Кыргызстан бир жыл аралыгында Глобалдык инновациялык индексинин* «маалыматтык технологиялар экспорту» тизмесинде 93-орундан 35-орунга көтөрүлдү.
*Индексти Корнель университети, INSEAD бизнес мектеби жана Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму түзөт. Негизги рейтингде Кыргызстан болгону бир эле сапка, 95-орундан 94-орунга көтөрүлгөн.
Материалдын түп нускасы «Фергана» маалымат агенттигинин сайтында жарыяланган. Анын автору — журналист Екатерина Иващенко. «Клооп» текстти анчейин деле маанилүү эмес стилисттик өзгөртүүлөр менен жарыялайт.
Кай жерде жарыкка келсең, ошол жакта керекке жарайсың
Борбор Азияга кызыкпаган адамдар Кыргызстан жөнүндө эмне билишет? Эң эле болбоду дегенде өлкө Орусияга арзан жумушчу күчүн жөнөтүп, ошондой эле, «Кумтөр» кенинде алтын өндүрөт. Азыр болсо Кыргызстан маалыматтык технологиялар жагынан алдыга кеткен өлкө экендиги аныкталууда. Ал эле эмес, балким, дал ушул маалыматтык технологиялар Кыргызстандын келечеги болуп калышы ыктымал.
Чындыгында, медалдын эки бети бар. Индекс республикада бир гана IT тармагынын өнүгүшүн эле эмес, азыр жалпы өлкө кандай кризисте турганын да көрсөтүүдө. Кыргызстанда өндүрүш азайганы көрүнүп турат, өлкөдө бизнес анчейин өнүккөн эмес, ал эми импорттун негизги беренеси болуп «Кумтөрдүн» алтыны (баса, алтын кенде өндүрүш 2026-жылы токтойт), айыл чарба продукциясы жана пахта эсептелет.
— Кыргызстан үчүн IT-технологиясы жаңы «алтынга» айланышы мүмкүн: бул тармакта иштөө үчүн узак мөөнөткө созулган жана жумуш менен камсыздоону кепилдебеген атайын жогорку билимдин деле кереги жок, — деп эсептейт КМШ өлкөлөрүндө IT тармагы боюнча эксперт Кирилл Алякин. — Программалоону баштагысы келгендер керектүү профессиналдык билимди ачык булактардан ала алышат. Программалык камсыздоо — бул пайдасы чоң товар. Бул жерде негизги чыгым кадыресе салттуу өнөр-жайындагы өндүрүшкө караганда иштеп чыгуучунун убактысына акы төлөөдө жатат.
Кирилл Алякин акыркы убактарда Кыргызстанда программалоо «академиясын» камтыган бир топ мектептердин ачыла баштаганын байкаган.
— Демек бул адистикке талап бар, ал эми талапка көптөгөн сунуштар бар. Мындай мектептерде окуунун акысы жарым жыл үчүн 1000 долларды түзөт. Аны бүтөөрүң менен программалоонун баштапкы жөндөмүнө ээ болуп, өлкөдөн чыкпастан эле айына 800 доллар маяна ала аласың. Кыргызстанда башка дагы кай жактан мындай маяна алса болот? — деп суроо салды Алякин. — Бул жөн гана эмгек мигранттарынын армиясынын катарын толуктабастан эле болчу нерсе: сен өз жумушуңду Баткенде же Нарында отуруп алып эле опоңой аткарсаң болот.
Мынчалык IT-потенциал менен өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылбай, ал эми «Таза Коом» электрондук өкмөтүн ишке берүү создуктурулуп келе жатканы бир аз таң калычтуу болуп жатат.
— Күлкүлүү, бирок факт: Кыргызстан технологияларды экспортко «түрткүлөйт», ошол эле учурда алар өлкө ичинде бийлик үчүн таптакыр кызыксыз, — дейт эксперт. — Эгерде кыргыз IT-адистерине — алар болсо мындай сунуш менен бийликке кайрылышкан — «Таза Коом» долбооруна катышууга макулдук беришкенде, алар аны мындан бир нече жыл мурда эле ишке ашырып коюшмак. Бирок мамлекетке тышкы камсыздоочуларды табуу пайдалуурак көрүнөт, ошол эле учурда алар менен байланыш ички бюрократиянын эле эмес, ар кандай өлкөлөрдөн долбоорго катышып жаткан кызматкерлердин маданий ар түрдүүлүгүнөн жана жумушка карата таптакыр башкача мамилесинен улам да татаалдашат.
Алякиндин пикири боюнча, бул жагдайдын бардыгы жеке жактар канчалык натыйжалуу экенин, ал эми бийлик канчалык натыйжасыз экенин айгинелейт.
— Технологиялар өнүгүп жатканы башка кеп, мисалы, Батышта бул үчүн шарттар түзүлгөн, ал эми Кыргызстанда буга байланыштуу жылаңач гана энтузиазм бар. Айырма бар. Бирок азыр Борбор Азияда жаралып аткан тренд бул чөлкөмдүн келечегине ишенич менен караганга мүмкүндүк берет, — деп жыйытыктады эксперт.
Технологиялардын эмес, акыл-эстин экспорту
Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) директору Алтынбек Исмаилов уюм 2011-жылы түзүлүп, ал эми мүчөлөрдү 2013-жылы кабыл ала баштаганын «Ферганага» айтып берген. Азыр анын курамына 42 компания кирет. ЖТП IT-тармагын адалдаштыруу үчүн шарт түзүп, аны көмүскөдөн чыгарууну башкы максат кылган. Бул үчүн компаниялар айрым бир салыктардын түрүнөн бошотулуп, кызматкерлердин социалдык фондго чегерүүлөрү да кыскартылат. Мунун баары жаңы компанияларга «акчаларды салыктарга коротпой жаңы продукцияларды өндүрүүгө инвестициялоого» мүмкүндүк берет.
— Кыргызстан бул рейтингге негиздүү эле тандалган, — деп эсептейт Исмаилов. Ооба, салык каникулдары биздин компаниялардын өнүгүшүнө жардам берди, бирок бул рынокто бир катар кыйынчылыктар да бар. Биринчи кезекте — бул IT-адистердин жетишсиздиги жана эл аралык деңгээлге чыгуу көйгөйү.
Исмаиловдун айтымында, ошондуктан ЖТПда жакынкы жылдарга карата бир нече максат койгон.
Биринчиден, азыр көбүнесе аутсорсингге иштеп жаткан кыргыз базарын өз продукциясын өндүрүү тарабына буруу. Экинчиден, эл аралык базарга чыгуу жана адистердин санын көбөйтүү. Үчүнчүдөн, жергиликтүү адистер бир гана программалык камсыздоону иштеп чыгуунун үстүндө гана иш алып барбай, чоң сандагы программистерди жетектеп, программалык камсыздоонун архитектурасын жаратып, жасалма акыл-эс тармагында илимий иштерди алып баргыдай кылуу керек. Акыркысы, IT-адистер ар кандай тармактарда пайда болгудай шарт түзүү маанилүү болуп эсептелет.
Алтынбек Исмаилов бийлик менен кызматташтык канчалык калыптанганы жөнүндө суроого жооп берип жатып, алар биргелешип иш алып барууга олуттуу карап, дайыма ЖТПнын резиденттеринин мамлекетттик долбоорлорго катышышы керектиги тууралуу маселени көтөрүшөт деп белгиледи.
— Чындыгыда, биздин резиденттер маморгандар менен иштешүүдө бир катар көйгөйлөр бар экендиги тууралуу айтышат. Мисалы, бул так жазылбаган техтапшырмалар, өндүрүлүп жаткан продукцияны акыр-аягына чейин жеткирүү үчүн жоопкер адамдын жоктугу. Ошондуктан биздин дагы бир максатыбыз — бул мамлекеттик органдардын ортосунда жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча адистер менен өз ара кызматташтыкты калыптандыруу болуп эсептелет, — деп билдирди Исмаилов.
Бул боюнча Green Light компаниясынын директору Талгат Абдулаев өзгөчө пикирде.
— Ооба, негизинен биздин програмисттер чет элдик компанияларга иштешет, бирок бул технологиялардын эмес, акыл эстин экспорту. Эгерде компания АКШда туруп, адистерди Кыргызстандан жалдаса, анда соңку продукция биздики эмес, Американыкы болуп калат, — деп түшүндүрөт ал. — Азырынча бизде өзүбүз чет жерге сата турчу технологиябыз жок. Болгону анчейин чоң эмес долбоорлор гана бар.
Бирок ошого карабастан, анын айтымында, өлкөдө маалыматтык технологиялар чындыгында өнүгө баштады. Жаш балдар програмисстик адистикке көбүрөөк окуй башташты.
