Мамлекеттик сатып алуу — бул ээлеген кызматың аркылуу пайда көрүүнүн, уурдоонун эң жөнөкөй жана оңой ыкмасы экенин билчү белеңиз? Демек, эң кеңири тараган ыкма дагы. Мамлекеттик акчаны баарынан да тендерлер аркылуу сугунуп алуу оңоюраак.

Андай тендерлердин болжолдуу схемасы төмөнкүдөй: жеңүүчү боло турган жеткирүүчү алдын ала тандалат да, ал эми башка катышуучулардан көбүнесе формалдык, ар кандай себептер менен баш тартылат. Ага документтердеги маанилүү деле эмес кемчиликтер, талаптагы параметрлерге тып-тырмактай дал келбестиктер жана башкалар жетиштүү — ошондо утулдум деп эсептей берсеңиз болот. Албетте, «жеңүүчү» бул тендерди утуп алыш үчүн адилетсиз аткаминерге төлөп берет. Бирок триумфатордун продукциясы сапаты жагынан утулуп калган башка оюнчулардын товарларына салыштырмалуу өтө эле төмөн болушу мүмкүн.

Аткаминерге иштин сапаты маанилүү эмес. Анткени кийин дагы бир жолу сугунуп алууга боло турган жаңы бюджеттик каражат бөлүнөт.

Ошондуктан келишимдин аткарылышын камсыздоого караганда уурдоо пайдалуу жана оңой.

Иш жүзүндө келишимдер кээде таптакыр аткарылбайт. Тагыраагы формалдык түрдө, кагазда гана аткарылат, ошол эле учурда келишим боюнча каражаттар уюм менен кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Күйүүчү жана майлоочу майлардан, жол оңдоо иштеринен, мектеп, шаардык чарбалар үчүн жабдууларды жана техникаларды жеткирүүдөн, медицина каражаттарынан жана башкалардан күн сайын уурдашат.

Кеп мамлекеттик акчанын бир эле таза эмес жол менен сарпталып жатканында гана эмес. Бардыгы андан да жаман!

Мисалы, жол оңдоодон каражат уурдоо сапатсыз оңдоого жана автооунаалардын бузулушуна, ал түгүл кырсыктарга алып келет. Андан тышкары, бул жолду кайрадан оңдоо муктаждыгын жаратып, жаңыдан акча уурдоого мүмкүнчүлүк жаратат.

Мектептерге азык-түлүктөрдү жеткирүүдөн уурдоо — бул балдардын сапатсыз тамактанышы жана ушундан улам чыккан оорулар.

Эмне кылса болот? Келишимдердин аткарылышын мониторинг кылуу боюнча эч кандай мамлекеттик система жок. Ошондуктан муну өзүбүз, кандай өлкөдө жашап жатканына кайдыгер эмес жөнөкөй жана жоопкерчиликтүү жарандар, кылышыбыз керек.

Муну кантип ишке ашырса болот? Бизге тренингге келсеңиз сиз атайын платформаны колдонгонду үйрөнөсүз. Анын жардамы менен жарыяланган келишимдин аткарылышын көзөмөлдөсө болот.

Мисалы, сиздин айылда көпүрө курулуп атабы же жокпу, мектеп үчүн китептер сатылып алынганын же алынбаганын, же үйүңүздүн алдындагы жол оңдолуп-ондолбогонуна көз сала аласыз.

Эң эле чектен чыккан учурлар боюнча толук кандуу журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлөт. Андан сырткары, платформанын эң эле жигердүү колдонуучуларына биздин Бишкектеги кеңсебизден 4 айлык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү берилет.

Кимдер катыша алат?

Ар бир каалоочу. Өзгөчө алыскы аймактардагы катышуучулардын Бишкеке келип кеткен жол киреси жана тренинг учурунда жатаканасы төлөнүп берилет.

Качан: 19-30-ноябрь, башталышы саат 10:00

Кай жерде: «Клооптун» кеңсесинде, дареги Бишкек шаары Горький көчөсү 48/1 (Ориентир — «Марко Поло» дүкөнү).

Тренингге катышуу үчүн төмөндөгү форманы 16-ноябрга чейин толтуруп жөнөтүңүз.

Онлайн билдирмени кыргыз тилинде толтурсаңыз да болот. Тренинг өзү орус тилинде өткөрүлөт жана керектүү учурларда кыргызчага да которулуп турат.