«Клооптун» журналисттери үйлөрүндө жапайы (жана абдан өзгөчө) жандыктарды баккан Бишкектин тургундарын табышты.
Влада менен биринчи жолукканда эле мен анын эки колунан аймалган тактарды жана тырыктарды, ал эми кийиминен ак-кара түстөгү жүндөрдү байкадым.
Бул учурда анын жанаты (ред. — енот) мени кызыгуу менен жыттап атты. Мен жынсы кийип алганыма карабастан, анын тырмактары бутумдун терисине тийип жатканы сезилди.
Влада ит жана мышыктын кожоюну болуп турганда эле жанат багып алууну чечкенин түшүндүрдү. Анткени жанаттар анын көңүлүн башкача бир кооздугу менен бурдурган. «Жанатты карап жылмайбай коюу мүмкүн эмес», — деп эсептейт Влада.
Ал өзүнүн жанаттарын «эч качан чоңойбогон эки жаштагы бала» сыяктуу элестетем деп сүрөттөдү.
«Биз жаныбарларды кимдир бирөөгө калтырып кете албайбыз. Эгер ага бир нерсе жакпаса ал өтө катуу тиштегилеп салышы мүмкүн. Аны менен кантип тил табышканды билүү зарыл. Ага мээрим төгүш керек. Мунун баары бир топ эле акча каражаттарын талап кылат», — дейт Влада.
Азыр Владанын үйүндө эки ургаачы жана бир эркек жанат бар. Эркеги эки, ал эми ургаачылары бир жашта. Ал жанат баккысы келгендер жаныбар асыроочу жайга кайрылуусу керектигин кеңеш кылды. Болбосо адамдарды алдап, токойдо кармалган жапайы жаныбарларды алып келип берип коюшу мүмкүн. Жанаттын бир күчүгү орточо 70 миң сомдун тегерегинде бааланат.
«Эркеги мага жапайы бойдон келген. Эки айлыгын алып келип беребиз деп убада кылышканы менен беш айлыгын алып келишкен. Эгер адам жанатты бир айлык кезинен эле бага баштабаса, алар жапайы болуп кетишет», — дейт ал.
Влада ага мээримин төгүп, көп убактысын арнаган. Ошондуктан ал жанатты колуна оңой эле алат. Ал эми жанат ага ишенет. Анын айтымында, жанатка мээримиңди төгүп гана тарбиялоого болот. Көптөгөн адамдар ага чыдабай, жоготуп салышат.
«Аларды сынык жаактары же кабыргалары менен эшикке ыргытып салышат. Орусияда азыр мынтип “баш тартып койгондор” толтура», — деди Влада.
Анын айтымында, көпчүлүк жанаттарды «сүйкүмдүү жаныбарлар» деп эсептешет, бирок алар андай деле эмес.
«Жанат — бул жапайы жаныбар. Жанат гормондору менен жашайт. Анын маанайы тез өзгөрүп турат. Мунун баары жыл мезгилине байланыштуу. Алар жылына бир жолу жай айларында «жинди» болуп калышат. Эркектери менен ымала кылуу абдан оор, ал эми ургаачылары менен бир аз жеңилирээк», — деп түшүндүрөт ал.
Мындай убактарда жанаттар агрессивдүү болуп, ал эле эмес кожоюнуна кол салып коюшу ыктымал. Буга карабастан жанатка жооп кайтарып, сабабаш керек.
«Болгону тиштенүүсүнө чыдап коюу шарт. Алардын капасына лыжа кийим же кончу узун өтүк менен кириш керек. Бул залал тийгизип коюшу мүмкүн кооптуу айбанат», — деп эскертти ал.
Жанаттар маанайы тез өзгөрүп турган кезде абдан ынтымактуу болушат. Влада бир жолу жанаттын ургаачыларынын бирөөсүн агрессивдүүлүгүнүн айынан камап койгонун айтат.
«Алар аны уктагычакты, бир күн кечке бошотууга аракет кылышты. Үчүнчү күн дегенде алар аны чыгарып алышты. Ыйлашты, уулушту, бирок бошотуп алышты. Алардын үйүрү ушундай болот экен», — дейт ал.
Бирок эгер жанат колго көнүп алса, анда ал адамга тынч эле мамиле кылат. Влада өз жанаттарын адамдардан аларга зыян тийбейт жана алардын жашоосунда адамдын болгону кадыресе, коопсуз көрүнүш деп көндүрүп алган.
Жанаттарын Влада үйүндөгү бүтүндөй бир бөлмөгө жайгаштырган. Ал жакта селкинчек, шатычалар, оюнчуктар жана асма керебет бар. Жанаттар түнкүсүн жигердүү келип, күндүзү укташат.
«Биз аларды түнкүсүн же өзүбүз үйдө жок кезде бекитип коёбуз. Жанаттар баарына кызыгышат, баарын билгиси келишет [...] Жанатты батирде бакса болот, бирок капас салып берүү керек», — деп түшүндүрөт Влада.