— Бирок эгерде коңшу Казакстан менен Өзбекстанда программисттердин саны өскөндүгүн карап көрсөк, анда мен бизде программисттер алардыкынан да көп деп деле ойлобойм. Бул салыштырмалуу гана нерсе, — дейт Абдулаев.
Анын пикири боюнча, Кыргызстанда IT-тармактын мындан ары өнүгүшүнө интеллектуалдык ресурстардын жоктугу эмес, жеке менчик продукцияларды өндүрүүгө даярдыктын жоктугу жолтоо болууда. Бул үчүн идеяларды өөрчүтүп-өнүктүрүгө жөндөмдүү, өзгөчө ойлоно алган адамдар керек. Алар тышкы дүйнөгө кызыктуу боло алышат. Ал практикалык иш алып баруу көйгөй жаратпасын айтат: ата-мекендик програмисттер ар түрдүү коддорду оңой эле жазып коюшат.
Саатына 70 доллар
Кыргызстандын Spalmalo компаниясы тышкы базарга иштейт. Анын башкы директору Адилет Абылов Кыргызстандын эл аралык рейтингде орду көтөрүлүшүн капысыздык деп эсептебейт. Анын пикири боюнча, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени ата-мекендик IT-компаниялар бул нерсенин үстүндө бери эле дегенде бир нече жыл эмгектенишкен.
— Бул капысыздан эле боло калган жок, бул маселеде бизге мамлекет жардам берди, — дейт Абылов. — Бизде ал жакшы иш кылганы жөнүндө келтирилген мисалдар аз. Компанияларды салыктан бошотууну кепилдеген ЖТП жөнүндө мыйзам долбоорун IT-активистттер демилгелешкен. Болгону кирешенин 1% гана ЖТПга мүчөлүк акы катары төлөнөт. Анын ордуна компаниялардын жүгүртүүдөгү 80% экспортко барабар.
Албетте, бул жагдайда өлкө эмне алат? — деген суроо туулат. Биринчиден, компаниялардын кызматкерлеринин айлыгынан салык чегерүүлөрүн алат. Экинчиден, компаниялар өлкөгө өздөрү акча тартышат.
— Эгерде сенин компанияң өнүгүп жатса, анда сага адал иштеген пайдалуу, ошондо гана сен чет жактагы компаниялар менен кызматташа аласың, — деп түшүндүрөт Абылов. — Биз ошентип иштейбиз, ошондуктан бул салык резиденттиги жөнүндө аныктама талап кылган биздин чет элдик өнөктөштөрүбуз үчүн маанилүү.
Абыловдун пикир боюнча, Кыргызстандын IT-базарында кадрлардын жетишсиздиги сезилет. Себеби университеттер базары кадрлар менен камсыздай албай калып, бул багытты ар кандай ийримдер менен академияларды ишке киргизген жеке жактар колго алышкан. Мисалы, Spalmaloнун кызматкерлеринин 90% — бул ар кандай ата-мекендик ийримдердин бүтүрүүчүлөрү.
— Азыр өлкөнү алсыз экономика жана арзан жумуш күчү сактап турат, — дейт Абылов. — Бирок Кыргызстан келечекте тышкы базарда атаандаштыкка кабылышы ыктымал. АКШда программисттин маянасы саатына 70 доллар жана ал жакта адистер жетишсиз. Биздин балдар саатына 15 доллардан иштешет. Биздин экинчи артыкчылык англис жана орус тилдерин билгенибизде турат. Индияга салыштырмалуу биз жакшы байланышып, татаал долбоорлорду аткара алабыз, ошондуктан биз менен Орусия, Казакстан жана Беларус иштешет. Баалар боюнча биз эми арзан боло албайбыз, бирок бизге тил билгенибиз үчүн артыкчылык беришет.
Адилет Абылов жыйынтыктап жатып «өкмөт эч нерсени бузбаса, биздин IT-базар дүйнөлүк рейтингде өскөнүн уланта берет» деп үмүттөнөт. Анын пикири боюнча, учурдагы абал бизнес мамлекет шарт түзүп берсе эле өнүгө баштаарын көрсөтүп турат.
Негизи Кыргызстандын IT-тармагындагы абал өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүшү боюнча маселелерде айрым адамдар менен компаниялар оор салмактуу мамлекеттик аппаратка караганда өздөрүн натыйжалуураак көрсөтө алышаарын айгинелеп турат. Балким бийлик бул сабакты эсине түйүп, бир эле IT-секторго эмес, бизнестин башка түрүнө да өз алдынча өнүгүүгө мүмкүндүк береттир.