Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Акылдуу шаар» долбоорунун бет ачаарында. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бул текст мамлекеттик «Таза коом» программасынын жашыруун калууну суранган мурдагы мүчөсү тарабынан жазылган.

2018-жылы апрелде «Акылдуу шаарды» кыргыз IT коомунун жардамы менен ишке киргизүү үчүн Кыргызстандын даяр платформасы бар болчу. Бирок анын ордуна «Акылдуу шаарды» (тагыраагы анын бир бөлүгү болгон «Коопсуз шаарды») кесип туруп, чет элдик компанияга, Орусиянын «Вега» коргонуу концернине өткөрүп берип салышты.

Кыргыз программисттеринин «Акылдуу шаар» долбоорун чет элдик компанияларсыз эле бүтүрүү аракеттерине карабастан алар этибарга алынбай калды. Кыргызстандын бул үчүн потенциалы бар — аны 2018-жылы өлкө Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Global Innovation Indexтин инновациялык технологияларды экспорттоо боюнча рейтингинин 93-орунунан 35-орунга көтөрүлгөнү айгинелеп турат.

Кыргыз программисттери бийлик долборду өз күчү менен ишке берүүнү чечкенден кийин эки аптанын ичинде (!) «Акылдуу шаар» үчүн платформа даярдашты. Үстүбүздөгү жылдын апрелиндеги «Акылдуу шаар» долбоорунун бет ачарынан видеону көрүңүз, биздин программистер эстөөгө татыктуу:

«Акылдуу шаар» долбоорунун бет ачаары

Долбоорду өз күчүбүз менен ишке берүү идеясы кандай болгон?

«Акылдуу шаар» боюнча сүйлөшүүлөр жаңыдан башталган кезде эле 2017-жылы долбоордун үсүндө өз алдынча иштөө жөнүндө кептер болгон. Мындай платформаны өз күчүбүз менен жаратуу идеясы көптү үмүттөндүргөндөй болду. Анда жарандык коомдун көпчүлүк өкүлдөрү өкмөтттү «Акылдуу шаарды» чет элдик ири компаниялар эмес, кыргыз IT коомчулугу иштеп чыгышы керек деп ынандырууга аракет жасашкан.

Натыйжада кыргыз адистерине ишеним артуу тараза ташы артык берип, өкмөт биротоло Huaweiдин сунушунан баш тартып, ата мекендик IT тармакты колдоого алган.

Бизге жашыл чырак күйөөрү менен Эстониянын тажрыйбасын изилдей баштап, Кыргызстан үчүн «Акылдуу шаар» боюнча маселе санарип көз карандысыздыкты алууда экенин түшүндүк. Биздин команда бардык электрондук инфраструктура менен программалык камсыздоонун бир бөлүгү Кыргызстанда, кырыгыз адистери тарабынан жасалышы керектигине ишенгенбиз. Өлкө ошентип гана өзүнүн IT тармагын чыйралта алмак.

Эстониядагы Электрондук башкаруу академиясынын лекторлорунун бири биз менен ийгилик сырын бөлүштү: «Билесиңерби, эмне үчүн бизде дүйнө жүзүндөгү биринчи электрондук мамлекет? Бизде IBM продукцияларына акча жетпей калган».

Бизге, Кыргызстанга, чынында эле Эстониядан үйрөнө турган нерсе толтура. Биринчиден, санарип көз карандысыздыкты кантип алуу керек, экинчиден, кантип ата мекендик IТ адистерди колдоо керек.

Бүгүнкү күндө эстондор Европанын эң алдыңкы IT өкүлдөрүнүн бири болуп саналат. Алар Skype, GrabCAD, Erply, TransferWise, Barking, Vital Fields сыяктуу продукцияларды жасашкан. Мунун баары ассоциациялар менен мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу онлайн өкмөт менен IT билим берүүнү колдоо боюнча мамлекеттик программалардын бутактары болгон да.

