңгээлде үйрөнсө болобу же жокпу?
Мугалимдер окутууга кызыгышпайт
«Клооптун» кабарчылары сурамжылаган орус тилдүү мектептердин, көбүнесе Бишкектин бүтүрүүчүлөрү 11 жыл окуп, кыргыз тилин эркин сүйлөй алчу деңгээлде үйрөнө алышпаганын айтышкан.
Калаа мектептеринин биринин бүтүрүүчүсү Мария (аты өзгөртүлдү) кыргыз тил мугалими аны окутууга кызыктар болбогонун айтат.
«Мугалим класска курбусу менен келип алып сабак бүтөөр-бүткүчө аны менен сүйлөшүп отурчу. Кызыксыз болгондуктан ар ким каалаганын кылчу, мисалы, классташтар болуп карта ойночубуз», — дейт ал. Мария мугалимдин талаптагыдай деңгээлде тил үйрөткөн эместигин жана ошол эле кезде кыргыз тилин билбегендерди басмырлаган деп ырастоодо.
«Ал класстагыларды орус тилдүү жана кыргыз тилдүү деп бөлчү. Кыргыз тилдүүлөргө ал дароо эле беш коюп, ал эми орус тилдүүлөрдү Кыргызстанда жашап туруп тилди билбейсиңер деп басмырлаган», — дейт Мария.
Бишкектик Кайрат үч жолу мектеп алмаштырган. Бирок алардын бирөөсүнөн да кыргыз тилин үйрөнө албаганын жана мектепте начар окуучу болгонун мойнуна алды.
Андан тышкары, ал тил билбегендигинин айынан айланадагы адамдар менен урушуп-талаша берип кыргыз тилин үйрөнгүсү келбей калган.
«Атам жактагы туугандар менен уруша берчүмүн. Бейтааныш адамдар "маңкурт", "кыргыз эмес киргизсиң", "орус чалышсың" деген сыяктуу сөздөр менен атап, ар түрдүү дооматтарды тагышчу», — деди ал.
Кайрат кыргыз тилин мажбурлап үйрөтүүгө болбойт деп эсептейт: «Мындай амал жөн гана иштебейт. Агрессия адамдардын жаман көрүүсүн гана чыгарат. Тескерисинче Кыргызстандын көп тилдүүлүгүн сактап калууга аракеттенүү керек».
Интерактив кантип кыргыз тилин үйрөтүүгө жардам берген
«Клооп» сурамжылаган окуучулардын арасында кыргыз тилин жакшы деңгээлде үйрөнгөндөр да бар. Алардын бири Бишкек мектебинин 9-классынын окуучусу Зарина.
Ал өз мектебинде кыргыз тилин үйрөтүү сапаттуу деп эсептейт. Айтымында, ал достору менен жазышып, коомдук жайларда кыргыз тилинде баарлаша алат.
«Мугалим темаларды жакшы түшүндүрөт. Кээде сахналаштырылган көрсөтүү жазып, аны класска көрсөтүп бергиле деп үй тапшырма берет. Айрым учурларда тасмалардын үзүндүлөрүн көрсөтөт», — дейт Зарина.
Зарина кыргыз тилин мыкты өздөштүрө элегине нааразы. Ал калган эки жылда тилди «тез түшүнүп, такалбай жооп берип калгыдай» деңгээлге чейин жеткире өздөштүргүсү келет.
«Менин мотивациям [кыргыз тилин үйрөнүү] — бул менин Бишкекте төрөлүп-өскөнүм, жашоом жана менин бардык кыргыз тилдүү досторум», — дейт ал.
Бакыт (аты өзгөртүлдү) Бишкекте төрөлгөн. Алтынчы класска чейин ал эки мектеп которгон. Кыргыз тил сабактарынан болгону кантип гимди жаттап жана ырдаганы гана эсинде, ал эми сабактардын өзүндө классташтары менен орус тилинде сүйлөшчү.
