Асел Момукулова (оңдо) үйүнүн жанында. Солдо жанаша курулуп жаткан үй Турат Мусукеевдики.

Чүйдөгү Сокулук районунун тургуну Асел Момукулова сентябрь айынын ортолорунда өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго коомдук желе аркылуу кайрылуу жасады. Анын айтымында, аларга таандык жер тилкесин милиция кызматкери тартып алууга аракет кылып жатат.

Үйдүн үстүнө салынган там

Асел Момукулованын жер тилкеси Сокулук районундагы Ак Ордо-2 жаңы конушунда экен. Бул конуштун 518-контурундагы 4 сотик аянтты ээлеген №14 жер тилкесин Асел Момукулова агасы Азизбек Момукулов экөө сатып алышканын айтат.

Момукуловдор бул тилкени жакын тааныштарынын сунушу менен 2014-жылы үч аялдан 4 миң АКШ долларына сатып алышкан экен. Андан бери төрт жыл өтүп, жер саткандардын аты-жөндөрүн унутуп калганын айтууда.

Аселдин айтымында, жер тилкесине бир бөлмөлүү там салып, 2018-жылдын июль айына чейин тынч эле жашашкан. Бирок 8-июль күнү Момукуловдордун үйүнө өзүн Турат Мусукеев деп тааныштырган киши жанында адамдар менен келген экен. Алар бул жер тилкеси 516-контур экенин жана анын ээси Мусукеев болгонун айтып, тез арада аны бошотуп коюуну талап кылган. Чакан тамда ал күнү Момукуловдордун энеси Чынаркан Ибраимова өзү жалгыз болгон.

«8-июлда Турат Мусукеев, Улан Мамбетов, Алия Балыбаева жана Айгүл Оморова келгенде менин апам Чынаркан алардан жерге тиешелүү документтерин көрсөтүүсүн талап кылган. Алар болсо көрсөтпөй, “бул жер Турат Мусукеевге таандык, бошотуп койгула!” деп коркутуп кеткен», — деп айтып берди Асел.

Чынаркан Ибраимованын тамынын жанында үй курулуп жаткан учур. Асел Момукулованын документтеринин арасындагы сүрөт.

Мусукеев болсо бул жер тилкеси 518 эмес, 516-контурга кирээрин Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу аныктаганын айтууда, ошондуктан өзүн бул жердин мыйзамдуу ээсимин деп эсептейт. Мындан улам кийинчерээк 26-июлда бул жер тилкесиндеги Момукуловдордун үйүнүн жанына кум түшүрүп, курулуш иштерин баштап алган. Бул Момукуловдор менен Мусукеевдин ортосундагы чырдын ырбашына алып келген.

Жашап аткан үйүндө курулуш иштери жүрө баштаганына түшүнө албаган Чынаркан эже аларга чатырын жыйнап кетүүсүн айткан. Мусукеевдин айтымында, Чынаркан эже анда алардын чатырын айрып салган. Мындан улам Мусукеев Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына Чынаркан эженин үстүнөн арыз жазып, «өзүм билемдик» беренеси менен ага каршы кылмыш иши козголгон.

«Чынаркан эже ошол жерге тигилип турган чатырыбызды айрып, жыгачтарыбызды сындырып “үйүмдүн үстүнө салбагыла” деп каршылык көрсөттү. Алар негизи алданып калган да. “Жер саткандардын үстүнөн арыз жаз” десем жазбай жатат. Жакында Чынаркан эжеге карата козголгон иш боюнча сот болду, чечим чыкты. Эми мен кайра тосмо арыз бердим», — дейт Мусукеев.

Ошол эле маалда Чынаркан эже да өзүнүн жер тилкесине үй тургузула баштаганына байланыштуу Сокулук РИИБине арыз менен кайрылганына карабастан алардын иши ушул күнгө чейин каралбай жатканын айтышат. Аны Момукуловдор Мусукеевдин милиция кызматкери болгону менен байланыштырышат.

Мусукеев өзү да укук коргоо органында иштегенин телефон аркылуу сүйлөшүүдө ырастап, бирок жерин тактап айтуудан баш тартты.

«Жашыл китебим бар»

Мусукеев ал жерди 2016-жылы 25-февралда Айгүл Оморова аттуу аялдан сатып алганын айтууда, тагыраагы BMW машинасына алмаштырып алган экен. Ошондой эле, Мусукеев 2018-жылга чейин сатып алган жерди барып көргөн эмес экенин, Оморовадан жер тилкесин көрсөтүүнү талап кылганда ал Момукуловдор жашап жаткан үйгө алып келгенин айтат.

