Иллюстрация: rawpixel.com/Freepik

Кыргызстанда гей, лесбиянка же трансгендер болууга тыюу салынбайт. Бирок өзүңдүн башкаларга окшош эместигиңди айтуу дагы эле кооптуу — баарынан да бул коомдун катуу басымына, ал эле эмес зордук-зомбулугуна же опузасына алып келиши ыктымал. «Клооптун» журналисти Айгерим Казыбаева үч ЛГБТ өкүлү жакын адамдарынын, ата-энесинин, бир-туугандарынын астында кантип камиң аутка барышкандыгы тууралуу маектешип келди.

Каармандардын бардыгынын ысымы өзгөртүлдү.

«Өз жанымды кыюу жөнүндө ойлор каптап турду»

Акбар, 28 жаш

Иллюстративдик сүрөт: Jcomp/Freepik

Тогузунчу класска чейин мен бул темада ой-жүгүртүп, кабатырланчу деле эмесмин. Дайыма жакшы окуп, классташтарыма эле окшош болчумун. Бирок мага балдар менен баарлашуу (дос катары гана эмес) кызыктуу көрүнчү. Бала чагыман эле убактымдын көбүн алар менен өткөрчүмүн. Мага кимдер жагышы жөнүндө (ред. — сексуалдык ориентация) 17 жашымда гана ойлоно баштадым.

Досторум менен айлана-чөйрөмдөгүлөр жеке жашоосун талкуулай башташканда дайыма ойго батчу болдум. Анткени бир да кызга көңүлүм түшкөн жок. Эмне үчүн менде аларга сексуалдык жактан кызыгуу болгон эмес?

Бир нерсе туура эместей болуп атканын туя баштадым. Ал жөнүндөгү ойлорум, суроолорум жоопсуз калып жатты. Бирок канчалык көп ойлонгон сайын ошончолук мага балдар жагаарына ынана баштадым. Мага кандайдыр бир жамандыктын жышааны келип, менин эмнем башкача экенин түшүнбөй башым катты. Бирок мага кыздар жакпасын анык түшүндүм.

Каалоомду түшүнгөндөн кийин өзүмө ыңгайсыз болуп кетти. Мен өзүмдүн кызыгуума этият мамиле кыла баштадым. Анткени ал мен үчүн акылга сыйбаган өөн көрүнүш болчу.

Андан кийин катаал күндөр башталды. Көңүлүм эч нерсеге чаппай, эч ким менен сүйлөшкөн да жокмун. Эмне кылсам, ким менен талкууласам болот деп ойлондум. Өзүмө балдар жагаарын өзгөртө алам деген ойдо, бул сезимди жок кылууга аракет кылып жүрдүм.

Албетте, эч нерсе өзгөргөн жок. Өз жаныма кол салуу мен үчүн эң эле жеңил жол деп көп ойлондум.

Жада калса азыр да ЛГБТны кабыл алышпайт. Салыштырмалуу 2013-жылы абал мындан да оор болгон. Өзүмдү (ориентациямды) кабыл албаганым эң чоң көйгөй эле. Мен үчүн бул жерде орун жок экенин, ата-энем баш болуп эч ким кабыл албастыгын түшүнүп тургам.

Бир уюмда ыктыярчы болуп жүрүп, ал жакта психолог бар экенин угуп калдым. Ага барып, көйгөйүм менен бөлүшүүнү чечтим. Ал баардыгы жөнүндө айтсам боло турган биринчи киши болду. Мени кабатыр кылган нерсенин бар экенин, дайыма өз жанымды кыюу жөнүндө ойлор каптап тураарын айтып бердим.

Ошондо психолог мага төмөндөгүдөй кеңеш берди: бир нерсени өзгөртүү үчүн эле өлүп калуунун кажети жок. Мен жөн гана өзүм үчүн эмес, бардыгы үчүн өлүп, мурдагы жашоом менен кош айтышып, өлүк болуп көрдө жок, тирүү болуп элде жок жүрө берсем болот экен.

Ал менде бардыгы жакшы экенин көпкө түшүндүрдү. Бул мага абдан жардам берди.

Мен ага барганды токтотпой, убакыттын өтүшү менен өзүмдү кабыл алып, жашоомду өзгөртүүгө аракет жасап аттым.