6-класста окуп жаткан кезинде аны Нарындагы түрк лицейине жөнөтүп жиберишкен. Ошондон тарта баары өзгөргөн. Жогорку класстарда ал кыргыз тилинде сүйлөп калган — бул көбүнесе сапаттуу билим берүүгө жараша болгон.
Анын айтымында, мугалим окуучулардын арасында макал-ылакаптарды айтышуу боюнча таймаштарды өткөрүп, ал эми Ноорузда алар кыргыз тилинде сахналаштырылган оюн коюп, башка күндөрү болсо Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окушчу.
«Ал [кыргыз тилин] үйрөнүүгө менден чоң кызыгууну ойготуп, жол көрсөттү. Андан кийин биз өзүбүз эле өздөштүрүп кеттик», — дейт Бакыт.
Мындай окуяга караколдук лицейчи Илгиз да туш болгон. Анын айтымында, лицейге тапшырганга чейин ал кыргыз тилинде сүйлөчү эмес, болбосо буга чейин Кыргызстандагы күчтүү делген гимназиялардын биринде окуган.
Илгиз мектепте тил үйрөнүү үчүн мотивация аз болгонун айтат. Сабактар кызыксыз өтүлүп, тил боюнча практика да жок болгон. Бирок бул лицейде практика көбөйүп, ал кыргыз тилинде сүйлөп кеткен.
«Мугалимдердин көпчүлүгү аракетимди көрүп, дайыма мени сахналаштырылган көрсөтүүлөргө катыштырып, ачык сабактарга кошуп алышчу. Адамдар мен кыргыз болбой туруп, кыргыз тилинде суудай сүйлөгөнүмдү көрүшчү. Алардын мага суктануу менен караганы жакчу. Бул кыргыз тилин мындан да жакшы үйрөнүүгө түрткү болчу», — дейт ал.
Айлана-чөйрөнү көрүп тил үйрөнүү
«Тынчтык Корпусу» уюмунун ыктыярчысы Жаред АКШдан болот. Кыргызстанда бир жыл жашагандан кийин ал өзүнө кыргызча Жапар деген ысым коюп алган.
АКШдан келгенден кийин алгачкы үч айда ал Сокулук районунун айылдарынын бириндеги кабыл алуучу үй-бүлөдө жашап, кыргыз тилин үйрөнгөн. Жареддин айтымында, анын мугалими абдан күчтүү эле.
«Рахат эже (мугалим) жаңы сөздөрдү бергенде мен аларды практикада көбүрөөк пайдаланышым керек болчу. Болбосо аларды жаттай албайт элем. Жаңы сөздөрдү мен айылда достор менен баарлашууда жана үй-бүлө менен сүйлөшүүдө колдонушум керек эле. Ошондуктан мага тил үйрөнүүдө маанилүү ыкма — бул практика. Ал болбогондо мен эбак эле унутуп калмакмын», — деди Жаред.
Азыр ал Ысык-Көлдүн Тоң районунда жаңы кабыл алуучу үй-бүлөдө жашайт жана мектепте англис тилинен сабак берет.
«Мен үчүн кыргыз тили маанилүү, анткени Тоңдо жана менин үй-бүлөмдө эч ким англисче билбейт», — деп кошумчалады ал.
Олег кыргыз тилин бала кезинен тарта эле билет. Ал Нарын облусунун Миң-Куш айлында чоңоюп өскөн. Кыргыз тилин ал жергиликтүү достору менен жүрүп үйрөнүп алган.
«Кандай болгонун билбей деле калдым. Өзү менен өзү эле болуп кетти. Бала кезде эшикте кошуналардын балдары менен чүкө жана башка оюндарды ойноп жүрүп эле үйрөнүп кеттим. Бардыгы кыргызча, ошентип үйрөнүп калдым», — деп эскерди ал.
Олегдин айтымында, мектепте кыргыз тилин үйрөнүүдө маселе жаралган, анткени башында тилге көп деле маани берчү эмес.