Анын айтымында, жанат баккысы келген адам «аюунун машыгуусу» деп аташкан нерсени эске алышы керек. Себеби жанат ашыкча энергиясын чыгаруу үчүн басып жүрө берет, ага орун жай керек.
Влада ырастагандай, адамдардын көпчүлүгү жанаттарды печенье же конфет менен тойгузса болот деп ойлоп жаңылышат. Алар баарын катары менен эле жей беришпейт. Таттуу же ун аралаш жемден алардын боору ооруп калышы мүмкүн.
Ошол эле кезде ал жанаттын тамак-ашы ар түрдүү болушу керектигин эскертти. «Алар балык, эт, жумуртка, мөмө-жемиш жей беришет. Мен аларга суу чаяндарын, бөдөнөнүн жумурткаларын сатып берем. Кээде кургак жем деле берсе болот. Бирок, күнүгө же дайыма бере берген болбойт. Анткени бул токой жаныбары да. Кышкысын сөзсүз мөмө-жемиштер керектелет».
Влада жанаттарды Кыргызстанга уруксат документтери менен киргизген. «Ар бир жаныбардын ветпаспорту болот. Ал жерде эмдөө жана дегельмитизация жөнүндө маалыматтар жазылат», — дейт ал.
«Аны кармоого жети ӨКМчи келген»
Алина кылдаттык менен айнектен жасалган капасты столдун үстүнө койду. Анын ичинде кара жөргөмүш отурат. Алинанын айтымында, анын жөргөмүшү беш жаштагы Баунти деген каймана аттуу кыз.
«Ал менде үч-төрт жыл мурда пайда болгон. Алар 15-20 жылга чейин жашашат. ошондуктан ал дагы да болсо өсөт», — дейт ал.
Алина Баунтини багып алаары менен жашоосу жана жөргөмүш сымалдууларга карата мамилеси өзгөргөнүн айтат. Азыр Алина жөргөмүш көрүп калса эшикке чыгарып, же киймине жабышып калса силкип коёт.
«Бул жөргөмүш уулуу болгону менен өлтүрүп койбойт. Бир аз кыйналасыңар, дары тамчылатыш үчүн ооруканага барууга туура келет. Анткени токсиндерди чыгаруу керек, болбосо дүүлүкмө реакция башталат», — дейт Алина.
Алинанын колунун манжалары бир аз кызарып калган. Ал муну киши организминин жөргөмүштүн денесиндеги уулуу жүндөргө болгон реакциясы деп түшүндүрдү. Алар кыздын колуна жөргөмүштөгү чаңды силкип жатканда жабышып калган.
«Жаратылышта, эгер алар кандайдыр бир жаныбар түрүндө коркунучту сезишсе уусун жүндөрүнө чыгарышат. Бул чачтар абдан майда болгондуктан, ал жабышып калган жериңди дүүлүктүрүп, кычыштыра баштайт», — деди Алина.
Ал жөргөмүшү менен кол кап кийип алып гана иштейт. Эгер ашыкча тынчын ала берсең ал уусун чачтарына чыгарышы мүмкүн.
«Капкагын ачып, ага кирип, суу куйсаң — ал үчүн бул стресс. Кээде адамдар анын ордунан жылганын көргүсү келип айнекти черткилешет — бул дагы стресс. Чачтары ал өзү жашаган мына бул аралашмада калып калат, анан тазалай баштаган соң чыга баштайт», — деди ал.
Баунтинин капасы жарым жылда бир жолу тазаланат. Анда болгон кокос субстраты алмашылат, ал эми жөргөмүш ал кезде чакага салынат. Алина жада калса мындай учурда да жөргөмүшкө тийбегенге аракет кылып, чаканы чыбыктын жардамы менен жылдырат.
Азыр Баунти эки-үч аптада бир жолу азыктанат. Ага Алина өзү картон формасында жасап, жумуртканын кабыгынан жасалган калптын ичинде өндүрүлгөн мадагаскар коңуздарын берет.
«Коңуздарды сатып алып, банканы ачып, көңтөрүп, силкип коём. Ал капаста коңуз менен үч күн жашаган күнү болгон», — дейт Алина.
Бирок Баунти үчүн коңуздар дайыма эле тоют болгон эмес. Алина жөргөмүшкө алгачкы эки жолу жаңы туулган чычкандарды берген.
«Чычкан жаңы туулуп, абдан кичинекей болчу, анын тамырынан кан жүгүрүп атканы да көрүнчү [...] Чычканды ыргытсам жөргөмүш ага дароо жабышты. Анын көзүнө хелицерра чачырагансыды, анткени кан чыга баштаган», — деп эскерди Алина.
Анын айтымында, жөргөмүш уусун чачып, чычкан дагы 10 мүнөттөй кыймылын уланткан. «Анын териси абдан ичке болгондуктан, ичегиси жана жүрөгү согуп атканы көрүнгөн», — дейт ал.
