Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын кызматынын айланасындагы талаштар Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жана Султандын өзүнүн отставкасы менен аяктады. Элчи учурдагы бийликтин аракеттерине нааразылыгын билдирип, чет өлкөдөн саясий башпаанек сурады. Султан кайсыл өлкөгө кайрылганы азырынча белгисиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды анын Тышкы иштер министрлиги менен болгон араздашуусунун шартында бошотту.

Кылычбек Султан тышкы саясий мекемени Түштүк Кореяда расмий эмес делегацияларды тосуп алууга мажбурлап жатат деп айтыптап, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде болуп аткан коррупция жөнүндө айтып чыккан.

Ал 2018-жылы сентябрда Сеул аэропортундагы чатакка байланыштыгы бар мас абалдагы Эмгек министринин орун басары Зууракан Каденованын атын биринчи болуп ачыккан чыгарган. Ал эми Зууракан Каденова ошол окуядан кийин кызматынан алынган.

ТИМ позициясы жана Коопсуздук кеңештин чечими

ТИМдин элчиге карата өз позияциясы бар болчу. Министрлик Султанды мамкызматкерлердин этикасын бузду деп айыптап, мекеменин бул эреже бузуулар боюнча далилдери бар экендигин айткан.

Элчи менен ТИМдин айланасындагы талашка Коопсуздук кеңеши кызыккан. Мекеме араздашып жаткан тараптардын документтерин изилдеп, ТИМдин «так кадр саясаты жок», ал эми Кылычбек Султан өзүнө берилген талаптар менен милдеттерди бир нече жолу бузган деген чечимге келген.

Кылычбек Султан эмне деп жатат?

Кылычбек Султан кызматынан алынаарга чейин бир нече саат мурда «24.kg» басылмасына маек курган. Элчи басылманын кабарчысы менен маек курууда  Коопсуздук кеңештин өзүнө карата чечимин «жалаа жаабуу» деп атап, Кыргызстандын бийлигин таануудан баш тартам билдирген.

«Мен бул бийликти тануудан баш тартам. Кыргызстанга кайтып барбайм. Мен аларга моюн сунуп, жалган жалааларына макул болуп бере албайм. Бирок, күрөштү токтотпоймун. 5 жылдан кийин, бул бийлик кеткенден кийин келип, чындыгымды далилдейм», — деген ал.

Ошондой эле, ал чет өлкөдөн башпаанек сурады. Бирок Султан кайсыл өлкөдөн башпаанек сураганын айткан жок.