Башка өлкөгө кетип калуу мүмкүнчүлүгүн издей баштадым. Ошондо бардыгы жеңилирээк болуп калат деп ойлогом. Эң башкысы — өзүмдөн качканды токтоттум. Менде бардыгы жакшы экенин жана сезимдеримде кылмыштуу эч нерсе жоктугун түшүндүм. Көчүп да кеткен жокмун. Азыр мурдагы эле жеримде жашап жүрөм.

Ата-энеме өзүмдүн сексуалдык багытым жөнүндө жакында эле айттым. Биздин үй-бүлө абдан консервативдүү жана динчил. Башында аларга айтпасам деле болот, керек болсо таптакыр баарлашпай койсом кутулам деп ойлоп жүргөм. Бирок, ансыз мен бактылуу боло албасымды ойлонуп, бардыгын айтууну чечтим.

Алар абдан жагымсыз жана терс реакция кылышат деп күткөм. Бирок алар тып-тынч эле кабыл алышты.

Көрсө, алар бул жөнүндө ойлонуп жүрүшкөн экен. Анткени мен аларга эч качан кыздар же жеке жашоом тууралуу айткан эмесмин. Азыр бардыгы жакшы. А бирок мунун артында алгачкы менин сынып калбайын деп, өзүм менен өзүм күрөшүп жүргөн далай күндөрүм турат.

«Мага кыздар жагышы мүмкүн эмес деп, өзүмдү ынандырып жүрдүм»

Аяна, 19 жаш

Иллюстративдик сүрөт: Jcomp/Freepik

Бала чагымдан эле мага жаккан кыздардан уялчумун. Ал мезгилде мен эч нерсени түшүнчү эмесмин.

Чоңойгон сайын оор боло баштады. Мен кыздардын көпчүлүгү балдар менен жолугушканын көрсөм да, айымдардын кыздар менен жолугушканын бир да жерден көргөн эмесмин. Кыздарга назик сезимдерди туям. Бирок мен өзүм бул нерсени түшүндүрө албадым. Ал эле эмес бул тууралуу эч ким менен сүйлөшө алган жокмун.

Күндөрдүн биринде мага жаккан эң жакын курбуман «эгер мен сага сексуалдык багытым башкача экенин айтсам эмне кылмаксың» деп сурадым. Ал «Фу, анда мен сени менен сүйлөшпөй коймокмун» деп жооп кайтарды.

Досторум мага түгөй таап берүүгө аракет кылышып, сен балдарга жагасың деп айтып жүрүштү. А мен болсо аларга, балдар деген балдар да — менин аларга сезимдерим жок деп ойлодум. Буга карабастан, мен алар менен жолугушууга аракет жасадым. Анткени айланада бардыгы эле ошентишет да.

Мамиле өбүшүү же кучакташууга келгенде мен абдан кыйналчумун. Анткени өзүмдү кыйнап эле бир нерсе сезүүгө аракеттенчүмүн. Бул абдан жийиркеничтүү эле.

Менде «Бардык адамдар ушундай эле болсо керек. Мен бир нерсе сезишим керек да» деген ойлор жаралчу. Мени кимдир бирөө кармалап же өөп жатса өзүмдү чыдоого мажбурлап, ичимден өзүмдү жеңүүгө аракет жасачумун. Мага кыздар жагышы мүмкүн эмес деп ынандырчумун.

Менде ички гомофобия башталып, өзүмдү-өзүм кабыл албай жаттым. Бул баарынан да оор.

Апамдын мени менен турмушка чыгуу жөнүндө курган маеги өтө эле жагымсыз болчу. Ал бул темада сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Жада калса алдын ала качан турмушка чыгып, канча жашымда төрөй турганымды мерчемдеп койгон. Бул дайыма эле болуп тургандыктан, мен ага көнүп деле калгам.

Ал эле эмес, окуумду бүтүрүп Кыргызстандан кетип калам деп ойлончу элем. Анткени бул жерде өзүмдү абдан эле жалгыз сезчүмүн.

Бул гетеросексуал (ред. — башка жыныстын өкүлдөрүнө багытталган туруктуу, эмоционалдык, сексуалдык жана романтикалык сезимдери бар, өзүн гетеросексуал катары эсептеген аял же эркек) адамдын ЛГБТ гана жашаган өлкөдө жүргөнүндөй эле сезилчү. Албетте, сен өзүңдү абдан бактысыз жана жалгыз сезесиң.

Мен сексуалдыкка жана багытка байланыштуунун бардыгын изилдеп чыктым. Бул жакшы эле көрүнүш экенин түшүндүм. Бирок бул өзүмдү толугу менен кабыл алып, эркин сезгенге жардам бербеди. Бул мени түйшөлтүп, апам үчүн кантип камиң аутка барып атканымды аягы жок элестеттирди.

Кээде чогуу тамактанып отурсак да бул жөнүндө ойлонуп, апам болсо иштерим кандай экенин сурачу. Мен көз жашымды төгүп, ажаатканага кетип калып, андан соң кайтып келип күлө баштачумун. Апам менде бардыгы жайындабы деп сурачу. А мен болсо, анын көзүн да карай албай калчумун.

Андан соң ал, турмушка чыгуу жөнүндө кебин баштачу. А мен болсо, мындай сөздөрдү жек көрө баштагам. «Үй-бүлө» деген бир эле сөздөн өзүмдү начар сезе баштачумун. А балким жөн гана мыкты кызды жолуктуруп, бактылуу болгум келеттир? Мен бул жөнүндө оюна да келбеген апам менен кантип бөлүшөөрүмдү билбейт элем.

Мен бул тууралуу сөздү бир нече жылга жылдырып коюуну чечтим. Окуумду бүтүп, чет жакка кеткенден кийин жана мага олуттуураак мамиле жасай башташкан соң сүйлөшөм деп ойлочумун. Бирок мен муну ичиме ката албай калгам. Анткени бардыгы үчүн бул кандайдыр бир жийиркеничтүү нерсе эле. Ал эми апам болсо, кабатыр кылган нерсенин бардыгы жөнүндө айтып бергиң келген эң жакын адам.

Бул тууралуу ага айтып берейин деп эки жумадай даярдандым — бул убакыт ичи мен уктай албай же тамактана албай кыйналып жүрдүм.

Күндөрдүн биринде сейилдеп жүрүп ага дем алууну сунуштадым. Отурдук, а менин болсо демим буулуп, оозума талкан салып алгандай болдум. Бир да сөз чыгара албай койдум. Бүткүл аалам ичиме тыгылып калгандай болуп, үшкүрсөм бардыгы жарылып кетчүдөй болду.

Ыйлап жибердим. Апам кучактап, сурады: «Кызым эмнени айткың келип жатат? Сен зыяндуу бир нерсе кабыл алып жатасыңбы?» Мен өзүмдү ого бетер жаман сезип, «Апа, менин сексуалдык багытым башкача» деп айтып жибердим.

Биз үндөбөй отуруп калдык да, апам башка тарапты карай баштады. Мен ага бардыгын айта баштап, токтоно да албай калдым. Апам мени дагы бир жолу кучактап, кайра коё берди да, бир аз ары жылып «кеттик үйгө» деди.

Азыр апам экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Оңой баарлашабыз. Бирок бул теманы ошондон кийин козгогон жокпуз.

«Мендей адам бул дүйнөдө жашабашы керек деп ойлогом»

Калыс, 29 жаш

Иллюстративдик сүрөт: Jcomp/Freepik

Мен лесбиян аял болчумун. Бирок кийин трансгендердик эркек болуп калдым.

Алты жашымда эжем өзүнүн курбулары менен тааныштырганы эсимде. Ал сиңдиси экенимди айтып, менин аял кездеги атымды атады. А мен болсо аларга мен эркекмин жана атым Саша деп айткам.

Чет өлкөдө окуп жүргөн кезде (бул Европада эмес, башка жер) биринчи жолу эмнени кааларымды жана ким экендигим жөнүндө ойлондум. Кыргызстанда менин көптөгөн башка адамдардыкындай эле динчил мусулман үй-бүлөм бар. Бала кезден эле мага университетке тапшырып, билим алып, турмушка чыгып, үй-бүлө күтүшүм керектигин айтышкан. Ошондо мен так ушундай жол менен гана жашоом бактылуу болооруна ишенчүмүн.

Бирок акырындап менин кызыкчылыгым, ойлорум башкача экенин туя баштадым.

Патриархалдык жактан өтө эле басынып калгандыгымдан, жада калса өз ойлорумду угууга акым жок эле.

Мен коомдогу, калыптанган ою бар адамдардай болчумун. Анткени биздин ойлор — бул айланада көрүп жаткан нерселерибиздин сөлөкөтү да. Мен, өзүмө окшогондор Кудайга ишенүүгө татыксыздар деп ойлочумун. Мен өзүмдү-өзүм кабыл алганыма карабастан өзүм жөнүндө да ошентип ойлодум.

ЛГБТ эмес адамдар бир эле тарапты көрүшөт. Алар кандайдыр бир калыптанып калган ойго таянып, мендейлерди жемелей алышат. Адамдарды жеңил эле таарынтышат, ал эле эмес зомбулук да кыла алышат. Бизди өлтүрүп, өрттөп салыш керек дешет.

Адамдар мага окшогондорго кандай мамиле кылышаарын билип туруп, ошол эле нерсени айтчумун жана менде өзүмө карата жек көрүү пайда болгон. Мен өзүмдү ынандырууга аракет жасагам. Бирок мага окшогон адам бул дүйнөдө жашабашы керек деп ойлочумун.

Мен өзүмдү эки-үч жылдай кабыл ала албай жүрдүм. Мен трансгендерлерди карап күлүп жүрдүм. Тамашалап, шылдыңдап, алар ыксыз кийинишет деп айтчу элем. Мен муну билбестиктен жасачумун.

Бирок алар кандай гана көйгөйлөр менен жашап жүрүшкөнүн билген соң, мен үчүн «трансгендер» деген сөз жөн гана кеп эмес, анын артында адамдар турган сөз болуп калды.

Кийинчерээк, мен эмнени каалап жүргөнүмдү ойлоно баштадым. Мисалы, бала чакта адамдын жаны башка кишиге айланганын чагылдыруучу тасмаларды көрүп алып, дайыма эркектин денесине өтүп кетүүнү каалачумун. Ал эми төшүм өсө баштаганда, аны жулуп ыргыткым келип, анын менде болбосун тилейт элем.

Ошентип бир жыл өттү. Жан дүйнөм абдан эле басынып калган. Мен алдымда турган, басып өтүшүм керек чакырыктардын бардыгы тууралуу ойлондум. Анын баарына күчүм жетээр-жетпеси жөнүндө ой жүгүрттүм.

Мынтип ойлонуп жүрүп арадан дагы бир жыл өтүп кетиптир. Ошентип биротоло жынысымды алмаштыруучу операция жасатууну чечтим. Бирок, кашайып, сарык оорусуна чалдыгып, ооруканага жатууга туура келди. Ошондо бул тууралуу апама айтып берүүнү чечтим. Апам мени аяйт деп ойлогом.

Апам бир жолу мени көргөнү келгенде ага жынысымды алмаштыргым келип атканын айттым. Эсимде, апам «ал жөнүндө угузба» деп айткан.

Ошондо мен, апама бул тууралуу күнүгө угузуп турууну чечтим. Бул теманы калтырбайын деп көбүрөөк сүйлөшүүнү кааладым. Андан кийин кайрадан сүйлөштүк. Анда мен чечимимди өзгөртпөсүмдү айттым. Бирок апам мени баары бир колдободу. Ошентип кайра-кайра кулак кагыш кыла бердим.

Сакайып ооруканадан чыктым. Апама чалып, сүйлөшкөн кызым кошо келээрин айтканым эсимде. Ал сен жоругуңду кайра баштадыңбы деп жооп кайтарды. Ошондо биз катуу урушуп кеттик.

Ал муну кабыл ала албасын айтты. Ошондо мен апаман мени менен байланышта каалар-каалабасын сурасам жооп бербей койду. Эки жолу сурадым, ал болсо телефонду коюп койду. Ошентип апам мени менен сүйлөшкүсү келбейт го деп ойлоп калдым.

Телефон аркылуу сүйлөшүүгө карабастан үйгө барып, буюм-тайымдар менен азык түлүк калтырып кеттим. Апам мени кепке тарткысы келип чай сунуштады. Бирок мен укмаксанга салып кетип калдым.

Бир нече убакыт өткөн соң апам кайра чалды. Телефон артынан «Өзүңө кандай ат койгуң келип атат?» деп сурады.

Ошондо мен ортобузда байланыш бар экенин түшүндүм. Арадан убакыт өтүп, апам эл аралык камиң аут күнүнө арналган иш-чарага келип катышты. Ал бул жөнүндө жашырбай ачык айткан транс эркектин биринчи апасы болду.

Андан ага башка транс адамдар ата-энелери менен сүйлөшүп берүүсүн суранып кайрыла башташты. Апам аларга маалымат берип, телефон чалып, жазыша баштады. Азыр ал активист, мен үчүн фейсбукта комментарийлерде уруша алат. Биз абдан бири-бирибизге жакын болуп алдык. Ал мен эмне кылып жүргөнүмдү, менин көйгөйлөрүмдү жакшы билет. Ал эле эмес мен кайгырсам, ал да кошо кайгырат.