Евгений Ри (Blizzy). Сүрөт: joinDOTA

Кыргыз киберспортчусу Евгений Ри (Blizzy) «Дота 2» оюну боюнча Natus Vincere (Na’Vi) командасынын негизги курамына кирип, мыкты оюнчулардын катарын толуктады. Украинанын Na’Vi командасы 2011-жылдын чемпиону болгон, ал учурда «Дота 2» боюнча The International биринчилиги алгачкы жолу өткөрүлгөн эле.

Буга чейин кыргыз киберспортчусу Na’Viден кем калышпаган Орусиянын Vega Squadron командасынын курамында ойногон. Азыр бул командада башка эки кыргызстандык, Бакыт Эмилжанов (Zayac) менен Дуулат Субанкулов (Stormc4t), ойношот.

Blizzy Na’Viнин толугу менен жаңыланган курамына кирди. Акыркы жылдары команда кыйынчылыктарга туш болгон: ал көпкө чейин турнирлерде жогорку орундарга татыбай калып, ал эми The Internationalга таптакыр эле өтпөй калган.

«Биз Vega Squadron уюуму менен ийгиликтүү сүйлөшүп, алардын оюнчусунун (Blizzy) бизге өтүшү жөнүндө макулдаштык», — деп айтып берди Na’Viнин директору Евгений Золотарёв.

Золотарёв 2017-жылдын башында «Киберспорт» сайтына курган маегинде Na’Viнин оюнчулары айына 1000 доллардан 6000 долларга чейин киреше табаары тууралуу айткан. Анын айтымында, уюм маянадан тышкары оюнчулардын жашаган жерин, тамак ашын камсыздап, машыгуулар үчүн шарттарды түзүп берет.

«Дота» боюнча Na’Viнин оюнчуларынын жашоо шарты

«Na’Vi брендин гана эмес, алардын жеке бренддерин да кошо өнүктүрүү. Оюнда канчалык көп стрим кылып, иш-чараларга барып турса анын кирешеси ошончолук көп жана келишимдери олуттуураак болот. Оюнчуну өткөрүп алуунун баасы да өсөт», — деп билдирген ал.

Na’Viнин жаңы курамы

2018-жылы июлда Na’Vi «Дота 2» боюнча өзүнүн негизги курамын «жаңылоо» жөнүндө жар салган. Эки айдан соң уюм команданын жаңы капитаны менен тааныштырган. Ал жаңы команда чогулткан орусиялык оюнчу Акбар Бутаев (SoNNeikO).

Na’Viнин 2016-жылдагы акыркы жеңиши көрүнүктүү болгон. Анда ал эл аралык StarLadder турниринде биринчи орунду камсыздап, 135 миң доллар утуп алган. Бирок бул үстүбүздөгү жылы OG командасы The International турниринде биринчи орун үчүн 11 млн доллар жеңип алган акчага салыштырмалуу эч нерсеге сыйбаган акча болуп калат.

Алгылыктуу жеңиштеринин жоктугуна карбастан Na’Vi дүйнөдө эң белгилүү командалардын бири болуп кала берүүдө. Анын ютуб каналына 1,2 миллиондон ашуун киши жазылган.

Ар убактарда Na’Viнин курамында дүйнөнүн эң белгилүү киберспортчулары Данил Ишутин (Dendi), Куро Талехи Тахасоми (KuroKy) жана Клемент Иванов (Puppey) ойношкон.

Ал 2013-жылы Na’Vi The Internationalдын турнирине өтүп, эң эле эсте калаарлык гранд финал өткөзгөн. Анда Na’Vi жеңишти Швециянын Alliance командасына каршы катаал беттеште 2:3 эсебинде алдырып койгон.

The International 2013 турниринин тарыхый финалы. Na’Vi - Alliance