Кызыл Аскер конушун Кайназарова көчөсүндөгү үйлөр.

Бишкектин батыш тарабында жайгашкан Кызыл Аскер конушунун бир бөлүгүнө көп кабаттуу үйлөр жана балдар бакчасы салынып калышы мүмкүн. Ал үчүн атайын курулуш долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга сунушталды. Эгер бул демилге кабыл алынып калса, 200дөй үй сүрдүрүлүп, миңдей киши (убактылуу) турак-жайга муктаж болуп калат.

Эмне болду?

«Бишкек башкы архитектура» мекемесинин Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Замира Кангелдиеванын айтымында, Кызыл Аскер аймагынын инфраструктурасын өзгөртүү боюнча долбоор иштелип жатат. Аталган демилге Жамгырчинов, Садыгалиев, Кайназарова көчөлөрү жана Дэн Сяопин проспектисин камтымакчы.

«Долбоор Бишкек башкы архитектурасы тарабынан демилгеленген. Аймакта орун алган 208 жеке менчик үй бузулуп, ордуна беш кабаттан он беш кабатка чейин турак үйлөр, унаа токтотуучу жайлар, мектептер курулат. Ошондой эле, 220 орундуу үч бала бакча куруу каралды», — деп билдирди Кангелдиева.

Кангелдиева маалымдагандай, долбоор Бишкек мэриясынын сайтына жайгаштырылып, алдыңкы эки айда коомдук талкууга коюлмакчы.

«Тургундардын сунуштарын эске алуу менен долбоорду толуктап чыгып, мэриянын токтому аркылуу бекитилет. Андан кийин ишке ашыруу иштери башталат. Жеке менчик бизнестер, инвесторлор, эл аралык уюмдардын же мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу каражат каралат», — деп түшүндүрдү «Бишкек башкы архитектуранын» бөлүм башчысы.

Долбоор ишке аша баштаганда ар бир үй ээси менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү. Курула турган көп кабаттуу үйлөрдөн батир же акчалай каражат берилип-берилбеси чечилип, атайын келишим түзүлөт.

Кангелдиева кошумчалагандай, аталган көчөлөрдүн кесилишине кирген аймактагы өндүрүш жайлары сүрдүрүлбөйт.

Кызыл Аскер аймагынын инфраструктурасын өзгөртүү боюнча долбоор Жамгырчинов, Садыгалиев, Кайназарова көчөлөрү жана Дэн Сяопин проспектисин камтымакчы. Google картадан скриншот.

Тургундар эмне дешет?

Тургундардын айрымдары бул долбоордун ишке ашышын каалап жатканын айтышса, айрымдары каршы пикирин билдирүүдө.

Медер Алавердиев 20 жылдан бери Кызыл Аскердеги Кайназарова көчөсүндө жашап келет. Төрт бөлмөлүү тамда аялы жана үч баласы менен турат. Өзү үйүнүн жанындагы чакан дүкөндө азык-түлүк сатса, аялы базарда ашкана иштетет. Ал жаңы курулуш долбоору тууралуу менден угаары менен ишенбегендей, бирок ошол эле маалда кубануу менен кабыл алды.

«Бул үй менен дүкөндү берет элем. Анткени шаардын көркүн кетирип бозоргон тамды кармап отура берсек болмок беле? Мамлекет деле ордуна үй берет да! Болбосо акчасына сатып алат, өкмөттөгүлөрдүн деле башы иштейт да. Шаарды жакшыртабыз, мегаполис кылабыз деген кишилер чыгып жатса мен кубанам», — дейт Алавердиев.

Аталган аймактын Садыгалиев көчөсүндө жашаган Айнура Акматбекова курулуш долбоору туурасында угуп, ал жөн гана айың кеп деп ойлоп жүргөн экен. Ал долбоордун ишке ашышына оң көз карашта.

