Ооба, биз окуп чыктык. «Клооптун» журналисттери эки күн катары менен ырчы Зере Асылбектин чуу жараткан «Кыз» аттуу ырына жазылган комментарийлерди изилдеп чыгышты.

Эгерде кимде-ким кайсыл клип тууралуу кеп болуп жатканын уга элек болсо, анда мына ал клип:

Ырда кыздардын өз алдынча болуу укугу жөнүндө айтылган саптары күтүлгөндөй эле коомдук желенин кыргыз сегментинде кызуу талкууга жем чачты.

Ал эми Зеренин клипте лифчиги көрүнүп турганы жаш ырчыны бул айда өлкөнүн башкы ньюсмейкери кылып койду көрүнөт. Кыргыз басылмалары андан интервью алып, ал жөнүндө видеону Youtubeда он миңдеген киши көргөн. Ал эми соңку бир нече күндө ырчынын инстаграмына 3 миңден ашык адам жазылган.

Муну менен бирге эле коомдук желенин айрым колдонуучулары ырчыны, эгер ал клибин коомдук тармактардан өчүрбөсө «өлтүрөбүз» деп коркута башташкан. Зере учурда укук коргоо органдарына кайрылып, алар текшерүү иштерин башташкан.

Бирок коомдук тармактардын кыргыз сегементинде кандай пикирлер кандай пропорцияда үстөмдүк кылып жатканын түшүнүш үчүн биз @omks_videoнун инстаграм аккаунтундагы постунан бардык комментарийлерди жүктөп алдык.

Эмне үчүн дал ушул аккаунт? Себеби, биринчиден, ал кыргызстандыктардын арасында абдан белгилүү (ага 710 миң адам жазылган жана алардын көпчүлүгү кыргызстандыктар), экинчиден, ал жакта комментарий абдан көп. Абдан көп, тагыраагы 3200дөн ашык ой-пикир жазылган.

Инстаграм өлкөдө эң эле популярдуу коомдук желеге айланып бараткандыктан, биз @omks_videoдогу комментарийлер бүтүндөй кыргыз коомунун маанайын так чагылдырышы мүмкүн деп ойлойбуз. (Же болбосо интернетте отургандардын маанайын.)

Комментарийлердин бардыгын көчүрүп алгандан кийин биз пикир калтырган адамдардын жынысын аныктадык. Андан соң биз алардын көпчүлүк бөлүгүн өчүрүп салдык, себеби комментарийге жоопторду, андан тышкары, ботторду же корпоративдик аккаунтарды кошуп, жынысын аныктоого мүмкүн эмес колдонуучулардын пикирлерин эсепке албоону чечтик.

Талкуу, жумшартып айтканда, андай деле бир маанилүү болгон эмес. Пикир калтыргандар эки жаатка бөлүнүп алышып, айрымдары Зеринин ырынын феминисттик маңызын колдошсо, кээ бири аны кемсинтип жана жек көрүүсүн  жашырышкан эмес.

Жалпысынан комментарийлерди үч категорияга бөлсө болот:

• Биринчисине Зерени колдоп жана мактагандардын комментарийлери кирди. Биз ал жакка мыкты дегенди билдирген баш бармак эможисинен баштап, бул ырдын маанилүүлүгүнө карата деталдуу аргументтерди келтирген ар бир позитивдүү пикирди коштук.

• Экинчи топко Зеренин чыгармачылыгы жакпай калган колдонуучулардын комментарийлери кошулду. Андан тышкары, бул топко биз ырчыны кемсинткен пикирлерди да коштук. (Бизге эмнелерди гана окуганга туура келген жок!)

• Ал эми акыркы топко биз бейтарап пикирлерди, же болбосо Зеренин чыгармачылыгы жөнүндө эмне деп ойлоп жатканы түшүнүксүз пикирлерди коштук.

Жыйынтыгында 1100дөн ашуун комментарий калды. Алар — 500гө чукул аял жана 600дөн ашуун эркек. Бул маалыматтардын негизинде төмөндөгүдөй жыйынтыктарды чыгарса болот:

Зерени колдогондордун арасында аялдар басымдуулук кылат. Ал эми көбүнесе каардуу жана агрессивдүү пикир калтыргандар — бул эркектер.

