Күйүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна гүл бакча салынат

Өрттөн жабыркаган башкы прокуратура Ала-Тоо аянтынын бет маңдайында жайгашкан. Сүрөт: Акылбек Батырбеков / Sputnik

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаевдин айтымында, өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна гүл бакча курулат.

«Бишкек шаар мэри Азиз Суракматовдун чечими менен мурдагы башкы прокуратуранын имаратынын ордуна гүл бакча салынат. Жакында мерчемдөө иштери башталат», — деп жазды чиновник фейсбукка (кийинчерээк билдирүүсү баракчасынан өчүп кеткен).

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуясы учурунда күйүп кеткен. Андан бери анын ордуна кандай курулуш түшөөрү тууралуу бир канча сунуштар айтылган.

Мисалы, анын ордуна кеңсе же соода борборун ачууну каалашкан. Бирок кийинчерээк жаңылоо планын толук бойдок жокко чыгарышкан, ага имараттын түзүмү жараксыз болуп калганы себеп болгон.

Өрттөнгөн имарат Бишкектин так ортосунда, Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде, Ала-Тоо аянтынын бет маңдайы жана агропромдун имаратынын жанында жайгашкан. Революциядан кийин алгачкы жылдарда имарат күйгөн абалда турса, 2011-жылы аны жарнамалык баннерлер менен жаап коюшкан.