«Акылдуу шаар» IT коомчулуктун өнүгүшүнө жардам бере алмак

Кыргызстанда да Эстониянын тажрыйбасын колдонууга болмок. «Таза коомдун» командасы «Акылдуу шаарды» өлкөнүн мамлекеттик жеке өнөктөштүгү үчүн эң эле алдыңкы IT аянтчасына айлантууну каалаган.

Бул үчүн мамлекеттик жана жеке сектордо кыргыз IT компанияларын тартуу менен «Коопсуз шаардын» камералары үчүн бирдиктүү софт иштеп чыгуу керектелмек болчу. Андан соң электрондук аукциондор аркылуу ар бир (!) жолдун кесилиши менен тилкеси ойнотулмак (жакшысы ар бир IT компанияга 5 жыл мөөнөткө чейин 3-5 кесилиш).

«Акылдуу шаар» долбоорунун бет ачаарынан алынган скриншот

«Акылдуу шаар» кыргыз IT компаниялары үчүн платформа болуп бере алмак. Ал эми андан алар тажрыйба жана өздөрүнүн биринчи капиталын топтой алышмак. Алгач программисттердин командасы «Акылдуу шаардын» негизин түптөп, андан соң ал Кыргызстандын бүтүндөй IT индустриясынын күчү менен толукталып иштелип чыкмак. Бул динамикалуу ата мекендик платформа болуп калмак. Ал IT коомчулук менен Мамбайланыш комитетинин уруксаты менен, же бир чет элдик өнөктөш менен макулдашылбастан эле каалагандай жакшыртылып турмак.

Кыргызстандын программисттеринен башка эч ким «Акылдуу шаарды» чынында коопсуз кыла алмак эмес. Андан сырткары, штрафтарды башка чет элдик компанияга эмес, биздин програмисттерге, келечектеги Кремний өрөөнүнүн багындыруучуларына, төлөп жатканыңды билүү жагымдуурак болсо керек.

10 жыл өткөн соң биздин кыргыз программисттери жасалма интеллектин Бишкектин көчөлөрүндө колдонулушун талдай баштап, «Акылдуу шаардын» кыргыз версиясын өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөрдө киргизе башташмак.

Бизде өзүбүздүн PARC (Пало Алтодогу изилдөө борбору) пайда болмок. «Акылдуу шаардын» базасында мамлекеттик жеке өнөктөштүк үчүн IT секторду шаардык штрафтан түшкөн акчалар аркылуу каржылоо (анын 80 пайызы баары бир эле бюджетке түшмөк)* пайда болмок.

*Эскертүү: «Клооптун» редактору колонканын авторунан IT сектор каржылана турчу штрафтын эсебинен бизнестин акча табышы канчалык туура болмоктугун сурады. Автор бизнес кепилдүү киреше таап, андан соң инфраструктураны мамлекетке өткөрүп, бардык штрафтардын 100 пайызы бюджетке кеткидей мамлкеттик жеке өнөктөштүктүн бир модели бар деп жооп берди.

70-жылдары PARC АКШнын Пентагону менен Американын Xerox компаниясы тарабынан каржыланган өнөктөштүк долбоор болгон. Тармактык кошулуу, чычканча, эс тутумдар, электрондук почта, ноутбуктун концепциясы, Bravo тексттик редактору — мунун баары PARCта Xerox жана Пентагон менен кызматташтыкта иштелип чыгып, Пало Алто өрөөнүнө арналып аталган Alto компьютеринде жүзөгө ашырылган. Ошондуктан бүгүнкү күндө Apple, Facebook, Hewlett-Paccard, Tesla Motorsтун башкы штабдары дал ошо жакта жайгашкан. Бардык кызыккан програмисттер үчүн PARCтын шоурумдары менен окуу борборлору ачылып, аларга Стив Жобстун командасын кошуп, High-techтин болочок лидерлери барышкан.

Өкмөт чындыгында эле өзүнүн «Таза коом» технопаркы үчүн, өзүнүн PARCы үчүн аянтча издеген. Ал жерде «Коопсуз шаар» Кайра иштеп чыгуу жана окутуу борборлору менен кошо бүткүл долбоордун очогу болуп калмак.

«Акылдуу шаар» үчүн кыргыз програмисттери эмнелерди жасашкан?