«Албетте, мен макулмун, кабаттуу үйлөр курулсун. Бирок жаңы үй курулганга чейин биз батирге чыгып жашап турганга квартплатасын убагында төлөп берип турсун. Үйдү убагында бүтүрүп беришеби — бул чоң маселе! [...] Ал үй бүткөн менен сапаты кандай болот, ушул жагынан дагы кепилдик алгым келет. Себеби, азыр курулуш компаниялар көбөйүп кетпедиби. Коопсуздук жагын жакшы карашпайт. Эгер кура турган компания мөөнөтүн айтып, “ушул күнү куруп бүтүп беребиз” деп кепилдесе үйүмдү берет элем», — деп бөлүштү Акматбекова.

Ал эми ошол эле көчөдө турган Назгүл Асанова үйүн сүрдүрүүгө каршы экенин айтат. Анткени 8 сотик жерге мындан он жыл мурун эки кабаттуу үй тургузуп алышкан экен. Турак-жайды буздурган менен анын ордуна бериле турган батирге чоң үй-бүлөсү батпай калаарын айтат.

«Биз үйүбүздү бербейбиз. Анткени өзүбүз жашайбыз деп салганбыз. Кенен болсун деп эки кабаттуу кылганбыз. Беш балабыз бар. Алар чоңоюп келе жатышат. Анан эки кабат үйдү эки бөлмөлүү үйгө алмашып алып кантип тыгылып жашайбыз? Анын үстүнө ал үй качан курулат, кандай курулат, кайсы жерге түшөт — ким билет? Эшиктин алдына унаа токтотуучу жайларды салып, бардык шартты түзүп алганбыз. Баш аягы 90 000 АКШ долларындай каражат кеткен. Менин менчигимди күч менен тартып албайт да!» — деп нааразы болду Асанова.

Садыгалиев көчөсүндөгү турак-жайлар.

Бирок каршы пикир айткандардын баары эле эки кабаттуу үйлөрдө жашабайт. Кайназарова көчөсүндө 20 жылга жакын убакыттан бери жашап келаткан Аида Салман турагы чакан, эски болгонуна карабастан бул үйдөн эч жакка кеткиси келбегенин айтат.

«Бул тамды убагында 5000 АКШ долларына сатып алганбыз, 4 бөлмөлүү. Союз учурунда курулган эски үй. Чакан болгону менен канализация, ысык-муздак суусу, газ — бардык шарттары бар. Көп жылдар бою жашап көнүп да калгандыктан бул жерден кетким келбейт. Анын үстүнө үйүмдү канчага баалайт? Ордуна канча бөлмөлүү үй берет? Бул жерде уул-келиним, үч неберем менен жашайбыз. Неберелеримдин экөө студент, кичүүсү 11-класс. Балдар чоңоюп калгандыктан, кеминде үч бөлмөлүү батирге алмашпасак, батпайбыз го», — деп үшкүрүндү Салман.

«Шаарды чоңойтуу керек»

Курулуш долбоору пландалып аткан Жамгырчинов, Садыгалиев, Кайназарова көчөлөрү жана Дэн Сяопин проспектиси кирген аймак Бишкектин Ленин районуна карайт. Аталган райондун Турак-жай коммуналдык чарба жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Айбек Алыймановдун айтымында, бул кварталда 2221 түтүн бар, калктын саны 5,5-6 миңди түзөт.

«Шаарды чоңойтуу керек. Болочокто ал аймакта курулуш кандай болот? Мектеп, балдар бакчасы кайсы жерде болушу керек? Ушул маселелерди аныктап алуу үчүн план түзүлүп жатат. Баш аламан курулуп эле мектепке, садикке орун калбай жатат. Кийин курулуш компаниялары “ушул жерге там салабыз” деп келсе, ошол долбоорго карап жер берилет. Эч кимдин жери же үйү мыйзамсыз тартылып алынбайт. Анткени, баары мыйзамдуу курулган үйлөр», — деп түшүндүрдү Алыйманов.

Сүрөттөр автордуку

Редактору: Элмурат Асан