Азамат Жаманкулов. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Азамат Жаманкуловду Маданият, маалымат жана туризм министри кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Буга чейин парламент анын талапкерлигин жактырган. Маданият министрлигинин жетекчилик орду мекеменин мурдагы башчысы Султан Жумагулов дүйнө салгандан бери бош турган.

Депутаттар Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин бир добуштан колдоп, ал үчүн 105 эл өкүлү добуш берди.

Маданият министрлигинин жетекчилик орду, ведомствонун мурдагы башчысы Султан Жумагулов онкологиялык илдеттен улам кайтыш болгон күндөн тарта, тагыраагы 8-октябрдан бери бош турган. Эми министрликти Азамат Жаманкулов жетектейт. 32 жаштагы аткаминер 2015-жылдан тарта министрдин орун басарлык кызматын ээлеп, туризм департаментин башкарган.

«Бул министрликте акыркы үч жылдан бери иштеп жаткандыктан көйгөйлөрүн, мүмкүнчүлүгүн билебиз», — деп билдирген Жаманкулов. Анын талапкерлигин министрлик кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Жаманкулов соңку эки жылда Маданият министрлигинин башчылыгына дайындалган жетекчилердин үчүнчүсү. Ага чейинки министр Султан Жумагулов ведомствону дээрлик бир жыл жетектеген. Ал министрлик кызматка 2017-жылдын 1-ноябрында дайындалып, 2018-жылдын 8-октябрында кайтыш болуп калган.

Маркум Жумагуловго чейин Түгөлбай Казаков министр болгон. Ал тарых музейиндеги экспонаттардын жоголушуна жана тарыхчылар үчүн баалуу мумиянын жерге берилишине байланыштуу чуудан кийин 2017-жылы 28-октябрда отставкага кеткен. Казаков мумиянын жерге берилишин демилгелегендердин бири болгон.

Завод жана Көчмөндөр оюндары

Жаманкулов КЭУ менен «Манас» университетинин «каржы» жана «менежмент» адистиги боюнча бүтүрүүчүсү, Адамдык Өнүгүү боюнча Жапон борборунда ишкерликти окуган. 2011-2013-жылдары «Риэлт Партнёр» компаниясында аткаруучу директор жана Таш-Көмүрдө кремний казган «Кристалл» заводунда бир жыл инвестиция тартуу боюнча адис болуп иштеген.

Жаманкулов 2014-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчилик кызматын аркалап, оюндардан кийин жаш аткаминер Кыргызстандын Курорттор ассоциациясынын аткаруучу директорлугуна дайындалган.

Ал эми 2015-жылы ал маданият министринин орун басарлыгына дайындалып, министрликтин алдындагы Туризм департаментин жетектеп турган. Жаманкулов азыркыга чейин «Дүйнөлүк Этно Оюндар» коомдук фондунун вице-президенттик жана ДКОнун катчылыгынын жетекчилик кызматын ээлейт.