«Мен тоодо чоңойдум, бул жерде орус ким, кыргыз деген ким экенин билчү эмесмин. Мугалимдердин бирөөсү да орус тилдүү же кыргыз тилдүү деп бөлчү эмес. Жада калса бизде класстын жарымынан көбү орустар болчу», – деди Олег.
Кыргыз тилин кантип натыйжалуу үйрөтсө болот?
№72 мектеп гимназиясынын кыргыз тил мугалими Малика Эгембердиева тил үйрөнүү үчүн интерактив абдан маанилүү деп эсептейт.
Окуучулардын сүйлөө сөзүн оюндарды колдонуу менен өөрчүтсө болот. Ал оюндарда мектеп окуучулары кыргыз тилинде ар кандай темаларды талкуулай алышат.
«Окуучуга жекеме-жеке мамиле кылуу зарылдыгын эске алыш керек. Окуучу сабакта өзүн ыңгайлуу сезиши керек. Эгерде туура эмес сүйлөп жатса сөзүн бөлбөй аягына чейин угуп, андан соң гана тууралап коюу абзел», — дейт ал.
Эгембердиева сабактарда заманбап технологияларды колдонуу керек деп эсептейт.
«Мисалы, интерактив доскасында сабактын темасына ылайык сүрөттөрдү көрсөтөм. Окуучуларга да ушундай эле үй тапшырмасын берем. Алар болсо даярданып келип класста көрсөтүшөт. Өз ара кимдики туура, кимдики туура эмес экенин талкуулашат», — дейт мугалим.
Ал өз окуучуларына сабактардан тышкары күнүмдүк темалардын үстүндө сүйлөшүүнү кеңеш кылат, анткени ошондо алар кыргыз тилин тез үйрөнүшөт.
«Көп нерсе окуучунун каалоосунан көз каранды. Жарым жылдын ичинде сөздөрдү улап, сүйлөп калууга болот», — дейт ал.
Кыргыз тилин окутуу ыкмасы өзгөртүлөт
Билим берүү министрлигинин алдындагы кыргыз тилин өнүктүрүү секторунун бөлүм башчысы Гүлнара Ибраимова кыргыз тилин окутуу методикасында маселелер болгонун мойнуна алды.
«Грамматиканы жатташчу. Мектептен чыккандан кийин балдар өз ара баарлашып, бул тилди колдоно алышчу эмес, коммуникация жок болгон. Биз толугу менен коммуникативдик окутуу ыкмасына өтүп жатабыз. Ал үчүн стандарттар өзгөртүлдү», — деди ал.
Ибраимованын айтымында, 2019-2020-окуу жылынан тарта кыргыз тили ЖРТнын негизги тестине кирет, ошондуктан бүтүрүүчү класстарда экзаменге даярдануу үчүн дагы бир кошумча саат кошулат.
Ал министрлик бешинчи жана алтынчы класстар үчүн жаңы китептерди чыгарганын айтууда. Ал китептерде интерактивдик окутуу көбүрөөк болот.
«Окуучулар бири-бирине суроо бергенди билиши керек. Жооп берип жатканда алар сөз эмне жөнүндө болуп атканын түшүнүшү зарыл. Буга чейин биздин окуучулар кыргыз тил жана адабияты боюнча тексттерди жаттап алып, ошол эле кезде эмне жөнүндө сүйлөп жатышканын билбеген учурлар болгон», — деп түшүндүрөт ал.
Ибраимова министрлик жаңы китептер менен кошумча сааттарды киргизүүдөн тышкары мугалимдерди жаңы ыкмаларга үйрөтөөрүн айтат.
«Мамлекеттик тил күнүнүн майрамына карата 23-сентябрда биз тилчилерди окутуу боюнча иновациялык технологиялар жана алардын адистигин жогорулатуу борборун ачабыз. Борбор кыргыз тил мугалимдеринен тышкары, жаңы ыкма менен орус жана англис тил мугалимдерин да окутмакчы», — деди ал.
Материалдын үстүндө иштегендер: Руслан Темирханов,
Айкан Суранаева,
Татьяна Трик