Баткен: «Шамбесай» алтын кенинин зыяндуулугун текшерүүгө тургундар каршы

Нааразычылык акциясына чыккандар. Жергиликтүү тургун жиберген сүрөт

Кадамжай районундагы Майдан айылынын 100дөй тургуну Шамбесай кенинин экологияга тийгизген таасирин аныктоо үчүн түзүлгөн комиссиянын иш-аракеттерине каршылык көрсөттү.

Шамбесай алтын кени Майдан айылынын ичинде жайгашкан. Тургундардын айтымында, кен айрымдардын үйүнөн 25 метр, кээ бирлеринин турагынан 800 метр алыстыкта жайгашкан.

Айыл тургуну Жанбото Отонбаев «Клоопко» маалымдагандай, жергиликтүү калк бийликке ишенбөөчүлүк көрсөтүп, нааразычылык акциясына чыгышкан.

«Биздин талабыбыз алтын кени элдин макулдугу менен ачылсын. Болбосо Кытай бекер эле чукуп кетип жатат. Бүгүн милиция топтолгондордун колдорун кайрышты. Бирок эч кимибизди камаган жок, эртеңден тергөөгө чакырса керек деп кооптонуп турабыз», — деди Отонбаев.

Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова Майдан айылындагы нааразычылык акциясы учурунда тартип бузуу фактысы катталбаганын «Клоопко» кабарлады.

«Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барып, коопсуздукту көзөмөлдөштү. Жеринде эч кандай мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок», — деди басма сөз катчы.

Шамбесай кенин текшерүүгө нааразылар. Жергиликтүү тургун жиберген сүрөт

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги 2018-жылдын 18-октябрында Шамбесай кени жайгашкан жердеги топурак жана суунун радиациясын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзгөн. Кадамжай районунун акиминин орун басары Абдыманап Жапаров «Клоопко» билдиргендей, комиссиянын курамында экотехинспекция, экологияны коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү бар.

«23-октябрда толук болбосо да анализдер алынды. Он күндүн ичинде жыйынтык чыккан соң кендин зыяны бар же жоктугу тууралуу маалымат берилет», — деди Жапаров.

Шамбесайдагы алтындын кору 7,8 тоннаны түзөөрү айтылат. Кенди изилдөө иштери 2007-жылы башталып, казуу иштерине 2012-жылы Зет-Эксплорер (Z-Explorer ЖАК) компаниясы уруксат алган. «Зет-Эксплорердин» инвестору кытайлык «Тианди» (Tiandi International Mining Co. Limited) компаниясы болуп эсептелет.

Редактору: Гүлжан Эшбаева