Уу курмандыгын ичегисин жыдытып, аны илээшчек массага айлантып коёт, ошондон кийин жөргөмүш курмандыгын жей баштайт. Алина Баунтини чычкан менен багуу керектигин ага тааныштары кеңеш кылышканын, бирок жөргөмүшкө берген чычкандарга абдан боору ооруп калганын айтат.
«Жаратылышта алар качып кете алышат, ал эми капаска ыргытсам алар эч жакка кача албай калышат. Демек аларды жөргөмүш эмес, мен өлтүрүп салган болуп калып атам», — деп эсептейт Алина.
Жөргөмүш өмүрүндө эки жолу качып кеткен. Эки жолкусунда тең Алина Баунтини апасына калтырып, жумуштары менен кеткен кезде болгон. Жөргөмүш биринчи жолу качкан кезде апасы ӨКМди чакырган. Бирок Алина апасына Баунтини өз уясына чака же кагаздын жардамы менен кайтаруу керектигин түшүндүрүүгө аракет кылган.
«ӨКМди чакырдык. Каска жана кол кап кийген жети килейген киши келиптир. Алар деле мен айткандай кылышты: аны чака менен жаап, кагаз менен чыгарышты. Экөө кармаса, калгандары камерага тартып жатышты», — деди ал.
Экинчи жолкусунда Баунти Алинанын апасы уянын капкагын ачык таштап салгандыктан качып кеткен. Жөргөмүш кожоюндары аны эртеси күнү жок болуп кеткенин байкаганга чейин, түнү бою батирде жөрмөлөп жүрө берген. Жарым саат издешип, кыздын апасы Баунтини текченин алдынан тапкан.
Алина ит же мышыкка караганда жөргөмүш баккан оңой деп айтууда.
«Жөргөмүш сегиз айда бир жолу түлөйт. Ага чейин ал бир же эки айдын ичинде эч нерсе жебейт. Ага тийбөөгө да аракет кылам. Ал үчүн бул чоң стресс. Ал терисин чечкенден кийин уяда эки жөргөмүш отургандай көрүнөт», — деди Алина.
Алина Түштүк Америкага барууну жана Баунтини кошо алып алууну кыялданат. Ал жерден Алина жөргөмүшүн Амазонканын чытырман токоюнан коё бергиси келет.
«Чынын айтканда мен уяда жашоо үчүн жаралбаган жандыкты капаста кармаганда боорум ооруйт», — деди Алина үшкүрүп.
«Аны уядан сүрүп чыгарып салышыптыр, ал өлүп калмак экен»
Сүрөтчү Влад Ушаковдун үйүндө уйкучу-үкү Софа үч жылдан бери жашайт. Бул үкүлөрдү алар таңга маал же күн киргенде чыгарган үнү үчүн уйкучу деп атап коюшкан. Ал үн «уктап жатам» деген сөзгө окшош.
Ушаков Софа үй-бүлөсүнө көнүп калганын жана колдо отуруудан коркпосун айтат. Сүрөтчү үкүнү өз үйүнө балапан кезинде алган. Аны ага «Бугу Эне» жаныбарларды коргоо фондунан өткөрүп беришкен.
«Ал бизге келгенде учуп, дубалга уруна берчү. Бир жеринен жаракат алса керек, бирок азыр жакшы учат [...] Аны уядан сүрүп чыгарышкан экен, болбосо ал жаратылышта өлүп калмак», — деди ал.
Анын айтымында, Софа үкү болгону менен көбүнчө курт-кумурскаларды жейт. Ал жана анын башка ири туугандары коён, тыйын чычкан сыяктуу майда жаныбарларды кармап жешет.
«Курт-кумурска берип жатканда ал учуп келип колго конгонду жактырат. Мындай чымчыкты тойгузуу оңой эмес. Жайкысын чегирткелерди, ал эми кышында кара чегирткелерди сатып алам. Кээде тоок этин да берип турам», — дейт Ушаков.
Ал үкү багуу ит же мышыкка караганда оор экенин эскертти. Үкү рационду сакташы керек, анткени туура эмес тамактарды берип баксаң анын көзүнүн көрүүсү начарлап кетет.
Күүгүмдө уйкучулар полярдык үкүлөргө караганда абдан жигердүү келишет. Күндүз Софа уйкулуу абалда болот, бирок жанына келген адамга көңүл бурат.
Ушаков чымчыкты эшикке чыгарбайт — ал батирдин ичинен эле учуп жүрө берет.
Сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө буга чейин да үкүлөр жашаган. Софага чейин ал үч чымчыкты сактап калып, ар бирин эркин учууга коё берген. Ошентсе да Ушаков батирде жапайы жаныбарларды кармоого каршы. Ал мындай нерсе үчүн мышык же иттер ылайыктуу деп эсептейт.
«Эгер мүмкүнчүлүк болсо ар бир жаныбарды жаратылышка берүү керек. Андан тышкары, кандайдыр бир жаңы адаттарын да билип аласың. Бул жөн гана мышык же иттиң эмес, бул жапайы жаныбардын кылыктары», — деп эсептейт ал.