Ноокатта «окуучунун чачын кырккан» окуу бөлүм башчы кызматтан төмөндөтүлдү

Видеодон скриншот

Ош облусунун Ноокат районундагы Нарай орто мектебинин окуу бөлүм башчысы милдетинен бошотулуп, катардагы мугалим болуп иштөөдө. Ага аталган мектептин окуучусунун «чачын кыркканы» себеп болгон.

Окуя Ноокаттын Он-Эки-Бел айылындагы Нарай орто мектебинде 11-сентябрь күнү болгон. Анда мектептин окуу иштери боюнча бөлүм башчысы Замира Шералиева 6-класстын окуучусунун чачын кыркып салгандыгын баланын апасы Кымбат Амирова айтып чыкты.

Окуучунун апасы Кымбат Амирова «Клоопко» маалымдагандай, анын уулунун желкесине жара чыккандыгы үчүн чачын өстүрүп коюшкан.

«6-класста окуган уулумун желкесине майда жаралар чыккандыктан сакайганга чейин жаап турсун деп чачын өстүрүп койгон элек. 11-сентябрь күнү математика сабагында мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары уулумдун чачын кыркып, жонуна үч жолу уруптур. Балам мугалимге себебин айтканына карабай чачын кыркып салган», — деди Амирова.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев мектептин кызматкери  15-сентябрда милдетинен бошотулганын «Клоопко» маалымдады.

«Мектепте окуучулардын чачын ирээттештирүү максатында чач тарачкана иштейт. 11-сентябрь күнү мугалим окуучусуна “чачыңы ал” деп кичине эле кыркып койгон. Биз мугалимге “өзүң окуу бөлүмүнүн башчысы болгон соң акырын сүйлөп, чачын алдырсаң деле болмок” деп айтып, арызын жаздырттык. Мугалим окуу бөлүмүнүн башчысы милдетинен кетти», — деди Асанбаев.

Ал эми окуу бөлүм башчылыгынан катардагы мугалимдикке түшүрүлгөн Замира Шералиева окуучунун чачын бир аз кыскартуу максатында кыркканын айтууда.

«Менин 25 жылдык тажрыйбам бар. Жогору жакка иштен алынсын деп айтышкан экен, мени жок жерден иштен алып коюшту. Эми мектепте ким иштейт билбейм», — деп билдирди «Клоопко»  Шералиева.

Нарай мектебинин директору Рахима Абдиеванын айтымында, Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө Шералиевадан башка химия-биология мугалими жок болгондуктан аны мугалимдик ордунда калтырышкан.

«Шералиева Бишкек шаарынан окуп келген, 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эми ал “ойлонуп көрөм, мугалим болуп иштебейм, балким мектептен же жумуштан кетем” деп жатат. Ал болбогон эле нерсенин көбүртүп-жабыртылышынан улам иштен кетип жатат», — деди директор.