Бурулай Турдалы кызы

28-майда Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө жол берген бул бөлүмдүн милиционерлеринин үстүнөн экинчи сот отуруму кандай өткөндүгүн жана судья иштен кантип баш тарткандыгы тууралуу айтып беребиз.

Мурунку отурумда Жайыл райондук ИИБдин мурдагы төрт милиционери күнөөлөрүн «жарым-жартылай» мойнуна алышкан. Бирок мурдагы тергөөчү Эржан Кадышев гана өз күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартып койгон. Эгер сиз Бурулай кантип бычакталганы жөнүндө окуяны билбесеңиз, анда контекстти түшүнүш үчүн аны бул шилтеме аркылуу кирип окуңуз.

Дүйшөмбүдө милиционерлердин шалаакылыгы тууралуу иш боюнча отурумдун катышуучулары Кара-Балта шаарында Жайыл райондук сотунун имаратына чогулушту.

Экинчи отурумда Бурулайдын үй-бүлөсү менен күбөлөр суралышы керек болчу.

Судья Акылбекова отурумдун бардык катышуучулары, тагыраагы соттолуп жаткандардын, күбөлөрдүн жана жабыркагандардын келген-келбегенин текшербестен эле жыйынды баштады.

«Тараптардын сунуштары барбы же жокпу?» — деп сурады ал.

Буруайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттары Назира Абдумуминова менен Эсения Рамазанова ордунан туруп, ишти Бишкектин Октябрь райсотуна өткөрүүнү суранышты.

«Айыпталып жаткандардын бардыгы Жайыл районунда жашашат жана органдарда ар кандай кызматтарда иштешкен. Ишти акыйкаттык менен карабоо коркунучу бар», — деп түшүндүрдү Рамазанова.

Аны Абдумуминова да колдоду. Ал судьянын калыссыздыгына бир нече белгилер бар деп эсептейт.

«Соттолуп жаткандардын бирөөсү күнөөңдү мойнуңа аласыңбы же жокпу деген суроого мойнума алам деп жооп берди. Кийнки суроо берилди: “Жарым-жартылайбы?”, соттолуучу “Ооба” деп жооп берди. Биз сот бул иште калыстыгын көрсөтпөй жатканын күбө болуп атабыз», — деп билдирди адвокат.

Ал кошумчалагандай, мурдагы отурумда судья ага «сизге эч ким тоскоолдук кылган жок, сиз да тоскоолдук кылбаңыз» деп айтып, соттолучунун адвокатынын билдирүүсүн даттанууга мүмкүндүк бербей койгон.

«Судья тарабынан бизге карата кандайдыр бир жаман көрүү болуп жатканын байкадык. Биз Жайыл райсотунун бардык курамына ишенбейбиз. Мындай мамиле бардык судялар тарабынан жабырлануучу [Бурулайдын үй-бүлөсүнө] да карата болот деп шекшип жатабыз», — деп кошумчалады Абдумуминова.

Мурдагы милиционердин адвокаты Урмат Чырмашев Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттарынын дооматтарына макул эмес. Ал иштин Бишкекте өткөрүлүшүнө каршы.

«Бул жерде судьянын калыссыздыгына карата кескин себептер болушу керек. А бул жерде эч кандай негиз жок. Судьянын ал күнөөсүн мойнуна алаар-албасын тактап алганы — адам күнөөсүн мойнуна алып-албагынын же жарым-жартылай экенин билүү — бул судьянын укугу. Өтүнүчтөн баш тартылуусун суранам», — деди адвокат.

Соттолуп жаткандардын башка эки адвокаты да иштин Бишкекке өткөрүлүшүнө каршы чыгышты. Бирок адвокат Эркин Алымкулов буга каршы эмес экендигин билдирди.

«Кылмыш Жайыл районунун аймагында болгон. [...] Сиздин ар бир чечимиңиз, ал адилеттүү же адилетсиз болобу — ал баары бир адилетсиз катары бааланат. Ошондуктан мен ишти башка районго өткөрүп берүү максаттуу болот деп эсептейм», — деп түшүндүрдү адвокат өз позициясын.

Ал кошумчалагандай, ишти кайсы сотко өткөрүү керектигин жогорку орган чечиши керек. Ал сөзсүз эле Бишкектин Октябрь райсоту болушу кажет эмес.

Прокурор Мамбетаалы Турдумаматов «калыс териштирүүнү камсыздоо масатында» Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттарынын суранычын канааттандырууну өтүндү.

Танапис жана судьянын чечими

Судья ишти өткөрүү боюнча бардык тараптардын пикирин угуп, чечим чыгарыш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Отурумдун катышуучулары сот залынан кетпей өз ара сүйлөшүп отурушту. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттарынан Кара-Балтанын жергиликтүү басылмасынын журналисти интервью алып жатты.

Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттарын журналисттер үймөлөктөп, өз суроолорун узатып жатышты.

«Биз иштин өткөрүлүшүн талап кылабыз. Токтотпойбуз», — деди Абдумуминова.

Ал жана анын кесиптеши отурумду деталдуу териштирип, ким кандай жооп бергенин жана кандай эреже бузуулар болгонун талдап отурушту.

Дээрлик бир сааттан кийин судья Асылбекова кайтып келип, өз чечимин окуду. Ал сот Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттарынын сунушуна макул экендигин жана ишти Бишкектин же Чүй облусунун башка районунун юрисдикциясына өткөрүп берүүнү чечкенин билдирди.

«Жабырлануучулар менен күбөлөр бир тарап болуп, Бишкекте жашашат. Ошондой эле, соттолуп жаткандан кылмыш жоопкерчилигине тартылганга чейин Жайыл районунун ИИБинде ар кандай кызматтарды аркалашкан», — деп түшүндүрдү Акылбекова өз чечимин.

Ал эгер судьянын калыстыгына күмөн саноолор болсо иштин каралышына катыша албасытыгын кошумчалады. Ошону менен отурум бүтүп, күбө ошо бойдон суралбай калды.

Эми милиционердердин шалаакылыгы боюнча иш Чүй облустук сотуна өткөрүлөт. Өз кезегинде ал кийинки жолу отурумдун катышуучлары кайсыл жерде чогулушаарын чечет.