Ош шаарында 17 жаштагы Асел жана 21 жаштагы Айпери жеңил атлетика менен машыгышат. Хижап кийүү кыздарга эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Анткени алар «спорт — бул сүннөт» дешет.

Жаш спортчу кыздар күн сайын эки сааттан Ош шаарынын борбордук стадионунда чуркашат. Жөө күлүктөр спорттун бул түрүнө өздөрүнүн кызыгуусу менен келишкен.

Жеңил атлетика менен Асел эки жыл, Айпери төрт жыл мурун машыга баштаган. Кыздар 100, 400 жана 800 метр аралыкка күч сынашат.

Асел Ош шаардык универсиадада биринчи болуп келген. Ал эми Айпери Республикалык мелдеште үч жолу «колону» багындырган.

Редакторлору: Элмурат Асан, Элвира Акимова