Америкалык «республикачы» сенатор Марко Рубио өмүр бою эркинен ажыратылган кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровду колдоп чыкты.

Бул боюнча Рубио өзүнүн твиттеринде жазды:

«Мен Кыргызстандын өкмөтүн журналист жана укук коргоочу Азимжон Аскаровду тез арада бошотууга чакырып кетем. Өмүр бою эркинен ажыратылган ал 2010-жылдан бери камакта жатат. Сөз эркиндиги — кылмыш эмес», — деп жазган ал.

Аскаров ― этникалык өзбек, Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан укук коргоочу. Ал милиция кызматкерлери тарабынан болгон кыйноолор туурасындагы иликтөөлөрү менен таанымал. 15 жыл бою ал «Аба» укук коргоо уюмун жетектеген.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын акырында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.

Аскаровдун жактоочулары укук коргоочуга коюлган айыптар негизсиз экенин бир нече жолу айтып чыгышкан. Окуя болгон жерде Аскаров жок болгонун күбөлөр ырасташкан. Ошондой эле укук коргоочу кыйноого алынганын жана иликтөө иштери процессуалдык эрежелердин одоно бузулушу менен коштолуп атканын анын адвокаттары билдирген.