Аялдар көбүнчө Зерени колдоого ынтызар, бирок баары бир эле алардан жакшы пикирге караганда терс комментарийлер көп келген.

Алар экектердей болуп эле ырчынын клипте ич кийимчен чыкканын сындап, Зере арыктап, жабынып, кудайдан жана ата-энесинен коркушу керек деп эсептешкен.

Бирок ага карабастан жүзгө чукул аял Зерени колдонуучулардын каардуу пикирлеринен колдоого алышкан. Бул жерде эркектер биринчи өздөрүн карап алышсынчы деген өңдүү посттор, ырчынын тайманбастыгы үчүн мактоолор жана жөн гана позитивдүү эможилер болгон.

Зеренин тышкы келбетине байланыштуу кемсинтүүлөр көп

Зеренин тышкы келбетине карата кемсинткен пикирлер көп айтылган жана алардын көпчүлүгүн эркектер жазышкан.

Ондогон комментарийлер Зеренин курсагы менен төшүнө карата айтылган. Ырчынын тышкы келбетин талкуулоого утурлай «уят» жана «шермендечилик» тууралуу да комментарийлер көп.

Ошол эле маалда Зеренин келбетине көңүл бурбаган, тагыраагы ырдын өзүн жана анын маани-маңызын жактыргандар бар.

«Менталитет» жана мусулманчылык боюнча аргументтер — Кыргызстан Батыш же Европа эмес

Комментарийлердин арасында «кыргыз» деген сөздү оң эселеп кездештирсе болот. Колдонуучулар ырчынын жүрүм-туруму менен тышкы келбети «кыргыздар менен мусулмандардын менталитетине туура келбейт» деп жазышат.

Незинен хейтерлердин аргументтеринин бардыгы «биз кыргыздарбыз жана бизде мындай болушу мүмкүн эмес» деген түшүнүктүн үстүндө куралган.

Андан тышкары, комментаторлор Зеренин «чыныгы мусулмандардын» жана «кыргыздардын менталитетине» туура келбеген «батышчыл кулк-мүнөзүнө» нааразы болушкан.

Кайрат Кыргыз менен Гүлзат Мамытбекке салыштыруу

Миңдеген пикирлердин ичинен Зерени башка кыргыз ырчылары менен салыштырганын да көрүүгө болот. Зерени «Жаштык кез» жана өзгөчө имиджи менен атактуулукка жеткен ырчы Кайрат Кыргыз менен салыштырууну көп кездештирсе болот.

Пикир калтыргандар Зерени «Кайрат Кыргыздын тууганы», кадыресе «карындашы» же «аялы» деп аташкан. Мунун баары албетте тамаша иретинде жазылган (тагыраагы, колдонуучулар азилибиз күчтүү деп ойлошот, бирок алардын тамашасы өздөрү ойлогондой күлкүлүү деле эмес).

Ошондой эле, Зерени коомдук желеде өзүнүн шыктандырган сөздөрү жана Кыргызстанды «Ааламдын борборуна» айлантуу кыялы менен таанылган Гүлзат Мамытбек менен окшоштурушкан.

Бардыгы жаман эмес, позитивдүү комментарийлер да бар

Бирок чындыгында анчейин деле көп эмес: Зеренин клибинин алдындагы комментарийлердин бештен бири гана позитивдүү багытта жазылган. Эгер кененирээк айтсак 1100 адамдын ичинен ырчыны 84 эркек жана 137 аял гана мактаган.

«Азамат» деген сөздү 16 жолу, «мыкты (класс)» деген сөздү 17 жолу кездештирсе болот.

Зеренин тарапкерлери аны аялдардын укугу басмырланып жатканы жөнүндө тайманбай ырдап чыкканы үчүн, андан тышкары тапкычтыгы, эрдиги жана жаңылык киргизгендиги үчүн мактоого алышкан.

«Анын таң калтыра алган сапаты менин көңүлүмдү бурду. Ал клиптеринде бүтүндөй сценарийи алдын ала белгилүү эле болуп калган сүйүү жана күйүт жөнүндө ырдаган эстрада аткаруучуларына караганда, коомдун темаларын ачык чагылдырган», — деп жазган инстаграммдын колдонуучусу.

Авторлошу: Элдияр Арыкбаев

Иллюстрация: Татьяна Зеленская