Ош шаары 5-октябрь күнү 3018 жылдыгын белгиледи. Анын урматына борбордук аянтта майрамдык салтанат өтүп, өнөрпоздордун эмгектеринин жана улуттук спорттук оюндардын көргөзмөсү уюштурулду.

Башкы аянтта өткөн майрамдык концерт саат 11:00 башталып үч саатка созулду. Сахналаштырган оюн-зооктор студенттер тарабынан уюштурулуп ыр-бий менен коштолду. Концерттин жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочуларды шаар күнү менен куттукташты.

Аянттын чыгыш тарабында «Ош ооматтуу ордо калаа» жарманкеси өтүп, анда 10дой улут өкүлдөрү калаа тургундарын тамак-аштары жана маданияты менен тааныштырды.

Англиядан келген Карет үч баласы менен аянтка чыккан. Ага эң баарынан улуттардын тамак-аш жана маданият көрмөзмөсү жакканын белгиледи.

«Бул майрамга балдарым менен кошо чыктым. Майрам абдан жагып жатат. Менин оюмча көргөзмөлөрдүн ар бири өзгөчө креативдүү жасалган», — деди англиялык конок.

Улуттук спорт көргөзмөсү аянттын батыш жагында орун алып, кыргыз күрөш, кол күрөш жана таш көтөрүү оюндары көрсөтүлдү. Султан Ибраимов атындагы драма театрынын астында музыкалык мектептин окуучулары улуттук аспаптарда кыргыз күүлөрүн аткарышты.

Биология мугалими Гүлнара Медетова майрамды белгилөөгө кесиптештери менен келген. 

«Майрам аябай жагып жатат. Ошту даңазалоо, барчылык-токчулук, элдин маанайы жагып жагууда. Бүгүнкү күнгө жакшы даярдык көрүлгөнү байкалды. Мугалимдердин жана Ош шаарынын майрамы болгону үчүн маанайыбыз жакшы», — деди Медетова.

Мэриянын маалыматы боюнча, шаар күнүн майрамдоого 10 миңге чукул тургун катышты. Кечки саат 19:00 Ахматбек Сүйүмбаев стадионунда кыргыз жана өзбек ырчылары катышкан концерт өтмөкчү.

Сүрөттөрдүн автору: Маматказы Расул уулу
Редактору: Элвира Акимова