«Клооп Медиа» күзгү журналистика мектебине кабыл алууну баштады

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы бюросу «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен иш алып барат.

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби — практика аркылуу билим алууга шарт түзгөн кайталангыс курстар.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүң. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласың. Ошондой эле журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча да сабактарды окуйсуң.

Биздин гана мектепте сен окуу башталаары менен биринчи жумадан тарта респонденттен интервью алып, жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза аласың. Kloop.kg сайтындагы материалдардын авторлору — биздин мектептин студенттери.

Сага мобилдик телефондо тартылган видео менен иштөөнү үйрөтөбүз жана ал үчүн керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Жайкы мектептин студенти Нурсулуу Калмурат кызы интервью алуу учурунда

Биздин студенттер даярдаган материалдардын айрымдары:

Ноокат районунда кыздын өлүмүнө шектелип апасы менен бир тууган агасы кармалган. Окуянын чоо-жайын «Клооптун» студенттери Гүлбурак Мидин кызы, Күнсулу Ибраим кызы билип келген. Кененирээк окуу
«Клооптун» студенти Сыймык Шамшиев Ош шаарындагы түрдүү кесип ээлеринин өнөрканасын сүрөткө тартып, тыным билбей иштеген кадыресе тургундардын окуяларын топтогон. Кененирээк окуу


«Клооп Медианын» Ош шаарындагы күзгү журналистика мектеби 2018-жылдын 1-октябрында башталып 28-декабрында аяктайт. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын журналистикага кызыккан жашоочулары билдирме жөнөтө алышат. Жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Бирок эгерде жашың 18ге толо элек болсо, анда ата-энеңдин же асыроого алган кишинин уруксат кагазын толтуруп, school@kloop.kg электрондук почтасына жибер (форманы бул жерден түшүрүп алууга болот).

«Клооп Медиа» аймактан келген катышуучуларды төмөнкүлөр менен камсыз кылат:

• жол кире;

• бекер жатакана;

• стипендия.

Билдирменин негизинде 12 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз!

«Клооптун» Ош шаарындагы кызматкери Гүлжан Эшбаева студенттер менен.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Моб. тел:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

+996 772 300 336

Электрондук дарек: school@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Журналистика мектебине катышуу үчүн төмөнкү онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүү керек. Билдирмелер 2018-жыл, 26-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.