Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүнөн мемдерди жасаганы үчүн Башкы прокуратура өткөн ишембиде дизайнер Никита Тарасенкону чакырган.

Башкы прокуратура түшкөн арыздын негизинде эрежеге ылайык аракеттенгенин айтып актанганы менен «Клооптун» редакциясы Тарасенконун аңгемелешүүгө чакырылышы — бул чектен чыгуу жана ал мындан ары кайталанбашы керек деп эсептейт.

Ал эми мындай көрүнүш кайталанбасын кепилдеш үчүн биз президентибизге байланыштуу ай сайын боло турган мыкты фотошакаба (орусча: фотожаба) конкурсун жарыялайбыз.

Биринчи конкурска сүрөт:

Сүрөттү жогорку сапатта көчүрүп алыш үчүн шилтеме

(Фотожаба деген эмне экенин билбейсиздерби? Бул жерде аныктамасы бар.)

Өзүңөрдүн фотошакабаңарды atokoeva@kloop.kg дарегине жөнөтүңүздөр, алардын ичинен мыктысын биз бул жерде жарыялап турабыз. Тартынбагыла, чексиз күлгүлө, каалагынды кылгыла, эмне ойлосоңор ошону сүрөткө тарткыла!

Жөн эле эки президентти бийликтен кетирген жокпуз да. Ошон үчүн биз Жээнбековдун, ал тургай 2023-жылы бизде президенттикке келе турган адамдын үстүнөн (жазаланып калабыз деп) коркпостон тамашалай берсек болот. 2029-жылы да, андан ары да, ар алты жыл сайын.

Эмне белек болот?

Биз, Кыргызстандын эли, өз президентибизге колого айланып кетишине жол бербегендигибиз белек болуп калат. Биз өлкөбүздө жеке бир адамга сыйынуу пайда болушуна жол бербейбиз. Биз президенттин фигурасы ыйык жана кол тийбес болуп калышына жол бербейбиз.

Кыргызстанда реформалар бардыгы, тагыраагы өкмөт, парламент жана соттор президенттен корпогондо, өлкө башчысы бардыгына үстөмдүк кылган фигура болбогон кезде гана чынында жүзөгө ашат. Тарасенконун Башкы прокуратурага чакырылганынан улам биз маморгандар президенттен коркоорун көрсөтүп койду деп эсептейбиз. Анда алар адамдарды жүздөп чакырышсын же болбосо таптакыр мындайды токтотушсун. (Маморгандарга кеңеш: муну таптакыр токтотконуңар оң, өзүңөргө эле жакшы болот.)

Сөз эркиндиги, ойду эркин билдирүү жана азил-тамаша үчүн алга!

Өтүнүч, конкурска катышуучулар көп болушу үчүн бул материалды бөлүшүп коюңуз: