«Курская» метро бекети

3-сентябрга караган түнү Москванын «Курская» метро бекетинде полиция кызматкери Андрей Райский окко учкан. Mash басылмасы билдиргендей, ал 23 жашта болгон жана ошол түнү ал жумуштан бошоп кетүүнүн алдында өзүнүн акыркы нөөмөтүн өтөп жаткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол түнү Райский документ текшериш үчүн бейтааныш адамды токтоткон. Ошондон кийин алар ажаатканага чогуу кирип кетишкен. Тергөө бейтааныш адам полициячылды ошол жерден өлтүргөн деп эсептейт.

3-сентябрда Mash, ошондой эле, «Московский комсомолец (МК)» басылмасы Нурлан Муратов деген шектүү жарандын ысымын жазып чыгышкан.

Ал эми шектүү адам өзү полиция кызматкери аны ажаатканага чакырып, ошол жактан өзүнө ок атканы жөнүндө айтып берген. Муратов тапанчанын үнүнөн коркуп кетип, окуя болгон жерден кетип калганын айтууда.

«МКнын» маалыматы боюнча, Муратов кыргыз армиясында кызмат өтөгөн жана 1999-жылы Баткен облусунда Өзбекстандын Ислам кыймылынын аскерлери менен болгон коогалаңга катышкан. Басылма ырастагандай, ошондон кийин ал «психологиялык жактан» жабыркаган. Газета 2010-жылы Муратов орус жарандыгын алып, Оренбургда жашап жүрүп, андан соң Москвага көчүп келген деп жазууда.

Кыргызстандын Башкы штабынан Муратов чынында эле Баткен окуяларында катышып же катышпаганын тастыктап бере алышкан жок. «Биз архивдеги документтерди карап чыгышыбыз керек. Буга бир нече күн керектелет», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат борборунун өкүлү Гүлбарчын Байымбетова Муратов мурда кыргызстандык болгонун «Вечерний Бишкек» басылмасына тастыктаган.

«Биз Орусиянын маморгандарына сурам жөнөтүп байланыштык [...] Азырынча ыкчам маалымат ала элекпиз. Азыр жооп күтүп атабыз. Азыр биз Нурлан Муратовго адвокат жалдап жардам бере албайбыз», — деп билдирген ал газетанын кабарчысына.

Орусиянын тергөө комитети полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.