Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Орусиядан Кыргызстанга колу кишенделип жеткирилди. Бир күн мурда саясатчыга Кыргызстанда издөө жарыяланып, ал эми сот аны кармап, УКМКнын тергөө изоляторуна камоо боюнча сырттан өкүм чыгарган.

Илмиянов УКМКнын тергөө изоляторунда 28-ноябрга чейин болот. Атайын кызмат Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү эмне себептен кармалганын маалымдай элек, бирок ЖМК кылмыш иши аты аталбаган бизнесменден 150 миң доллар пара алууга байланыштуу деп эсептейт.

«24.kg» басылмасы өз маалымат булагына таянып, Икрамжан Илмиянов Казаньда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) адистери тарабынан кармалып, Москва аркылуу Кыргызстанга этапташтырылганын жазууда.Саясатчы Кыргызстандан июнь айында эле чыгып кетип, ал эми июлда Көк-Бөрү федерациясынын жетекчилик кызматынан баш тартканы белгилүү.

Лидери Алмазбек Атамбаев эсептелген КСДПдан анын үзөңгүлөшүнүн кармалышын «шоу», ал эми тергөөнү «саясий мүнөздүү» деп аташты.

«Анын шоу менен кармалганы түшүнүксүз болуп жатат. Анын Казаньда жүргөндүгүн пресса мурда эле жазып жүргөн. Тергөө саясий мүнөздүү эмес, калыс жана адилеттүү болушу керек» — деди партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Соңку алты ай ичинде өкмөттөн Атамбаевдин дээрлик бардык үзөңгүлөштөрү кызматтарынан алынып, айрымдарына карата кылмыш иштери козголгон.

Кылмыш иштери мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго, бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге козголгон.