Ош шаары. Сүрөт: Элвира Акимова/Kloop.kg

Ош шаарында үйлөрүн жана батирлерин камсыздандырбаган тургундарга аймактык кеңештерде үй-бүлөнүн курамы жана жашаганы туурасында маалымкат берилбей жатат — бул тууралуу жергиликтүүлөр «Клоопко» билдиришти. «Интербилим» коомдук уюмунун юристи бул жагдайда кай жакка кайрылуу керектигин түшүндүрүп берди.

Турак-жайды камсыздандырмайынча аныктама берилбейт

Калаадагы көп батирлүү үйлөрдүн биринде жашаган Айнура Мамажунус кызы августтун башында №8 «Ак-Буура» аймактык кеңешине маалымкат алуу үчүн кайрылган. Маалымкат быйыл 1-класска барчу кызына керектелген. Бирок мекеменин катчысы ага таандык эки батир камсыздандырыла электигин айтып, маалымкат берүүдөн баш тарткан.

«Катчы “Сизде 2 батириңиз бар экен, камсыздандырышыңыз керек” деп айтты. Мен "маалымкат мага азыр керек, камсыздандырбайм" дедим. Ошондо “Жок, камсыздандырбасаңыз биз сизге маалымкат бербейбиз, каалаган жериңизге жазыңыз" деп жооп узатып койду», — деди ал.

Ошондо маалымкат ала албаган үч баланын энеси мэрияга кайрылган.  Ал жактан ага Муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын жетекчиси Эркин Аралиевге байланышуу керектигин айтышкан. Бул мекемеден да ага «батирлерин камсыздандырбаса, маалымкат берилбейт» деп коюшкан.

«Жетекчиси "Бул өйдө жактын [бийликтин] буйругу, ар бир жаран өзүнүн турак-жайын камсыздандырышы керек" деп билдирди. Анда “Менин конституциялык укуктарымчы?" десем, “милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө конституцияда дагы жазылган” деп телефонду коюп салды», — деди шаар тургуну.

Ал эми эки жылдан бери ижарага алынган батирде жашаган Роза Абдырахманова* да июль айында жергиликтүү поликлиникага катталыш үчүн Муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына кайрылган. Бул учурда да башкармалыктан батир камсыздандырылган эмес дешип, маалымкат берүүдөн баш тартып коюшкан.

Баласына маалымкат ала албаган Абдырахманова башкармалыктын жетекчисине кирүүгө аракет кылганда гана мекеменин катчысы ага аныктама берүүгө макул болгон.

*аты өзгөртүлдү

«Үй-бүлөм менен ижарага алынган батирде турам. Батирдин ээсин үйүңдү камсыздандыр деп мажбурлай албайм, ал өзү билет камсыздандырабы же жокпу», — деди Абдырахманова.

Ош шаарынын дагы бир тургуну Бакыт Молдожанов 16-июлда келинчегине маалымкат алайын деп №10 «Курманжан датка» аймактык кеңешине барган. Мекемеден мэриядан токтом чыкканына таянышып, үйүн камсыздандырмайынча маалымкат берилбестигин айтышкан.

Ал бул көрүнүштү баштан аяк тасмага тартууга үлгүргөн. Тасмадан мекеменин кызматкери мэрия тарабынан чыгарылган токтомду көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Бирок Молдожанов анда камсыздандырылбаган үйлөргө кызмат көрсөтпөө туурасында сөз жоктугун айтат.

«Токтом менен таанышып чыкканда маалымкат берилбесин деген жери жок болчу. Анда тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү туурасында жазылыптыр. Бирок ошого карабастан маалымкат беришпеди. Анан мамлекеттик каттоо кызматына барып, 25 сомго жашаган жеринде катталуу деген аныктама алдым», — деди ал.

«Аныктама бербейбиз, камсыздандырып кел» деген буйрук берилген эмес

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэрия тарабынан чыгарылган токтомдо «камсыздандырбасаң аныктама берилбесин» деген сөздөр жоктугун айтат.

Ал ошондой эле, жогорудагы көрүнүштөр айрым муниципалдык мекемелерде катталганына токтолуп, 14-августта кварталдык комитеттерге эскертүүлөр берилгенин кошумчалады.

«Камсыздандыруу өлкө боюнча жүрүп жатат. Ошонун негизинде аныктамага келген адамга сөзсүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. "Аныктама бербейбиз, камсыздандырып кел" деген буйрук берилген эмес. Анда аймактык кеңештерге тургундарга документтер берилип жатканда сөзсүз түрдө түшүндүрүү иштерин алып баруу милдети  жүктөлгөн», — деди Абсаттаров.

Мэрия Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамга таянып жатат

Оштогу «Интербилим» коомдук уюмунун юристи Александр Бекмурзин Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзамда турак-жайды камсыздандыруу же жана башка келишимдерди түзүү боюнча милдеттемелер каралган эместигин айтат.

Ал камсыздандыруу милдеттүү болгону менен бирок мыйзам аткарылбаган учурда жарандарга карата колдонулуучу чаралар жок болгонун кошумчалайт. «Эгерде тургун маалымкат алганга кайрылса, алар "башка кызматты пайдалан андан кийин биз сага маалымкат беребиз" дебеши керек. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ишмердүүлүгү тургундарды турак-жайды камсыздандырууга жана башка келишимдерди түздүрүүгө милдеттендире албайт».

«[Мэрия] Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамга таянып жатат. Бирок мыйзам милдеттүү болгону менен анда эч кандай санкциялар каралган эмес. Башкача айтканда "эгерде сиз үйдү камсыздандырбасаңыз маалымкат берилбейт" деген жери жок», — деди Бекмурзин.

Ал тургундар мыңдай өңдүү көрүнүшкө туш болгондо, түз эле прокуратурага арыз менен кайрылууга болоорун белгиледи.

«Конституциянын 46-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын турак-жайына карата укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүшөт деп көрсөтүлүп турат. Алар шарт түзбөй эле, тоскоолдук жаратып жатышат. Ушул жерде укуктарды чектөө болуп жатат», — деп сөзүн жыйынтыктады юрист.

Кыргызстандын өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, тургундарга үй-бүлө курамы жана жашаган жери тууралуу маалымкат акысыз берилет.

Редактору: Элвира Акимова