  • Жол кыймыл эрежелерин фотокаттоо үчүн программалык камсыздоолор даяр болгон;
  • Программалык камсыздоого тиркелген штрафтарды жөнөтүү үчүн мамлекеттик гибриддик почтанын системасы иштелип чыккан;
  • Жол инспекторлору үчүн Android менен айкалышкан маалыматтык система иштелип чыккан;
  • Үч кесилиште үч күн ичинде 11 миң эреже бузууну каттаган камералар орнотулган.
«Акылдуу шаар» долбоорунун бет ачаарынан алынган скриншот

Кайталай кетсем, мунун баары кыска мөөнөттө кыргыз програмисттери тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик продукциялар болгон. Бул биздин санарип көз карандысыздыгыбыз болчу. Бул биздин «Коопсуз шаар» болчу.

Жети жылда бир инвестордон башка инвесторго секирип бүткөн соң биз бир нерсени өзүбүз жасоого аракет кылдык. Биздин колубуздан келди. «Акылдуу шаар» кыргыз IT коомчулугунун жамааттык сыймыгы болуп кала алмак. Ошон үчүн кыргыз IT секторуна артыкчылык берилген.

Албетте, каталар көп болгон. Программалык кодду кээде кайра жазып чыгууга туура келчү. Бирок бизге продукцияны жакшыртууга жана аны туура багытта алып кетүүгө эч ким тоскоол болгон жок. Биздин програмисттер бир эле маалда иштеп жана үйрөнүп жатышты. Биз практика аркылуу санарип экономикада баалангыс тажрыйба алып жатканбыз. Кыргыз IT сектору тажрыйба топтоо үчүн кайталангыс аянтчага ээ болмок.

Биз кантип баарын жоготтук?

Бирок, бүгүн бардыгы өзгөрдү. Биз өз IT секторубузду колдобой чет элдик компанияны даярдап, үйрөтүүнү чечтик. Жөн гана жол коопсуздугун эмес, шаардык кызматтарды жана турак-жай комуналдык чарбаларды кошуп, толтура аспекттердин ишин кошкон «Акылдуу шаардын» өзүн акырындык менен атын өзгөртүп, жалгыз эле калган «Коопсуз шаар» элементине чейин кескилеп кыскартып салышты.

Биз Huawei менен кызматташуудан баш тартып, долбоорду өз күчүбүз менен жасоону чечкенден кийин жарандык активисттер тарабынан эмне үчүн мыскылга алынганыбызды мен түшүнө албай турам. Азыр эми биздин «Коопсуз шаар» чет элдик компанияга кетип жатканда бардыгы тилин жутуп алышты. «Санарип технократтардын» өкмөтү болбогондой эле болууда. Бардыгы текке кеткендей кылышууда.

Үмүт бар болчу. Ал аукционго, мисалы, «Мегаком» же «Мегалайн» сыяктуу кыргыз компаниялары катышканда да өчпөй турду. Бирок тендердин жыйынтыгынан кийин баары түшүнүктүүдөй эле болду: биз өз системабызды «Акылдуу шаарларды» куруу тармагында тажрыйбасы жок чет элдик компанияга өткөрүп бердик.

Кыргызстандын мамишканалары Сапар Исаковдун өкмөтүнүн тушунда мындай тажрыйбага ээ болуп калышкан. Ал түгүл даяр система бар эле, аны кыргыз IT коомчулугунун күчү менен ийне жибине чейин иштеп чыгып, өзүбүз колдонсок болмок. «Акылдуу шаардын» үстүнөн өз күчүбүз менен иштөөдөн баш тартуу — бул кыргыз программисттеринекарата түкүрүү.

Кыргызстандын бүткүл прогрессивдүү коомчулугу четте калбашы керек. Өлкө өзүнүн IT секторуна мүмкүндүк бериши керек. Жарым жыл мурда ойлонулган «Коопсуз шаар» Кыргызстандын бүтүндөй IT секторунун өнүгүшү үчүн платформа жана биздин санарип көз карандысыздыгыбыздын символу болуп калышы керек.