Бул жер тилкесине байланышкан дагы бир түшүнүксүз жагдай: Момукуловдордун колундагы кагазда жер 518-контур деп жазылып турган болсо, ал эми Мусукеевде 516-контур деп турат. Мындан улам Мусукеев жер саткандардын үстүнөн арыз жазуу керектигин Момукуловдорго айткан. Асел болсо жерди саткандардан бир гана Турдайым Рысалиеванын атын билээрин жана азыр аларга каршы сотко кайрылууга документ чогултуп жүргөнүн билдирди.

Мусукеевде үйгө байланыштуу кандай документтер бар экенин сурап кайрылганыбызда, кагаздардын баары колунда экенин айтуу менен чектелди да бирок көрсөткөн жок.

«Менин колумда ал жерге тиешелүү жашыл китеп, Айгүл Оморова жазып берген “расписка”, Мамлекеттик каттоодон 516-контур экенин далилдеген маалым кат бар. Жер азыр трансформация боло элек, болгондон  кийин өз атыма өткөрүп алам», — деди ал телефон аркылуу сүйлөшүүдө.

Жерди Мусукеевге саткан Оморова менен байланышуу оңой болгон жок. Бир канча ирет чалып, араң байланышка чыкканда ал сүйлөшүүдөн баш тартып, кайра мени коркутууга өттү.

«Журналистмин деп мени коркута албайсың. Сенин артыңдан түшөм. Сага жооп бербей койгону акым бар! Эмнеге сенин сурооңо жооп беришим керек?» — деди да телефонду өчүрүп койду.

Момукуловдордун үйүнүн маңдайында Мусукеевдин үйү (солдо) салынып жатат.

«Айдоо жерлеринин кызыл китеби болбойт»

Аселдин колундагы документтердин арасында жерди агасы Азизбек Момукуловго өткөрүп берүү боюнча Азиз Узакмановдун ишеним каты бар. Ишеним катта Узакманов Турдайым Рысалиеванын атынан иш жүргүзгөнү жазылган.

Ишеним катта эки жер тилкеси туурасында сөз болот. Анын бири тоодогу бир жер болуп чыкса, дагы бири Ак Ордодо-2 жаңы конушундагы 519-контурду көрсөтүүдө.

Бул маалыматты «Прецедент» уюмунун юристи Фатима Якупбаева да ырастап, жер тилкеси турак-жай курууга болбогон, айдоо жери экенин түшүндүрдү.

«Айдоо жерлеринин кызыл китеби болбойт, ал жерлерге жашыл китеп гана берилет. Адамдар жер сатып алганда ошону билбей, изилдебей туруп, кийин жер саткандардын “документ алып беребиз” дегенине алданып калышууда. Негизи көп жерлер айдоо жерлери болуп, ал жерге адамдар там куруп алып жаткандыгы үчүн учурда мамлекет жерлерди трансформациялоо чечимин чыгарып жатат», — деп маалымдады Якупбаева.

Ак Ордо-2 конушунда «Үй сатылат» деген жазуулардын баарын эле өз кожоюну жаза бербейт. Ал жерге ээлик кылагын айткан экинчи кожоюну эскертүүсүз эле анын сатылаарын жазып кеткен учурлар да кездешет.

Ак Ордо-2 конушу Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына карайт. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мурзакматов мындай окуялар бул конушта көп экенин айтты.

Мурзакматовдун айтымында, чынында эле Ак Ордо-2 жаңы конушундагы айдоо жерлерине там салынып калган учурлар болгон. Азыр ал аймакты турак-жай салуу максатында трансформациялоо үчүн аракеттер көрүлүп атканын билдирди.

«Негизи эле Ак-Ордо-2 жаңы конушунда мындай окуялар көп. Мен баарын эстеп кала албайм да. Ошол жерлер трансформацияланып, эл мыйзамдуу түрдө жашап калса деген эле тилегим. Болбосо алар да биздин мекендештерибиз, космостон түшүп калган жок. Эгер мыйзамсыз көрүнүштөр болуп жатса мурун эле, элдер жайгаша электе эле айтыш керек болчу. Эми мынтип жайгашып жашап калгандан кийин чык деп айтуу туура эмес. Бул адамгерчиликке жатпайт, муну мыйзамдуу деп кантип айтасың?» — деди айыл өкмөт башчысы Мурзакматов.

Анын айтымында, 1994-жылы мамлекет агрардык реформа жүргүзүп, жерлерди жеке менчикке өткөрүп берип аткан убакта бул аймактар айдоо жери болуп Заря колхозуна кирип турган. Кээ бир адамдар жеке менчикке көп жер сатып алып, аны 4 сотиктен бөлүп саткан учурлар болгон.

Жер сатып алып, там куруп жашап жаткандардын үстүнө келип, коркутуп-үркүтүү менен тартып алган учурлар Ак Ордодо аз эмес экенин айтышат тургундар.

Сүрөттөр автордуку

Редактору: Элмурат Асан