«Мен валерьянка эле ичкем». Жумуштан айдалган аткаминер Сеул аэропортундагы жаңжалды четке кагууда

Сеулдун аэропортунда учак бортунан ызы-чуу чыгарган Эмгек жана соцөнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова валерьянкадан улам өзүн жаман сезип калганын түшүндүрдү. Ал сотто кызматтан алынышын даттанбасын кошумчалады.

Каденова Сеулдан учаар алдында алкогол ичимдигин ичпегенин, ал эми учактын бортунда эч ким менен жаңжалдашпаганын «24.kg» басылмасына айтып берди.

Анын айтымында, жүрөк оорусуна байланыштуу корвалол жана валерьянка ичип, бирок учактын бортунда «өзүн начар сезе баштаган».

«Ажатканага барайын десем стюардесса ажаткана ачыла электигин айтып уруксат бербей койду. Ал мага баштык алып келип берип, эки жолу кусуп жибердим. Менимче ачкарын дары ичип алгандыктан өзүмдү начар сезе баштагам деп ойлойм», — деди ал.

Каденова кызматтан алынышын «саясий чечим» деп атап, окуядан кийин министрдин орун басарлык кызматынан өзүм деле кетүүгө даяр болчумун деп билдирди.

Аткаминер Сеулдун аэпортундагы ызы-чуудан кийин ээлеген кызматынан кол жууп калган. Ал 22-сентябрда «Эйр Астана» авикомпаниясы менен Сеулдан Алматыга учуп, андан соң Бишкекке келиши керек болчу.

Бирок учак каттамы кармалып калган. Күбөлөрдүн айтымында, Каденова мас абалында экипаж мүчөлөрү менен чатакташып кеткен.

Ушул эле каттам боюнча учкан депутат Аида Исмаилова коомдук желеде учак «Кыргызстандын жогорку кызматтагы аткаминери» бир жарым саат учак бортунан кетүүдөн баш тарткандыктан учпай калганын жазган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов «Эйр Астананын» учагы Каденованын айынан кеч учканын билдирген. Ошондой эле, авиа компания аткаминерди кара тизмеге киргизген.

Каденова «24.kg» басылмасына Сеулдун аэропортунда болгонун жана кыргыз элчилиги ага жардам бербей койгонуна арызданганын тастыктаган. Ал «Эйр Астананын» кара тизмесине киргизилгенин четке кагып, эртеси окуядан кийин ушул эле авикомпания менен кайтып келгенин айткан.

Авторлошу: Камилла Халилова